АБДЫКАЛЫКОВА ГҮЛБАРА КАДЫРБЕКОВНА

Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна

Туулган датасы: 20.10.1981


Иштеген жери жана ээлеген кызматы:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин экс-орун басары

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):
Туулган жери: Чырпыкты айылы, Ысык-Көл району
Билими: Жогорку (И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Түркия жана Орто Чыгыш Мамлекеттик башкаруу институту)
Эмгек жолу: 2024-2025 (сентябрь) – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, 2023-2024 – “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору, 2020-2022 – Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, 2015-2018 – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде башкы адис, 2009-2015 – Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде бөлүм башчы, 2007-2008 – эл аралык уюмда консультант-котормочу, 2003-2007 – англис тили мугалими. Маданияттын отличниги.

Лозунг: Мамлекет эл үчүн: мамлекеттин бакубаттуулугу ар бир жаранга болгон камкордуктан башталат.