- Кыргызстандын өнүгүүнүн этаптары
Программадын негизинде мындай негизги ойлор жатат:
- коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү алмашып турган тепкичтерден турат;
- өлкө бир гана борбор аркылуу эмес, элет аркылуу дагы чыӊалат;
- Кыргызстан учурда дүйнөлүк өндүрүш менен соодага аралашканга бел байлап турат;
- депутат өз округун мамбийликтин жогорку денгээли менен байланыштырып келет.
Кыргызстандын тарыхы бир нече мезгилдерди камтыйт.
Орус империясына кошулганга чейин кыргыз эли миӊдеген жылдар бою өзүнө мүнөздүү өзгөчө маданиятты, каада-салтты, дүйнөгө болгон көз карашты калптандырып келген. Алар бизди кайталангыз жүзүбүз азыркыга чейин бөлөк элдерден айырмалантып турган.
Советтер Союзунун курамына кирген учурубузда Кыргызстан заманбап технологияларды өздөштүрүп келген. Өлкөбүздө мыйзмдар, мамлекеттик башкаруу, инфраструктура, билим берүү, медицина шаарларды куруу, өнөр жай жана айыл чарба тармактары кескин өнүгүп жатты.
Союз тарап, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин элибиз заманбап дүйнөдө өз алдынчалыкка көнүп баштады. Башыбыздан кыйынчылыктарды кечирип, изденип отуруп жеке демилге көтөрүүнү, уюшуп иштөөнү, тиешелүү шарттарды түзүүнү, жашообузду мамлекетке гана табыштабай өз аракетибиз менен курууга үйрөндүк.
Тилекке каршы, бул мезгилдин кемчиликтери да болду. Көптөгөн тургундар аймактардан борборго көчүп, айрымдары убактылуу же биротоло чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Көзөмөлдүн жоктугунан коомубузда коррупция күчөп, жаратылыш ресурстарыбыз айрым чиновниктердин, олигархтардын жана чет элдиктердин байышы үчүн колдонулган. Мамлекеттин колдоосунан кур калган аймактарыбыздын экономикасы, жашоо шарттары абдан начарлап кеткен. Дал ушул мезгилде кээ бир коӊшу мамлекеттер өз экономикаларын активдүү өнүктүрүп, дүйнөлүк өндүрүшкө аралашып кетүүгө аракет кылышкан. Ал ми Кыргызстан ошол кездеги өкмөттөрдүн кайдыгерлигинен улам, көп жылдар бою жалаӊ гана Кытайда өндүрүлгөн товарларды реэкспорттоо менен гана чектетелип кала берди.
Учурда кырдаал өзгөрдү. 2021-жылдан бери жигердүү реформалардын аркасы менен Кыргызстанда экономиканын реалдуу сектору өнүгө баштады. Өлкөбүздө тиричилик техниканы, электрондук гаджеттерди, автоунааларды өндүрүү, инфраструктура жана турак жай куруу тездик менен өсүүдө. Мамлекеттик бюджет олуттуу түрдө көбөйүп, бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акылар жогорулап, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөдү.
Кийинки максатыбыз – аймактарды чыӊдоо. Кыргызстан бир шаардын өлкөсү болбошу керек. Элеттеги калкка татыктуу шарттарды түзүү зарыл. Ар бир облуста, Баткеде, Нарында же Таласта болобу, өндүрүштүк борборлорду ачышыбыз керек. Күчтүү кадрларды тартууга, инфраструктураны жакшыртууга жана жашоо деӊгээлибизди жогорулатууга тйишпиз.
- Элдин өкүлү болуу – элдин үнүн жеткизүү
Мен депутат катары эки жыл иштедим. Башынан баштап министрлерге жана чиновниктерге курч жана ыӊгайсыз суроолорду бергенден тартынбай келдим. Аларды сындаш үчүн эмес, Парламентке чийки долбоорлорду алып келишпесин деп. Жашоодогу реалдуулукту жана элдин көйгөйлөрүн эске ала жүрүшсүн деп. Эки жылда мен мамлекеттик башкаруу кандай иштешин жана андагы Жогору Кеӊештин ролун жакшы түшүнүп алдым. Менин милдетим – биздин округдун борбордук бийлик менен болгон байланышын бекем жана үзгүлтүксүз кылуу. Нарын облусу жалпы өлкөбүздүн экономикалык, технологиялык жана социалдык өнүгүүсүнөн четте калбай, ага өз салымын кошушу абзел. Шайлоочуларымдын үнү ар-дайым угулгудай, алардын көйгөйлөрү учурунда чечилгидей болушу керек.
