МЫКТЫБЕКОВА АЙДАНА МЫКТЫБЕКОВНА
Мен, Мыктыбекова Айдана Мыктыбековна, 1993-жылдын 27-августунда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында төрөлгөм. 2000-жылы Аскар Турдакунов атындагы орто мектепке биринчи класска барып, мектепти кызыл аттестат менен бүтүргөм.
Улутум кыргыз, билимим жогорку.
2011-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын студенти, 2016-жылы аталган окуу жылды аяктап, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча “Менеджер” квалификациясына ээ болгом.
2016-2020жж Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын “Философия жана саясый укук таануу” факультетинде “Саясат” бөлүмүнүн аспирантурасынын бүтүрүүчүсүмүн.
Эмгек жолум 25.01.2013-26.07.2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде стажер болуп баштагам.
02.05.2016-06.01.2017-жылдарда ЖЧК “Азия Курулуш” курулуш компаниясында офис-менеджер болуп иштегем;
01.03.2017-26.07.2018-жылдарда “Кыргызстан” парламенттик фракциясында, массалык маалыматтар жана коомчулук менен иштешүү жаатында специалист болуп эмгектенгем;
27.07.2018-31.08.2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
01.09.2021-07.06.2022 жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын мониторинг жана ыкчам чара көрүү секторунун башчысы;
03.2023-30.04.2024 жылга чейин ЖЧК Премиум А-Групп компаниясында, финансы менеджер;
07.04.2025жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеп келем.
Эмгек жолумда, ишке карата жоопкерчиликтүүлүгүм үчүн 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын ыраазычылык каты менен сыйлангам.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлангам.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору чини ыйгырылган.
Үй-бүлө курамы:
Атам — Арпачиев Мыктыбек Алымкулович, 1960-жылы туулган, «Калыс» дыйкан чарбасынын төрагасы, Жоокер - интернационалист, Афган согушунун ардагери;
Апам — Маширипова Жумабүбү Борукчуевна, 1965-жылы туулган, Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин мугалими;
Иним — Мыктыбеков Калыс Мыктыбекович, 1996-жылы туулган, жеке сектордо иштейт;
Сиңдим — Мыктыбек кызы Диана, 2002-жылы туулган, студент;
Иним — Мыктыбек уулу Элзар, 2005-жылы туулган, жеке сектордо иштейт.
Мен да, менин жакын туугандарым да тергөө астында болгон эмеспиз жана соттолгон эмеспиз.