АТАБЕКОВА КЫЗЖИБЕК АЗИМЖАНОВНА
Атабекова Кызжибек Азимжановна (1978-жылдын 11-январында туулган)
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Кызыл-Ай айылындагы М. Горький атындагы орто мектепти аяктаганмын.
Билимим жогору. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз-европа факультетин бүтүрүп, «Бакалавр» академиялык квалификациялык даражасы ыйгарылган.
2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктап, «Дипломдоштурулган адис» квалификациясын алгам.
Үй-бүлөлүүмүн, эки кызым бар.
Эмгек жолу:
2016-жылдан азыркы учурга чейин — «ГермесКом» ЖЧК
Кызматы: Башкы директор
2014–2015-жылдар — «Мамлекеттик финанстарды башкарууда потенциалды өнүктүрүү» көп тараптуу трасттык фонду
Кызматы: Бюджеттин ачыктыгы боюнча консультант
2005–2013-жылдар — Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Бишкек шаарындагы борбору
Кызматы: Финансылык менеджер
2002–2005-жылдар — Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
Кызматы: Иш менен камсыз кылуу саясатын жана социалдык мобилизация программаларын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы
2003-жыл — «Темир» мамлекеттик ишканасы
Кызматы: Улук адис
2000–2002-жылдар — Дүйнөлүк банктын Суу менен камсыз кылуу жана санитария долбоору
Кызматы: Офис-менеджер