- Билим берүү, саламаттык сактоо жана адистерди тартуу
Нарын – жашоо шарттары татаал аймак. Бизде кыш өзгөчө узак, аба-ырайыбыз айыл чарба үчүн каардуу жана катаал. Ошондуктан бизге күчтүү адистерди тартып келүү жана сактап калуу үчүн кошумча артыкчылыктар жана социалдык кепилдиктер каралышы керек.
Мисалга, мен «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыктым. Түпкү мааниси – бийик тоолуу аймактарда жашап жана иштеп жүргөндүгү үчүн мамлекет тарабынан каралган артыкчылыктарды жеткиликтүүрөк кылуу. Тагырак айтканда, үч же андан көп баланы төрөп жана тарбиялап чыккан айымдарга жана бийик тоолуу аймактарда көп жыл иштеп, кийин көчүп кеткен жарандарга пенсияга чыгууга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттү ылдыйлатуу.
Мындай ченемдер 1996-жылы кабыл алынган «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жонүндө» Мыйзамда мурда бар болчу. Бирок, кийин ал мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөр жогорулатылып салынган. Мен аталган мөөнөттү кайра азайтууну сунуштап жатам. Ошондо бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген жарандарыбыз үчүн каралган артыкчылыктар жана кепилдиктер азыркыга караганда жеткиликтүүрөк болуп калмакчы.
Парламент мөөнөтүнөн мурда өзүн өзү таркатууга баргандыктан, аталган мыйзам долбоору каралбай калды. Бирок, аны Жогорку Кеӊештин сайтына жайгаштырып, коомдук талкуудан өткөрүүгө жетиштим. Ошондуктан, мен кайрадан шайланып калсам, аны дароо эле кароого киргизем. Жогорку Кеӊештин кийинки чакырылышынын кабыл ала турчу мыйзамдарынын алгачкыларынын катарына коштурууга болгон күч-аракетимди жумшайм.
Мындан тышкары, жакынкы пландардарда төмөнкү багыттар бар:
- айылдык мектептерди колдоо, интернет байланышты кеӊейтүү жана оргтехника менен камсыздоо;
- талантуу жаштар үчүн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына барууга багытталган стипендияларды жана стажировкаларды уюштуруу;
- ФАПтар, поликлиникалар жана ооруканалар үчүн жабдууларды жаӊыртуу;
- стимулдаштыруучу чаралар (кошумча төлөмдөр, ипотекалык турак жайлар) аркылуу облуска адистерди тартуу.
Капиталдык куруулур боюнча облустук башкармалыктын маалыматына ылайык 2026-жылда республикалык бюджеттен каржылана турган капиталдык куруу объектилеринин тизмесине Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору жана Нарын шаары боюнча билим берүү тармагына тиешелүү 29 объект кириптир. Алардын катарында бала-бакчалар, мектептер, жаӊы окуу корпустары жана жатаканалар бар.
Мындан тышкары, аталган тизмеге салматтыкты сактоого тиешелүү 38 объект кошулуптур. Алардын арасында ФАПтар, ҮДТ имараттары, поликилиника, дарыгерлер үчүн жатакана ж.б.
Мен бул объектилердин баары Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу тизмесинде калышын жана аларды каржылоо толук көлөмдө жана өз убагында жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйм жана коргойм.
