“Мекенчил Эл” саясий  демократиялык партиясынын кайра жаралуу программасы

Бишкек 2021

Адилеттүүлүк - ар бир жаран үчүн!

ПРЕАМБУЛА

“Мекенчил Эл” саясий демократиялык партиясы , саясий аренада өзүнүн ордун жана статусун ээлеген, элдин көңүлүн бурган? өлкөбүздүн өнүгүү багытын көздөгөн кайра жаралуу программасы менен укуктук демократиялык, “социалдык тендикти” камсыздоочу адилеттүү жарандык коомду куруунун социалдык-демократиялык моделин сунуштайт. Биздин багыттын негизги артыкчылыктары:

- адам, анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулугу деп белгилеп, коомдун жана мамлекеттин жашоосунун бардык чөйрөсүндө ар бир жарандын жашоосунун бакубаттуулугу үчүн зарыл шарттарды түзүү, социалдык адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукту камсыздоо;

- эркиндик мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги, адилеттүүлүк, биримдик менен жалпы элдин бардык катмарынан жөндөмдүү уул-кыздарын катарга кошуп, биринчи кезекте иштерман адамдын, жогорку квалификациялуу адистердин, мугалимдердин, дарыгерлердин, тейлөө тармагынын кызматкерлеринин, инженерлердин кызыкчылыктарын коргоо менен социалдык коргоо жана жоопкерчилик принциптери үстөмдүк кылган, калктын жашоо деңгээли жогору өнүккөн, коомдун бай жана кедей катмарга бөлүнүшө жол берилбеген  мамлекеттердин арасында татыктуу орунду ээлеген күчтүү мамлекет болушуна жетишүү;

- мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты “мамлекеттик органдар элге кызмат кылышы керек” идеясын ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруу кызматта бир эле адамдын көп жыл иштөөсүнө жана бир нече туугандардын, касталык династиялардын топторунун бийликке  аралашуусуна жол берилбеши керектигин белгилеп, элдик бийликтин символу болгон жалпы элдик өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышкан демократиялык институтунун ролун жана маанилүүлүгүн андан ары жогорулатат;

- коомдун, мамлекеттин жана өлкөнүн экономикасынын Туруктуу өнүгүүсүн сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө камсыз кылуу, коомдун жана бардык адамдык капиталдын инновациялык, интеллектуалдык потенциалын билимине карап, ишмердүүлүгүнө карап өнүктүрүү;

- өлкө ичинде тынчтыкты жана коопсуздукту ар бир адамдын жыргалчылыгынын кепили катары камсыз кылуу,  жарандык ынтымакты жана жеке адамзатынын айкөлдүгүн чыңдоо, тең салмактуу, өз ара пайдалуу жана эл аралык алакада конструктивдүү тышкы саясатты жүргүзүү.

Партия өз шайлоочуларынын жана жалпы кыргызстандыктардын муктаждыктарына жана каалоолоруна таянып, тарыхтагы өткөн жакшы да, жаман да сабактардан тийштүү тыянактарды чыгарып, өлкөбүздүн келечек мууну алдында жоопкерчиликти сезип, келечектеги беш жылдыкка “Мекенчил Эл” саясий демократиялык партиясы өзүнүн кайра жаралуу программасында артыкчылыктуу төмөнкүдөй милдеттерди белгилейт.

 

 «МЕКЕНЧИЛ ЭЛ» САЯСИЙ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН КАЙРА ЖАРАЛУУ ПРОГРАММАСЫ

   Биздин ураан: Эркиндик, демилгелүүлүк, жоопкерчилик,

ар-намыс жана прогресс!

Биз Кыргызстанды эркин жана өнүккөн өлкөгө айлантып, аны менен ар дайым сыймыктанып, андан кеткиң  келбеген өлкө болуусу үчүн бириктик. Биздин максаттарыбызга жана принциптерибизге кошулган ар бириңиздер үчүн ачыкпыз.

Биз өзүбүзгө ишенебиз!

Бирге ийгиликтерди сөзсүз багындырабыз!

Саясий аренада элге жакын жана дымактуу идеялары менен өз ордун тапкан «Мекенчил эл»  саясий демократиялык партиясы өлкөбүздүн өнүгүү жолундагы кезектеги шайлоону утурлай коомдун бардык катмары үчүн жетишкен жашоону камсыздоону шарттаган демократиялык,  «социалдык мамлекет» курууда, демократиялык моделди жана адилеттүү жарандык коом түзүүгө кайра жаралуу программасын сунуштайт.

