ДЕРКИМБАЕВА АСЕЛЬ УРУСОВНА
1974-жылы 10-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл аймагында туулгам.
Эмгек жолумду 1995-жылдын кийин Ысык-Көл облустук жер башкармалыгында адис, Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканада экономист болуп иштегем. 2014-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп, 2023-жылдан баштап КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын административдик-чарбалык иштер боюнча проректору кызмат ордун айкалыштырып иштеп келем. Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин "Финансы-экономикалык кызматтын отличниги" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төш белгиси жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйлангам. Үй-бүлөлүүмүн, үч балам бар.
Лозунг: «Келечек бугун башталат!»