- Экономиканы жана инфраструктураны өнүктүрүү
Ар бир аймактын өнүгүүсү экономикага негизделет. 2025-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №178 Жарлыгы менен бекитилген Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктурүүнүн программасына ылайык, Нарын облусун өнүктүрүүнүн негизги демилгеринин катарына төмөнкүлөр кирет:
- жаӊы өндүрүштөрдү ишке киргизүү (автоунаалар, дрондор, лампалар, кагаз буюмдары);
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Түндүк-Түштүк жолдорду өнүктүрүү;
- айыл чарба продукциясын (анын ичинде экспортко кетчүнү дагы) кайра иштетүүнү көбөйтүү;
- инфраструктураны өнүктүрүү, экожабдуулар үчүн КНСтен бошотуу;
- Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана «Датка-Кемин-Нарын-Кытай» электр берүү линияларын куруу;
- 37 ирригациялык объектисин реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- «Нарын-Реновация» долбоорун ишке ашыруу, заманбап инфраструктурасы бар административдик, экономикалык жана социалдык борборлорду түзүү;
- электрондук мамлекеттик кызмттарды киргизүү, акылдуу шаарды өнүктүрүү;
- жана башка маанилүү демилгелер.
Бул Жарлыктын 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеӊешке, өз стратегияларын жана иш-чаралар пландарын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына дал келтирүү сунушталган. Эгер мен шайланып калсам, Парламенттин Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча жумушчу органынын курамына кирип, Нарын облусу үчүн каралган демилгелерди илгерилетүүгө жеке өзүм катышууну көздөп жатам.
Жолдорду (анын ичинде, облустун жетүүгө кыйын айыдарына багытталган) оӊдоого жана курууга, каржы бөлүүнү маанилүү деп эсептейм.
- Экологияны, туризмди, кол өнөрчүлүктүү өнүктүрүү
Жогоруда айтылгандай, Нарын – катаал аба-ырайы менен өзгөчөлөнгөн аймак. Экинчи четинен караганда, бул биздин артыкчылыгыбыз. Бизде кайталангыс кооз жана суктанарлык жаратылышы бар экологялык таза жерлер сакталып калган.
Мен төмөнкү долбоорлорду колдоону жана илгерилетүүнү көздөп жатам:
- экотуризмди өнүктүрүү боюнча (Соӊ-Көл, Көл-Суу, Таш-Рабат ж.б.);
- туристтик инфрструктурага инвестиция салуу шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча;
- жайыттарды коргоо, токойлорду кыюуга жана дарыялар менен суу сактагычтардын булганышына каршы күрөшүү боюнча;
- жарандык активисттерди жана экологиялык уюмдарды тартуу менен таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча.
- Эл менен туруктуу байланыш
Жогорку Кеӊештин VII чакырылышы шайлоо мыйзамына маанилүү өзгөртүү киргизди. Ал – депутаттарды аймактык округдардан шайлоого кайтуу. Бул шайлоочулар менен алардын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыӊдоо үчүн жасалган кадам. Эми партиялардын узун тизмелеринин ордуна ар бир жарандын өзү шайлап алган, конкреттүү депутат-өкүлү болот. Мындан ары ал өзүнүн өтүнүчтөрүн жана тапшырмаларын кимге жолдогонду так биле алат.
Бекем байланышты камсыз кылуу үчүн мен төмөнкү жолдорду сунуштайм:
- депутаттын өз округу боюнча жолугушууларынын жана иш-сапарларынын конкретүү графигин түзүү (тургундар аны менен качан жана кайсы жерде жолугуп, суроолорун бере аларын билиши үчүн);
- коомдук кабылдамаларды түзүү жана жер-жерлерде кайрылууларды жана тапшырмаларды чогултуп, жекизип бере турган коомдук өкүлдөрдү дайындоо;
- депутатка элетрондук кайрылуулар үчүн онлайн-платформа түзүү;
- депутаттын аткарган иштери жана өткөргөн жолугушуулары бонча үзгүлтүксүз коомдук отчётторун берүү.
Мындай ыкмалар округдун тургундарына Жогорку Кеӊештин жыйындарында жана кызматтык иш сапарларда жүргөн күндөрү да депутат менен туруктуу байланышта болууга мүмкүндүк берет.
Бул жерде менин алдыдагы иштерим боюнча негизги идеяларым гана берилген. Бирок бул программа шайлоо кампаниясы учурундагы жолугушууларда жана бул шайлоолор өткөндөн кийин да сиздердин сунуштарыӊыздар жана суроо-талаптарыныздар менен толукталышы мүмкүн экенин баса белгилейм.