Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №13 шайлоо округу боюнча депутатыкка талапкер Арстанбеков Акылбек Советбекович
шайлоо алдындагы программасы
- Бюджеттик каражатардын чыгымдалышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу;
- Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылуу;
- Пенсионерлердин жана башка социалдык жактан аялуу калктын катмарлардын жашоо абалын жогорулатуу;
- Ноокен районундагы ар бир үй-бүлөгө "Таза суу" берүү;
- Сугат жерлеринин аянтын көбөйтүү;
- Сугат системаларын модернизациялоо программасын түзүү;
- Жалал-Абад облусундагы “Нарын” – “Майлы-Сай” – “Кара-Үңгүр” дарыяларынын аралыгындагы жерлерди Нарын дарыясынан суу алуу менен өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруу;
- Дыйкандарга айыл чарба продукцияларын өстүрүү жана сатуу үчүн шарттарды түзүү;
- Агроөнөр жай ишканаларын (кайра иштетүүчү заводдор, консерва заводдору, муздаткыч кампалар, МТС ж.б.) түзүү;
- Жерди өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу аркылуу 10 000 (он миң) кеминде жумуш орундарын түзүү жана камсыз кылуу;
- Мамлекеттик пенсия менен камсыздоонун милдеттүү түрдө топтолоуучу бөлүгүн аң-сезимдүү жана натыйжалуу башкаруу жана ыктыярдуу топтолуучу пенсиялык системанын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу жарандардын татыктуу пенсиялык камсыздоого болгон укуктарын ишке ашырууда социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу.