- Ыссык-Көлдү сактап калуу программаларын ишке ашыруу, көлдүн биосфералык корук зонасында курулуш жүргүзүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Экологияны сактап калуу, ар айылдарда, токойлордо бак дарак себүү программаларды ишке ашыруу, жердин нымдашып туруусун камсыз кылуу жаатында, экология, суу, токой мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Аялдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо жаатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле аялдарга жана жаш балдарга карата кылынган кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин кароо;
- Тамак аш коопсуздугун сактоочу программаларды ишке ашыруу, нормативдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жерлерди суу менен камсыз кылуу жана кайрак жерлерге суу чыгаруу,, айыл-чарба өндүрүшүк ишканаларды ачууга көмөк көрсөтүү (архитектуралык. Салык мыйзамдарына жеңилдетүү киргизүү зарыл), мамлекеттин байлыгы болгон жаш күчтөрдү, жаштарды айыл жеринде иш менен камсыз кылуу.
- Айылдын жашоочулары жакынкы жылдары,аары бал чака кармагандарга чет мамлекетке чыгаруу боюнча мыйзамды кайра иштеп чыгуу, расмий документтерди ( Сертификат) берүүдө женилдетүү маселелерин жүзөгө ашырууга толук аракетимди жумшайм.
- Жаштарды мамлекеттик турак жай менен камсыз кылуу, менин үйүм программасынын негизинде женилдетилген пайыздагы бөлүп төлөө боюнча Ысыкөл областынын райондук борборлорунда ишке ашырууга мамлекеттик органдар менен иш алып барам;
- Дыйкандардын картошкасын сактоочу атайын жай керек; жер-төлөдө сактоо стандартка жооп бербейт , акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө чоң өзгөрүүлөр болууда, адам заты таза тамак ашка көңүл бурууда химиялык затарды колдонуудан баш тартып жатышат ,биздин картошка таза суу менен сугарылып таза экендигинде шек жок, ошондуктан аталган маселе боюнча толук кандуу аракеттеримди жасайм жана айыл чарба жаатындагы, архитектуралык мыйзамдарга өзүмдүн өзгөртүүлөрүмдү сунуш кылам.
- Ички туризди өнүктүрүүгө көңүл буруу керек, мамлекет тараптан колдоо керек мен ушул аталган маселелерди көтөрүп чыгып мамлекеттик органдар менен иш алып барам жана туризм багытындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарымды берем.
- Балык чарбасын, асыл тукум койлор, топоз багууну өздөштүрүү керек, себеби мүмкүнчүлүк чоң айыл жергесинде. Элди кошумча жумуш орундары менен камсыз кылуу керек жана мамлекетке салык кирешелер. Бул багытта тиешелүү актыларга өзгөртүү киргизүү сунуштарымды берем.
- Суу чыгаруу зарыл иштердин бири. Ичкенге суусу жок айылдарга суу киргизүү маселерди мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып барам.