Мен Койчуманова Нуркан Кадыровна- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8- чакырылышынын депутаттыгына талапкер катары БШКда каттооодон өтүп жатып, өз платформамды сунуштаймын.
КРнын Баш мыйзамында жазылган укуктук, ченемдик актылардын бардык беренелерине баш ийүү менен төмөндөгү 7 пунктта көрсөтүлгөн багытта ишмердүүлүгүмдү жүргүзүү максатым бар.
* Өлкөбүздө адам укуктарынын сакталышына жана аярлуу катмардагы жарандарыбызга камкордук көрсөтүү, жарандар арасында зордук - зомбулуктун алдын алуу, чек ара, улуттар аралык биримдикти сактоо багытында мамлекеттик тийиштүү органдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу;
* Калкыбыздын турмуш шартын жакшыртуу максатында өлкөбүздү социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы атайын мамлекеттик Программаларын ишке ашырууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, мамлекеттик саясатты калктын терең катмарына жеткирүүгө тикелей катышуу.
* Жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо, терең илим-билим, таалим-тарбия алуусуна байланыштуу жеткиликтүү шарттарды түзүүнү, камкордукка алууну көзөмөлдөө менен зарыл шартта бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жазып, эл аралык ыкмаларды колдонуу менен реформа жасоого катышуу;
* Дүйнө элинин тынчын алып жаткан экологиянын бузулуу коркунучун алдын алуу максатында,тийешелүү мамлекеттик органдарды олуттуу программалардын алкагында иш алып баруусуна көмөктөшүү жана көзөмөлдөө;
* Президентбиздин "Улуттук бийиктик жана уңгу жол" Программасында жазылган мамлекеттик жана улуттук идеологияны жарандарыбызга жайылтууга, нарк-насил, каада-салттарыбыз- ды, улуттубуздун көнөрбөс көркөм мурастарын келечек муундарга мураска калтыруу максатында алып барылып жаткан мамлекеттик иш-чараларды колдоо, активдүү катышуу;
* Өз окргугумдагы шайлоочуларым менен үзгүлтүксүз байланышта болуп. Алардын суроо- талаптарын, көйгөйлүү маселелерин жергиликтүү жана жогорку бийлик органдары менен биргеликте чечилишин камсыз кылуу.
* Мамлекеттик бирдиктүү саясатты колдоо менен бийликтин төрт бутагы тарабынан аткарылып жаткан иштердин мыйзамдуулугун Эл өкүлү катары көзөмөлдөө, эл менен башкаруу жана аткаруу бийлигинин ортосундагы ишенимди бекемдөө максатым бар.