Партия кайра жаралуу программасында, өлкөнүн келечек муунунун алдында жоопкерчиликти сезүү менен алдыдагы  5 жылдыкка төмөнкүдөй милдеттерди коет:

  • Кыргызстан өз өнүгүүсүнүн жаңы тепкичине кадам коет. Бардык мекендештердин эмгегинин жана кайраттуулугунун, жоопкерчилик ала билген саясий партиялардын эрктүүлүгүнүн аркасында акыркы жылдардагы кризисти токтоосуз артка таштайт.  
  • Жарандардын жашоосун жакшыртуу, өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана тартипти, экономикалык жана саясий стабилдүүлүктү бекемдөө процесстеринин тегерегиндеги улуттун консолидациясы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги таянычы катары кызмат кылат.
  • Жаңы шарттарда өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти алууга эрки жетиштүү бардык күчтөрдүн өлкө жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнө жакын жана түшүнүктүү асыл идеялардын жана максатттардын тегерегинде биригүүсү өтө маанилүү.

Бизди, “Мекенчил Эл”  Демократиялык партииясынын мүчөлөрүн эркиндик, демилгечилик, жоопкерчилик, ар-намыс жана прогресс сыяктуу асыл баалуулуктар бириктирип турат.

Бизди биздин өлкөнү жана анын жарандарын жетишкен жашоодо  көргүбүз келген тилектерибиз бириктирип турат. Биздин Программабыз бул- Кыргызстан үчүн аткарууга даяр, колдон келе турган иштердин жыйындысы.

       СОЦИАЛДЫК ТЕҢЧИЛИК – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮ КЕПИЛДИГИ

         Биз, “социалдык теңчилик бул – бирдей укук жана бирдей жоопкерчилик” принцибине таянуу менен, ар бир жарандын жөндөмүнө жана квалификациясына жараша эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусуна кепилдик берген, иштин көлөмүнө жана сапатына ылайык татыктуу акы төлөнүүчү иш орундарын жана жашоо деңгээлди жакшыртуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жарандардын социалдык теңчилигин камсыз кылган, социалдык мамлекетти куруу үчүн күрөшөбүз.

   Биздин максат-бул социалдык теңчилик принцибин камсыз кылуу болуп саналат. Ал эми социалдык теңчилик  – бул саясий көз карашына, жынысына, улутуна, тилине жана динине карабастан бардык жарандардын мыйзам алдында бирдей болуусун камсыздоо. Бул - билим берүү, медицина жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги. Бул – кепилдегнген эмгек ишмердүүлүгүнүн эркиндиги, иш тепкичинде өсүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги. Ал эми эң негизгиси -улуу муунду жана социалдык коргоого муктаж жарандардын аяр катмарын  камкордукка алуу саналат.

Биз салттуу элдик демократиянын социалдык адилеттүүлүк принцибин жана масштабдуу  социалдык программаларды ишке ашырууну камсыз кылган күчтүү мамлекеттик саясатты колдоп жатып, төмөнкү  милдеттерди приоритеттүү деп тааныйбыз:

  • жарандардын эмгек акысы менен жашоо минимумунун чыгашалары арасындагы айрыманы кескин кыскартуу, минималдуу эмгек акынын, пенсиянын жана эң керектүү  “жашоо минимумунун” , “керектөө баштыгынын” өз ара пропорцианалдуулугун айкалыштырууга жетишүү  жана минималдуу айлык акынын пропорционалдык түрдө рыноктук бааларга ылайык өлчөмүн көбөйтүү.
  • кирешелердин эсебинен калктын кескин катмарга бөлүнүп, жиктелишин алдын алып, ошону менен бирге коомдук мамилелерде туруктуулукту жана ынтымакты камсыз кылуу.
  • билим берүү, илим, медицина жана интеллигенция чөйрөсүндөгү кызматкерлердин социалдык статусун, авторитетин жогорулатуу, аларды коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү;
  • бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен бюджеттик кызматкерлер үчүн ведомстволук турак жай курулушунун көлөмүн кеңейтүү, курулуп жаткан турак жайлардын сапатын жакшыртуу.

