КАЛМАТОВ ТОКТОРАЛИ КАЛДАРОВИЧ

Мен, Калматов Токторали Калдарович, 1976-жылдын 29-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүндө төрөлгөм.

Дыйкандардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Үй-бүлөдө улуу уулмун. Эрте жаштан эле эмгекке, жоопкерчиликке жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялангам.

Орто билимди жашаган жеримден алгам. Кийинчерээк Жалал-Абад мамлекеттик университетин «Ветеринар» адистигине ээ болгом.

Учурда жубайым экообуз алты баланын ата энесибиз. Бүгүнкү күндө негизги ишмердүүлүгүм — ишкерлик.

Кыргыз Республикасында жашайм жана иштейм. Активдүү жашоо образын алып барып, үй-бүлөгө жана эмгекке өзгөчө көңүл бурам.