ЖУНУШАЛИЕВА МЭЭРИМ КУБАНЫЧБЕКОВНА
Жунушалиева Мээрим Кубанычбековна 1978-жылы 16-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында туулган. Улуту - кыргыз. Мээрим Кубанычбековна жогорку билимди экономикалык багытта кызыл диплом менен аяктаган. Ошондой эле орус филологиясы багытында экинчи жогорку билимге ээ болгон. Президенттин алдындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясында мамлекеттик башкаруу багытында атайын билим алган.
Эмгек жолу 1999-жылы туулган айылындагы мектепте мугалим болуудан башталып, 2013-жылы директордун орун басары кызматына өткөн. 2022-жылы мектеп директору кызматына келген. 2019-жылы "Элге билим берүүнүн отличниги" наамы ыйгарылган.
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты .
Үй -бүлөлүү,беш баланын энеси.
Лозунг: Билим - нур.Эмгек - күч. Биримдикте бийик уч.