БАЗАРКУЛОВА НУРСЫЙДА МАНАСОВНА
Мен, Базаркулова Нурсыйда Манасовна, 1973-жылдын 15-сентябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам — Базаркулов Манас Мамасыдыкович, 1950-жылдын 6-майында туулган, кесиби боюнча физика мугалими, 1975-жылдын 5-декабрында каза болгон.
Апам — Базаркулова Ырысбү Жумабаевна, 1953-жылдын 12-июнунда туулган, I топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаран (25 жылга жакын). Үй-бүлөдө ортончу кызмын. Эжем — Базаркулова Бактыгүл Манасовна, 1971-жылдын 6-апрелинде туулган. Сиңдим — Базаркулова Нургүл Манасовна, 1975-жылдын 27-июлунда туулган.
1980-жылы Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылындагы А. Эралиев атындагы № 23 орто мектебине окууга кабыл алынып, 1990-жылы аталган мектепти күмүш медалы менен аяктадым. 1991-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин “Табият таануу-география” факультетине тапшырып, «Биология мугалими» адистиги боюнча 1996-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым.
1994-жылдан бери ушул күнгө чейин Базар-Коргон районундагы “Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак-мектеби” мекемесинде педагог болуп эмгектенип келемин. Эмгек жолумдун алкагында ар түрдүү аймактардан келген окуучуларды окутуу жана тарбиялоо иштери менен үзгүлтүксүз алектенип келдим. 1994–2025-жылдар аралыгында мен даярдаган окуучулар райондук (100дөн ашык), облустук (60тан ашык) жана республикалык олимпиадаларда, ошондой эле билим берүү боюнча өткөрүлгөн сынактарда байгелүү орундарды ээлешкен. Алардын көпчүлүгү кийин медициналык, педагогикалык жана башка социалдык маанилүү тармактар боюнча билим алышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Ошондой эле менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдүн жүрүшүндө миңге жакын бүтүрүүчү медициналык окуу жайларына жана педагогикалык адистиктерге тапшырышып, коом үчүн маанилүү кадрлар катары калыптанышкан. 2016–2023-жылдары химия сабагы боюнча расмий басылып чыккан окуу-усулдук эмгектерим Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде колдонулуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Көп жылдык педагогикалык тажрыйбама таянып, Жогорку Кеңеште билим берүүдөгү теңсиздикти азайтуу, аймактардагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелерин системалуу чечүүгө багытталган иш алып барууга ниеттенем.
Жолдошум — Эсенбаев Чынгыз Койчукулович, 1973-жылдын 22-июнунда туулган.
Балдарым: тун уулум — Чынгызов Алдаяр Чынгызович, 1995-жылдын 12-августунда туулган;
кичүү уулум — Чынгызов Залкарбек Чынгызович, 2004-жылдын 15-апрелинде туулган;
улуу кызым — Чынгызова Элиза Чынгызовна, 1999-жылдын 21-апрелинде туулган;
кенже кызым — Чынгызова Адина Чынгызовна, 2008-жылдын 2-майында туулган.