Биз айылдын сырткы көрүнүшүн заман талабына ылайык жаңылоо жана реконструкциялоо, турак жайларды, социалдык жана коммуналдык обьектилерди куруу, айыл жергесинде коммуникацияларды өнүктүрүү, жол инфрастуктурасын оңдоо жана реконструкциялоо, айылдыктардын жашоо деңгээлин  жана маданиятын жогорулатуу боюнча иштерди улантабыз.  Айыл жергесиндегилерди иш менен камсыздоо жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн дыйкандардын кол астында иштеген жумушчулардын укуктарын коргоо системасын түзүү планыбызда. Биз дыйкандардын иш берүүчү  катары жана аларга иштеген жумушчулардын мамилесин жөнгө салуу үчүн эки тараптын тең кызыкчылыкарын коргогон мыйзамдарды иштеп чыгууну демилгелейбиз.

БИЛИМ – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗИ

Билимдүү болуу – бул бакыт, ал эми билимсиздик – бактысыздык! 

Биз өлкөбүздүн улуу  келечегин камсыздоочу адамдык капиталга карата күчтүү социалдык  саясатты багыттайбыз.   Анткени билимге  инвестиция салуу – бул келечекке карай чоң салым, ал элдин жашоосунун бакубаттуулугун жана мамлекеттин атаандаштыкка туруктуулугун камсыздоочу фактор.  Ошондуктан, биз үзгүлтүксүз билим берүү системасын ырааттуу жакшыртууну, сапаттуу билим жана тарбия берүүнү, жогорку квалификациялуу  кадрларды тарбиялоону  жактайбыз.

 Биз мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин системасын олуттуу кеңейтүү жана балдардын интеллектуалдык, эстетикалык жана физикалык жактан  өнүгүүсү үчүн  шарттарды түп тамырынан бери жакшы жагына өзгөртүп , балдарга мектепке  чейинки билим берүү жагын алда канча жогорулатуу боюнча чараларды көрүүбүздү улантмакчыбыз. Биздин жакынкы беш жылдыктагы максатыбыз – балдарга мектепке чейин билим берүү боюнча мекемелерди камсыздоону эки эсеге көбөйтүү кирет. Ошону менен бирге биз жаш муундарга руханий-тарбиялык иштерди жаңыча үйрөтүү ыкмасынын жактоочуларыбыз. Мисалы: мектептерде “Улуттук идея”, “Этика”, “Диндер тарыхы”, “Мекен таануу” сыяктуу жаңы предметтерди бирдиктүү “Тарбия” дисциплинасына киргизип окутуу зарыл. Ага улай мектептерге биздин даанышман ата-бабаларыбыздын, мыкты мамлекеттик жана саясий ишмерлерибиздин, атактуу жол башчыларыбыздын ысымдарын ыйгаруу керек.

   Биз жогорку билим берүү системасын түп-тамырынан бери жакшыртууга багытталган системалуу иштерибизди улантып, анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлмөкчүбүз. Ага улай,  жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну колго алып, аларды илимий-окуу лабораториялар жана маалыматтык-коммуникациондук  технологиялар менен камсыздап, эл аралык билим берүү системаларына негизделген  билим берүү программаларын  кеңири жайылтуу аркылуу окуу сапатын жогорулатып, билим берүү процессинде алдыңкы педагогикалык технологияларга көңүл бөлмөкчүбүз.  

МЕДИЦИНА – КАЛКТЫН ДЕН-СООЛУГУ

          Калктын ден-соолугу эң чоң байлыгыбыз, коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги. Биз элге кепилденген медициналык жардам көрсөтүүнү улантуучулардын, медицина кызматкерлеринин ишин стимулдаштыруу, дарылоонун заманбап технологияларын жана ыкмаларын кеңири жайылтуунун, саламаттыкты сактоо системасын кайра түзүүнүн тарабындабыз.

Биздин медицина тармагындагы негизги максатыбыз – жакынкы беш жылдыкта өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагына  чыгымдарын жалпы мамлекеттик чыгымдардын эсебинен көбөйтүү, ошондой эле ар бир 1000 кишиге  дарыгерлердин санын 5тен 10го чейин жогорулатуу эсептелет.

          Биздин приоритеттүү милдеттерибиздин бири – заманбап жогорку технологиялык  жана эффективдүү тез жардам кызматын түзүү боюнча чараларды көрүү. Биз Кыргызстандагы  медициналык тез жардам кызматынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жалпы эл аралык талаптарга шайкеш таанылышына,  аны башкарууда маалымат системасын киргизүүгө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоонумаксат кылабыз. .

