МАЛИЕВ АРСЛАНБЕК КАСЫМАКУНОВИЧ
Фамилиясы: Малиев
Аты: Арсланбек
Атасынын аты: Касымакунович
Туулган датасы: 8-октябрь 1957 ж.
Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты
Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):
Мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Репрессия жана сүргүн сыяктуу оор сыноолордон өткөн ата-энеси өмүрүн мектепке жана коомдук ишмердүүлүккө арнашкан. 1974-жылы Жалал-Абаддагы №5 орто мектепти аяктап, 1979-жылы Харьков азык-түлүк академиясын артыкчылык менен бүтүргөн. Инженер-технолог болуп иштеп, кийин Киевде аспирантурада окуп, диссертация коргоп, экономикалык илимдердин кандидаты наамын алган.
1980-жылдардын башынан тартып соода-тамактануу жана тышкы экономика тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган: «Нарын» комплексин, «Кыргызвнешторг» фирмасын, Фрунзе тамактануу бирикмесин, республикалык «Кыргызсаякат» бирикмесин жетектеген.
1995, 2000 жана 2005-жылдары бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп үч жолу шайланган. Бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары болуп иштеп, бийик тоолуу жана алыскы аймактар боюнча комиссияны жетектеген.
Лозунг: Убадаларымды – аткардым. Алдыда - жаңы максаттар