ДЖАИЛОВ ТААЛАЙБЕК КАРЫПОВИЧ
Мен, Жайылов Таалайбек Карыпoвич 1980-жылы 26-майда Ысык-Көл облусунун Рыбачье шаарында төрөлгөм. Орто мектепти аяктагандан кийин, 2000-жылы КМЮАга жогорку окууга тапшырдым, ал эми 2016-жылы Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында магистрдик даражага ээ болдум. 2019-жылы ушул эле университеттин экономика факультетинде билим алдым. 2010-жылдын апрелинен 2020-жылга чейин КР УКМКнын 9-Башкы башкармалыгында жана ИИМ органдарында кызмат өтөдүм. 2023-жылдын ноябрынан 2025-жылдын сентябрына чейин Мамлекеттик бажы кызматында аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектендим.
Лозунг: Ысык-Көл – менин жүрөгүм, демим жана күчүм!