“ДЕНИ-САК БАЛАЛЫК” ПРОГРАММАСЫ

 Мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасын бекемдөө, бардык мектептерге квалификациялуу медициналык тейлөө, бекер стоматологиялык кызмат көрсөтүү жана керектүү дары-дармек каражаттары менен үзгүлтүксүз камсыздоону жүргүзүү.

Биз  балдардын медициналык бирикмелер системасын(мектептик медицина) түп тамырынан бери жакшыртууга багытталган “Дени сак балалык” долбоорун ишке ашырууну сунуштайбыз.

 Жакынкы беш жылдык үчүн  биздин маанилүү милдетибиз – саламаттыкты сактоо реформасын жаңы деңгээлге көтөрүү менен эне-баланын өлүмүн азайтуу саналат.

“УЛУТТУК ФАРМАЦЕВТИКА” ПРОГРАММАСЫ

         Биз медициналык ишмердүүлүктүн үстүнөн мамлекеттик санитардык көзөмөлдү күчөтөбүз. Ошондой эле дарыларды рецепт боюнча берүү системасын калыпка келтирип, дары-дармектердин жарнагын чектөөгө багытталган мыйзамдардын кабыл алынышын шарттайбыз.  Биздин милдеттерге: “Акылдуу медицина” системасын түзүү, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап МКТны кеңири жайылтуу, калкты коопсуз дары-дармек менен камсыздоо, бул багыттарда парламенттик жана элдик көзөмөлдү күчөтүү, калктын медициналык маданиятын жогорулатуу үчүн  мыйзам чыгаруу механизмдерди иштеп чыгаруу жана алардын аткарылынышын көзөмөлдөө кирмекчи.  

          Биз эң керектүү медикаметтер менен бирге, сатыкка чыккан бардык чекене дары-дармектерге  сапаты жана жайылтылынуусуна катуу мамлекеттик жана коомдук көзөмөл орнотууну сунуштайбыз.

 Биз медициналык кызматка парламенттик жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн жакшы иштеп бере турган мыйзамдарды чыгарып, аны иш жүзүнө ашыруу боюнча чара көрүп, калктын медициналык маданиятын жогорулатуу боюнча эмгектенебиз.  

          Биз ошондой эле салттуу медицинаны өнүктүррүүгө өзгөчө көңүл бөлүп, аны өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртуу аркылуу чыңдайбыз. Ошондой эле калктын медициналык маданятын жогорулатуу жана бул  тармакта системалык иштерди бкемдөө максатында  “Улуттук фармацевтика” мамлекеттик программасын кабыл алууну сунуштайбыз.

          Биз үчүн туруктуу өнүгүүнүн дагы бир маанилүү шарты  – бул улуттук фармацевтика өнөр-жай  тармагын колдоо эсептелет. Бул багыттагы биздин приоритеттүү милдетибиз -  фармацевтика өнөр-жай  тармагын тездетип өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, фармацевтикалык эркин экономикалык зоналардын иш натыйжалуулугун жогорулатуу, дары- өсүмдүктөрдүн өндүрүштүк плантацияларын куруу жана аларды иштетүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, дары-дармектерди жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрүүнү стимулдаштыруу.

КҮЧТҮҮ  МАМЛЕКЕТ

          Биз Кыргызстанды Конституцияны сактаган, күчтүү жана жоопкерчиликтүү бийлик органдары менен катар сот  адилеттиги орун алган эффективдүү мамлекеттик аппарат катары көргүбүз келет. Кыргызстан бийликтин бардык бутактарынын кызматташтыгы – натыйжа катары элдин бакубат турмушун өйдөгө койгон өлкөгө айлануусу керек.  

  Биздин милдеттер:

. саясий туруктуулуктун жана конституциялык түзүлүшкө кол тийбестиктин кепилдиги катары күчтүү президентттик бийлик;

. административдик реформаны жүргүзүү, өлкөнү башкаруу системасын өркүндөтүү жана бийлик  органдарынын функцияларын оптималдаштыруу;

. жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуу, ачык жана түшүнүктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;

. бардык деңгээлдеги депутаттардын саясий жоопкерчилигин жогорулатуу.

ЖАРАНДЫК КООМ

Жарандар коомдук иштерди башкарууга активдүү катышуусу, бийликтин аракеттерин көзөмөлдөшү керек. Жарандардын кызыкчылыгын козгогон бир дагы  маселе, алардын катышуусуз же алардан шайланган өкүлдөрдүн катышуусусуз чечилбеши керек. Биздин программалык принцип- атуул  бийлик үчүн эмес, атуул үчүн бийлик!

