ТЕМИРБАЕВА МАХСУДАХАН ЮЛЧИЕВНА

Мен  Темирбаева Махсудахан  Юлчиевна 1963-жылы  16-сентябрь   Базар-Коргон   районуна караштуу  Арстанбап  айыл  өкмөтүнүн  Арстанбап   айылында  туулгам.  1971-жылы                               1-сентябрь,  мурдакы  №5  Киров  атындагы   орто  мектебине  1-класска  баргам.                    1981-жылы  мектепти ийгиликтүү аяктап, 1981-1986 жылдары Фрунзе  шаарындагы В. В. Маяковский атындагы педагогика институтунун  чет тилдер факультетин аяктадым. 1986-1993-жылдары  №19 Арстанбап атындагы орто  мектебинде  мугалим, 1993-2001-жылдары N 34                Ю. Исламов  атындагы  орто мектепте, чет-тили  мугалими болуп иштеп,  жаш муунду келечекке,  илимге, билимге жана ата мекенди сүйүүгө тарбиялоодо өзүмдүн салымымды коштум. 2001-2010 жылдары  Арстанбап айыл өкмөтүндө жоопту катчысы кызматында эмгектенип өлкөнүн социалдык өнүүгүсүндө чоң салым кошуп “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматтын мыктысы(отличниги)” төш белгиси менен сыйланып,  жана муниципалдык кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси деген чен алдым. 2011-2016-жылдары  ЗАО  МФК “Финансылык группа Компаньон”  банкында  кредиттик адиси катарында  эмгектендим жана “мыкты пайдалуу  адис”  наамы менен сыйландым. Алты жолу айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, КР Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйландым, 2017-жылы Арстанбап айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу наамын алдым.  2021-жылы август айынан баштап конкурска катышып, жогорку балл менен Арстанбап айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы кызматында иштедим. 2024 –жылдан баштап Арстанбап айылындагы “Эл Нуру” МЧББУнун директору кызматында иштеп келемин. Азыркы учурда Арстанбап айылдык Кеңешинин депутатымын. Алты бир тууганым бар.  Үй-бүлөлүмүн,  эки   уулдун  жана  эки   кыздын сүйүктүү апасымын жана 11 неберенин сүйүктүү чоң апасымын. Жолдошум Козубаев Р.Р. 1963 –жылы туулган, Авган согушунун ардагери, убактылуу иштебейт.