№29 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VIII чакырылышына талапкер Эсенканова Айзада  Сатарбековнанын шайлоо алдындагы программасы

Коомдун өнүгүүсүнө тиешелүү социалдык жана саясий багыттар

Мен, депутаттыкка талапкер катары, коомдун өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги социалдык жана саясий маселелерди чечүүгө аралашууну өзүмдүн башкы милдетим деп эсептейм. Өлкөнүн келечеги мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине, элдин үнүн угууга жана ар бир жаран үчүн адилеттүү шарт түзүүгө көз каранды.

Парламент элдин эркин чагылдырган, мыйзам аркылуу коомдун өнүгүүсүнө багыт берүүчү эң жогорку орган болуп саналат. Ошондуктан менин программадагы артыкчылыктуу багыттарым төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Социалдык адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүк: Жарандардын укуктарын жана ар-намысын мыйзам аркылуу коргоо, билим берүү жана саламаттык сактоо системасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.
  • Региондордун өнүгүүсүн мыйзамдык колдоо: Аймактардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү.
  • Жарандык коомду чыңдоо: Жарандардын демилгелерин мыйзамдык деңгээлде колдоо, коомдук кеңештердин жана бейөкмөт уюмдардын катышуусун кеңейтүү.
  • Ачык-айкын саясат жана жоопкер парламент: Эл алдында отчёт берүүчү, мыйзам чыгаруу процессин ачык жүргүзүүчү, коррупцияга каршы күрөшө турган парламенттик маданиятты өнүктүрүү.
  • Жаштар саясаты жана аялдардын ролу: Жаштардын демилгесин колдогон жана аялдардын коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусун камсыз кылган мыйзамдарды кабыл алуу.

Менин ишенимим — күчтүү парламент, адилеттүү мыйзамдар жана жарандардын ишенимине татыган бийлик гана мамлекетти өнүгүүгө жетелейт.

Менин максатым — элдин үнүн угуп, карапайым жарандардын кызыкчылыгын коргоо. Коомдо аялдардын ролу өсүп жаткан учурда, алардын укуктары жана коопсуздугу мамлекет тарабынан толук корголууга тийиш. Биз ар бир жарандын татыктуу жашоосуна шарт түзүшүбүз керек.

 

 

Кыргызстандын ар бир жараны өз өлкөсүндө коопсуз, эркин жана татыктуу жашоого тийиш. Мен аял катары, эне катары жана коомдук ишмер катары билем: өзгөрүүнүн башаты – жоопкерчиликтүү, боорукер,  билимдүү жана эн башкысы мыйзамды сыйлаган  инсан.

Мекенибиздин келечеги ар бирибиздин чечимибизге көз каранды!

Лозунг:
«Элдин үнү – аялдын күчү, аялдын күчү – адилет коомдун негизи!»

Урматым менен,
сиздердин  Эсенканова  Айзада