Биздин милдеттер:

. партиялар жана коомдук бирикмелер аркылуу коомдун бийликке көзөмөлү;

. жарандардын өзүн өзү уюштуруусун, коомдук өз алдынча башкарууну өнүктүрүү;

. жарандарды  мамлекеттик иштерди башкарууга тартуу;

. коомдук бирикмелердин ишин жана алардын мамлекет менен болгон мамилесин жөнгө салуучу мыйзамдарды өнүктүрүү.

 

АДИЛЕТТҮҮ КООМ

 Биз Кыргызстанда мамлекеттик күчтүү социалдык саясатка негизделген, социалдык коргоо жогорку даражада камсыздалган , адилеттүү коомду түзгүбүз келет. Анда социалдык  коргоонун жогорку деңгээли каралган. Андай коомдо  ишкердикке жана чыгармачылыкка шарттар түзүлүшү керек.

Биздин милдеттер:

. калктын басымдуу бөлүгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн  өз алдынча чече ала турган шарттарды түзүү;

. социалдык өнөктөштүк;

. социалдык кепилдиктердин эффективдүү системасы, жөлөк пулдарды чыныгы муктаж болгондордун пайдасына кайра бөлүштүрүү, даректүү социалдык жардам,  социалдык камсыздандыруунун жана коргоонун бирдиктүү системасын түзүү кирет.

ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

Биз Кыргызстанды экономикасынын өнүгүүсү  кубаттуу өндүрүштүк потенциалга, заманбап  технологиляларга жана кайталангыс жаратылыш ресурстары эффективдүү пайдаланууга негизделген гүлдөп өнүккөн өлкөгө айландыргыбыз келет. Мамлекет мыйзамдуулуктун жана жеке менчик укуктарынын чыныгы кепили болуп, баарына бирдей эрежелерди жана таза  атаандаштыкты камсыз кылышы керек. Экономикалык саясат узак мөөнөттөгү максаттарга жетүүгө баш ийиши керек, анда айрыкча эмгектин жаңы стандарттарын эске алуу менен калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым коюулушу керек.

Биздин милдеттер:

. илимдин жана өндүрүштүн жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

. мамлекеттик мүлктү башкаруунун сапатын жогорулатуу;

. жаратылыш ресурстарына рационалдуу салык салуу;

. өлкөдөгү ишкерлик климатын жакшыртуу, структуралык реформалар, финансы рыногун өнүктүрүү;

. экономиканы бюрократизациялоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;

. чарбалык ишкердик катышуучуларынын арасында  бирдей атаандаштык эрежелерин камсыздоо.

КООПСУЗ ӨЛКӨ

Кыргызстан ар бир адамдын коопсуздугуна  кепилдик берилген, укук коргоо органдары ишенимдүү иш алпарган, адилеттүү сот системасы орун алган, өзүн өзү коргоого жөндөмдүү өлкөгө айланышы керек.

Биздин милдеттер:

. өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, профессионалдуу армияны түзүү;

. укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу;

. сот реформасын ырааттуу ишке ашыруу.

ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

 Биз Кыргызстандын  көп улуттан куралган бир бүтүн, бекем өлкө принциптерин  туу тутуп, аны сактоого жан үрөйбүз. Анткени кыргызстандыктар  байыртан жалпы тарыхый тагдыр жана улуттар аралык ынтымактын улуу тажрыйбасын башынан өткөргөн  кеменгер .  Ошондуктан өлкөнүн  пайдубалын толеранттуулук менен  бекемдөө-анын биримдигинин жана бүтүндүгүнүн кепилдиги боло алат. Мындай аракет жана ынтымак бардык аймактарга социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн иштелип чыккан.

Биздин милдеттер:

. Борбор менен аймактардын ортосундагы экономикалык, социалдык жана салыктык ыйгарым укуктардын так ажырымдуулугу;

. жергиликтүү өз алдынча башкарууну  ар тараптан өнүктүрүү, анын туруктуу жана көз карандысыз финансылык базасын түзүү-ошол эле учурда андагы кырдаал үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү.

УЛУУ МАДАНИЯТТЫН  ЖАНА  ИЛИМДИН ӨЛКӨСҮ

          Биз Кыргызстанды дүйнөлүк илим менен маданияттын алдыңкы борборлорунун бири катары көрөбүз. Кыргызстан элинин күчү  - алардын руханий байлыгынын бийиктигинде, адеп-ахлагынын, жан-дүйнөсүнүн аруулугунда, ар-намыстуулугунда жана бири-бирин сыйлай билген даанышмандыгында.  Биз бул касиеттерди сактап, дүйнөлүк цивилизациянын акыркы жетишкендиктери менен айкалыштырып, андан ары өнүктүрүүнү көздөйбүз.  

