СУЛТАНОВА АЙЖАН АБДЫКАПАРОВНА
Мен, Султанова Айжан Абдыкапаровна, 1986-жылдын 31-октябрында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулганмын.
2004-жылы Таш-Көмүр шаарынын №1 орто мектебин өзгөчө артыкчылык менен аяктадым.
2010-жылы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин Эл аралык мамилелер факультетин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүрдүм.
2018-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинен «Бизнес башкаруу» багыты боюнча магистр даражасын алдым.
2019-жылы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин Юридикалык факультетин «Эл аралык экономикалык укук» адистиги боюнча аяктадым.
2019-жылдан бери жеке ишкер катары иш жүргүзүп келем.
2025-жылдан бери азыркы учурга чейин «ПингФрог» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп иштейм.
Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдерин билем.
Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын энесимин.
Соттолгон эмесмин.