БЕЛЕКОВ АДИЛЕТ ЧОЛПОНБЕКОВИЧ
Мен, Белеков Адилет Чолпонбекович 1991-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында тѳрѳлгѳм. 2007-жылы Бишкек шаарындагы Асанаалы Толубаев атындагы № 49 орто мектепти аяктагам. 2011-жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктап, «Экономика жана бухгалтердик» адистигин алгам. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясын аяктап, «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистигин алып чыккам.
Эмгек жолумду 2015-жылы соода-сатык менен алектенип, ишкерлик кылуудан баштагам. 2016-жылдын 2021-жылга чейин «Ада Кенч Строй» ЖЧКсында директорлук кызматын аркаладым. 2021-жылдан 2023-жылга чейин Кочкор районуна караштуу Кум-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп эмгектендим. Мамлекеттик бийлик тарабынан ѳткѳрүлгѳн административдик-аймактык реформанын алкагында айыл ѳкмѳттѳр бириктирилгендигине байланыштуу айыл ѳкмѳт башчы кызматын тапшырып бергем. 2023-жылдан бери дыйканчылык менен алектенем, учурда «Белек Арго» дыйкан чарбасы жана «Башат Агро Групп» дыйкан чарбасынын жетекчисимин.
3 бир туугандын кичүүсү. Саясий партияда мүчѳ болгон эмесмин.