Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Жолдошов Түмөнбек Эркинбековичтин

ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ

(2026–2030-жылдар)

 Уран Тазасын танда-Келечек сенин колунда!

Программанын негизги максаты

Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү аркылуу жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө, социалдык адилеттүүлүктүн орношуна жана элдин жашоо сапатынын жогорулашына жетишүү.

I Экономиканы өнүктүрүү, Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу

Максат: Айыл калкынын жашоо деңгээлин көтөрүү жана ички рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу.

Негизги милдеттер:

  • Чакан жана орто бизнести колдоо
  • Инвестициялык климатты жакшыртуу
  • Айыл чарба өндүрүшүн колдоо
  • Дыйкандардын укугун коргоо

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Ишкердикти жөнгө салган мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү
  • Ашыкча текшерүүлөрдү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу
  • Аймактарда өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган салык жана инвестициялык мыйзамдарды жакшыртуу
  • йыл чарбасын кооперациялык негизде өнүктүргөн мыйзамдарды жакшыртуу
  • Сугат суу жана жер пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө шарт түзгөн укуктук базаны бекемдөө
  1. II. Социалдык коргоо жана калктын жашоо сапаты

Максат: Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын иш жүзүндө коргоо.

Негизги милдеттер:

  • Социалдык теңчиликти камсыз кылуу
  • Мамлекеттик социалдык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Пенсия, жөлөк пул жана социалдык төлөмдөр боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
  • Көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдогон мыйзамдарды күчөтүү
  • Социалдык саясаттагы мыйзамдардын натыйжалуулугун талдоо

III. Билим берүү тармагын өнүктүрүү

Максат: Сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү.

Негизги милдеттер:

  • Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
  • Мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Билим берүү тууралуу мыйзамдарды заманбап талаптарга ылайык жаңылоо
  • Аймактык мектептерди колдогон мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
  • Кесиптик жана техникалык билим берүүнү өнүктүрүүчү укуктук механизмдерди киргизүү
  1. I Саламаттык сактоо жана медициналык тейлөө

Максат: Калк үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү.

Негизги милдеттер:

  • Медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу
  • Аймактарда саламаттык сактоо кызматын өнүктүрүү

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын парламенттик көзөмөлгө алуу
  • Дары-дармек рыногун жөнгө салган мыйзамдарды жакшыртуу
  • Медициналык кызматкерлердин укугун коргогон мыйзам демилгелерин көтөрүү
  1. Аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктура

Максат: Аймактардын тең салмактуу өнүгүшүнө жетишүү.

Негизги милдеттер:

  • Айыл менен шаардын ортосундагы айырманы азайтуу
  • Инфраструктураны жакшыртуу

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Жол, таза суу, электр энергиясы боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү
  • Аймактык өнүгүү программаларынын натыйжалуулугун парламенттик көзөмөлдөө
  1. VI. Жаштар саясаты, маданият жана спорт

Максат: Жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо.

Негизги милдеттер:

  • Жаштардын билим алуусун жана ишке орношуусун колдоо
  • Маданият жана спортту өнүктүрүү

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Жаштар саясаты боюнча мыйзамдарды системалаштыруу
  • Маданий жана спорттук объекттерди колдогон мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө
  • Улуттук тилди, салтты жана маданиятты сактаган укуктук демилгелер

VII. Экология жана туруктуу өнүгүү

Максат: Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты коргоо.

Негизги милдеттер:

  • Экологиялык мыйзамдарды күчөтүү
  • Табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу

Ишке ашыруу механизмдери:

  • Экологиялык мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуу
  • Тоо-кен жана өндүрүш тармагындагы экологиялык талаптарды күчөтүү
  • Таза энергия жана жашыл экономиканы колдогон мыйзамдарды илгерилетүү

Корутунду

Бул шайлоо программасы Жогорку Кеңештеги депутаттык ишти мыйзам демилгелөө, мыйзам кабыл алуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө принциптерине негиздеп жүргүзүүгө багытталган.