Мен, Бакасов Улан Болотбекович 1984–жылы 13-июльда Нарын облусунун Нарын шаарында туулгам.
2007-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инженердик факультетин бүтүргөм. Мындан тышкары 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктагам.
Алгачкы эмгек жолумду жеке ишкер катары 2004-жылы баштап 2021-жылга чейин аталган тармакта эмгектенип келгем.
2021-жылдан тартып Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты болуп шайлангам.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчиленген сааты менен сыйлангам.
2022-жылы “Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн” Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун медалы менен сыйлангам.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак Грамотасы менен сыйлангам.
Үйбүлөлүүмүн, 7-баланын атасымын.
Соттук жоопкерчилике тартылган эмесмин.