ИБРАЕВ ТАЛАНТБЕК ЖЕКШЕНОВИЧ

Мен, Ибраев Талантбек Жекшен уулу 1978-жылдын 24-июлунда Нарын облусунун Нарын шаарында туулгам. Улутум — кыргыз.

Атам Ибраев Жекшен Ибраевич 1936-жылы туулган. Кесиби боюнча эт жана сүт азыктары боюнча инженер-технолог болуп, өмүр бою ушул тармакта эмгектенип, 1991-жылы көз жумган.

Апам Сарынжиева Татый 1936-жылы туулган, химия жана биология мугалими, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын орто мектептеринде иштеген, учурда пенсияда.

Ата-энем жети баланы тарбиялашкан, мен үй-бүлөдө эң кичүүсүмүн. Төрт агам, эки эжем бар.

Үй-бүлөлүк абалым: үйлөнгөм, беш баланын атасымын.

Жубайым Тыналиева Назгүл Наркуловна 1978-жылы туулган, жогорку билимдүү, учурда балдарга тарбия берүү менен алектенип, иштебейт.

1985-1995-жылдары Балыкчы шаарындагы Л.Н. Толстой атындагы №1 орто мектепте билим алдым.

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) тапшырып, 1999-жылы “Жол кыймылын уюштуруу инженери” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктадым.

2006-жылы Балыкчы социалдык-экономикалык институтун “Юриспруденция” (укук таануу) адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөм.

Эмгек жолумду 1999-жылы “Ак-Кула” ААКда контролёр-механик болуп баштагам.

2000-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөп баштадым. Кызмат өтөө жылдарында милициянын старшинасынан милициянын полковнигине чейин көтөрүлүп, ар кандай жооптуу кызматтарды аркаладым. 2023-жылдын август айында кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу пенсияга чыктым. Кызмат учурунда бир нече сыйлыктар менен сыйланып, анын ичинде эки жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыраазычылык каты, ошондой эле “Милициянын мыктысы” наамына ээ болгом.

2023-жылдын ноябрынан 2025-жылдын октябрына чейин коомдук бирикме “Жол коопсуздугу” уюмунда долбоорлордун координатору болуп иштедим.

Азыркы учурда Бишкек шаарында жашайм.