ТАШТАНБЕКОВА МАДИНА ТАШТАНБЕКОВНА
Мен, Таштанбекова Мадина Таштанбековна, 2000-жылдын 30-ноябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында кызматкерлердин көп балалуу үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
Атам Аскарбек уулу Таштанбек — ички иштер органдарынын пенсионери.
Апам Рысмендиева Майрамкул Рыспековна — финансы тармагында аудитор.
Билими: Жогорку
2007-жылдан 2016-жылга чейин Балыкчы шаарындагы Л. Н. Толстой
атындагы №1 мектеп-гимназияда окуп, аны артыкчылык күбөлүк менен
аяктагам. 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кыргыз-кытай факультетине тапшырып, аны 2023-жылы бүтүргөм. «Котормо жана котормо таануу» адистиги боюнча котормочу квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолу:
Эмгек жолумду «Maple Leaf GC» спорт гольф-клубунда менеджер
кызматынан баштап, андан соң Skin Clinic JC Group эл аралык
клиникасында котормочу болуп иштедим. 2022-жылдан 2025-жылга чейин Глобалдык ак илбирс жана анын экосистемаларын сактоо программасынын катчылыгында ассистент-котормочу кызматын ээлеп, анда биоартүрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоо боюнча эл аралык конференцияларга катышкам.Учурда социалдык өргүүдө болуп, экологиялык агартууну колдоого багытталган демилгелерди ишке ашыруудамын.
Кошумча маалыматтар:
Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйм.
Спортко, өзгөчө гольфко кызыгам, бул мага тартипти жана стратегиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам берет.
Үй-бүлөлүк абалы:
Үй бүлөөлүү, бир баланы тарбиялап келем.