- Менин максатым элге чынчылдык жана кесипкөйлүк менен кызмат кылуу.
Мамлекеттик жана парламенттик ишмердигимдеги көп жылдык тажрыйбамды колдонуп,
Кыргызстандын өнүгүүсүнө, адилеттүүлүккө жана элдин жашоосун жакшыртууга салым кошуу. Бүгүн Кыргызстан жаңылануу жана туруктуу өнүгүү жолунда. Ошондуктан өлкөнүн мыйзамдуулуктарын бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө, социалдык колдоону күчөтүүгө жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган мамлекеттик курсун колдойм. Билим берүү, медицина, маданият жана аймактарды өнүктүрүү мамлекеттин туруктуу келечегинин негизи деп эсептейм.
- Негизги багыттар
- Социалдык саясат жана элди колдоо
-Пенсия жана жөлөкпулдарды жогорулатуу.
-Мугалимдерге, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге жакшы шарт түзүү.
-«Жеткиликтүү медицина» программасын ишке ашыруу.
- Билим берүү жана кадр даярдоо
-Техникалык жана IT жаатында заманбап программаларды өнүктүрүү.
- Маалыматтык технологиялар жана инженер багытында кадр даярдоого программа.
-Мугалимдерге турак жай жана социалдык колдоо берүү.
- Маданият жана руханий баалуулуктар
-Элдик маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү.
-Жаштарды мекенчилдикке жана руханий тарбияга үндөө.
- Миграция жана эмгек
-Мигранттардын укуктарын коргоо жана кайтып келгендерге жумуш орун түзүү.
-Үй-бүлөлөрдү билим берүү жана социалдык программалар аркылуу колдоо.
- Аял жана үй-бүлө
-Аялдардын саясаттагы жана экономикадагы ордун бекемдөө.
-Балдардын жана энелердин укуктарын мыйзам менен коргоо.
-Аялдардын ишкердигин колдогон мамлекеттик программаларды ишке ашыруу.
- Мамлекеттик башкаруу жана ачыктык
-Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу.
-Бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу.
III. Жыйынтык
Кыргызстанга элге жакын, жоопкерчиликтүү жана адилеттүү эл өкүлдөрү керек. Менин максатым эл үчүн иштеп, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана мамлекеттин өнүгүү курсуна колдоо көрсөтүү.