СУЛТАНОВ КАНЫБЕК СУЛТАНОВИЧ
Султанов Каныбек Султанович 1992-жылдын 24-мартында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман (мурунку Октябрь) айылында төрөлгөн.
1999–2010-жылдары Маман айылындагы Ж. Ашубаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебин аяктаган.
2010–2015-жылдары Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу» факультетинде билим алган.
2022-жылдан бери Каракол шаарындагы «Сары Жаз Минерал Майнинг Компани» ЖЧКсында менеджер болуп иштеп келет.
Султанов К. С. Ак-Суу районунун жана Маман айылынын жаштар кеңешинин төрагасы болуп эсептелет.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.