Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

-Жалпы мамлекеттик саясат. Мамлекеттик саясатынын негизинде өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, ички жана тышкы саясатынын туруктуулугун колдоо;

-Туризм жана спорт. Базар-Коргон жана Ноокен райондору тоолуу аймак болгондуктан, туризм инфратүзүмүн өнүктүрүү негизги багыт болуп саналат. Жаңы долбоорлорду ишке ашыруу максатында тиешелүү аткаруу бийлиги менен биргеликте туризм менен спорт чөйрөсүнө ички жана тышкы инвестицияларды тартуу;

-Билимдүү келечек. Базар-Коргон жана Ноокен аймактарында агартуу багытында жетишсиз болгон мектеп, бала бакчаларын аныктап, жаңы долбоорлорун даярдап, Министирлер Кабинетине сунуштоо;

-Социадык-экономикалык багыт. Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн беш жылдык стратегиялык программасына салым кошуу менен аны аткаруу бийлигине сунуштоо;