Ɵнүгүү программысынын Жети кадамы
Биринчи кадам. Тоолу аймакта жашаган калктын жашоо шарттарын чындоо
Экинчи кадам. Ата бабадан калган жаратылышты сактоо
Yчүнчү кадам. Туризм багытын өнүктүрүү
Төртүнчү кадам. Суу-өмүр булагы. Таза суу менен камсыздоо багыты
Бешинчи кадам. Ден-соолук багыты
Алтынчы кадам. Электроэнергия багыты
Жетинчи кадам. Аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону бекемдөө
Биринчи кадам. Тоолу аймакта жашаган калктын жашоо шарттарын чындоо.
Нарын жергеси бийик тоолуу аймак болгондуктан аймактардын бийик тоолу жерлерге каралган каефиценттерин кайрадан карап чыгуу. Кошуулучу жөлөк пулдардын процентин көтөрүү боюнча аткаруу бийлигине сунуштарды киргизүү.
Мигранттарды колдоо жана инвестицияларды өнүгүүгө: Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибизди кайрадан алып келүү үчүн, биз айыл аймактарда жаны жумуш ордуларын түзүүгө максат алабыз. Мындан тышкары мигранттарыбыздын мамлекетибизге ар кандай долбоорлорго болгон инвестицияларын колдойбуз.
Абдан маанилүү болгон жол маселелерин жогорку жака көтөрүп чыгуу.
Экинчи кадам. Ата бабадан калган жаратылышты сактоо.
Илгертен ата-бабадан калган Нарын жергесинин жаратылышы алыстан келген конокторубузду Ак мөнгүлүү аскалар, арчалуу бийик тоолор, дарыя жана кооз көлдөр менен кызыктырат. Мындан тышкары региондо сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар байкалат.
Кооз жаратылышыбызды сактап калып, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин биринчи максатыбыз болуп саналат.
Yчүнчү кадам. Туризм багытын өнүктүрүү.
Нарын жергесинсин жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар агын суулары ошондой эле Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыгы менен чет элдик туристтерди, инвесторлорду кызыктырып келет. Чет элдик туристтердин келип-кетүүсү жылдан-жылга мындан дагы көп болушу күтүлүүдү. Туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында, жергиликтүү бийлик менен байланышта өнүгүү программасын иштеп чыгуу.
Төртүнчү кадам. Суу-өмүр булагы. Таза суу менен камсыздоо багыты.
Таза суунун сапатын тынымсыз маниторинг кылуу боюнча иш алып баруу жана калкты таза суу менен камсыздоо көйгөй болуп калган учурларда ыкчам реакция кылууга механизм иштеп чыгуу.
Бешинчи кадам. Ден-соолук багыты.
Келечек жаштардын колунда. Жаштарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик менен байланышта спорт площадкаларын куруу сунушун Жогорку Кенеште көтөрүү.
Райондордо жүргүзүү иштери көрсөтүп жаткандай айыл аймактарда төрөт үйүн куруу маселесин иштеп чыгуу. Мындан тышкары региондогу ооруканалардын иштешин карап чыгуу.
Алтынчы кадам. Электроэнергия багыты.
Нарын жергеси уникалдуу дарыяларга бай болгонун колдонуп, кичи ГЭС куруу долбоорлорун колдоо. Кичи ГЭС куруу багытына инвестицияларды тартуу жолдорун иштеп чыгуу.
Биз айыл аймактарды туруктуу электр энергияся менен камсыз кылууну карап турабыз. Зарыл болгон учурларда электр энергия менен камсыздоо системаларын модернизациялоо иштерин жүргүзөбүз.
Жетинчи кадам. Аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону бекемдөө.
Биз аскер кызматкерлерин жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоону бекемдөө иштерин активдүү алып барабыз. Аскер кызматкерлеринин пенсияларынын өлчөмдөрүн көтөрүү жана аскер кызматкерлеринин жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн аскер ипотекасынын дооборун иштеп чыгуу.