Биздин милдеттер:

. коомдун жана ар бир адамдын руханий потенциалынын өсүшү, улуттук маданияттын өнүгүшү менен катар диаспоранын, тарыхый аймактардын өздүгүн сактоосу;

. таланттарды издөө, аларды иргеп алуу жана колдоо боюнча мамлекеттик системаны түзүү;

. өлкөнүн илимий-техникалык потенциалын жогорулатуу, фундаменталдык илимге өзгөчө  мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

ЭЛ АРАЛЫК САЯСАТ

  Бүгүнкү күндө адамзат улам жаңы, улам айбаттуу чакырыктар менен кез келишүүдө. Биз аларга каршы салмактуу жана дыкат иштелип чыккан даярдыкты камсыздашыбыз керек. Адамдардын бири-бирин урматтоо, ынтымак, бири-биринин эркиндигин сыйлоо аркылуу ишенимдүү жамааттык коопсуздукту сактоо;

Кыргызстан азыркы глобалдашкан дүйнөдө улуу өлкө катары аныкталышы үчүн таасирлүүлүгүн арттыруусу керек. Өлкөнүн,  улуттук кызыкчылыктарын коргогон, реализмге, ачыктыкка жана эффектүүлүккө негизделген анын тышкы саясаты, жаңы дүйнөлүк тартиптин  түзүлүшүнө чечкиндүү түрдө таасир этип, дүйнөлүк картада татыктуу орун ээлейт.  

Биздин милдеттер:

. Кыргызстандын дүйнөдөгү ролун жогорулатууга багытталган эл аралык саясатты түзүү жана колдоо;

. Кыргызстандын эл аралык терроризм жана экстремизмден коргой турган эл аралык жамааттык коопсуздук системаларына катышуусу;

. Кыргызстан үчүн жагымдуу экономикалык эл аралык мамилелерди өнүктүрүү;

. Кыргызстандын европалык жана азиялык интеграция процесстерге активдүү катышуусу;

. чет жердеги мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

. эл аралык коомдук жана гуманитардык байланыштарнды чыңдоо.

ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ ПАРТИЯ

Биздин Кыргызстандын келечеги үчүн иштелип чыккан макстатуу программабызды өлкөнүн кызыкчылыгын баса белгилеп, аны коргой ала турган гана жоопкерчиликтүү саясий партия иш жүзүнө ашыра алат. Дал ушундай партия гана кыргыз элинин эркин чагылдыра алат, анын саясий чечимдерин иш жүзүнө ашырып, ага жоопкерчиликти көтөрө алат. Биздин партиябыздын ишине катышуу бул - МЕКЕНГЕ кызмат өтөө!

Биздин милдеттер:

. коомдук стабилдүүлүктү сактоо;

. өкүлчүлүк жана аткаруу бийлигинин органдарына көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү;

. бардык деңгээлдеги шайлоого активдүү катышуу;

. чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда коомдук пикирди эске алуу.

ЖАШТАР ЖАНА ЖУМУШ  ОРУНДАРЫ

Биздин милдет – үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун, жарандарыбыздын  кирешесин кыйла өстүрүү. Ошондуктан, партиянын эң маанилүү артыкчылыгы – бул сапаттуу, заманбап, жакшы маяналуу жумуш орундары, бүтүндөй коомдун  кызыкчылыгына экономикалык өнүгүү. Өлкөнүн бардык аймактарындагы  ар бир эмгекке жарамдуу атуул өзүнүн билимин, талантын жана жөндөмүн колдонууга мүмкүндүк табуусу үчүн шарттарды түзүү.

 Бул үчүн биздин Партия, биздин Жогорку Кеңештеги жана аткаруу органдарындагы өкүлдөрүбүз  төмөнкү конкреттүү тапшырмаларды аткарат:

. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алуу жана эмгек мамилелер  чөйрөсүндө электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу.

. медициналык жана педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысынын белгиленген бөлүгүнүн үлүшүн  акырындык менен көбөйтүү.

. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө айылдарга жана кичи шаарларга иштөө үчүн социалдык колдоо программаларын ишке ашыруу.

. жаштарды ишке орноштурууга көмөктөшүү программасын кабыл алуу, ошондой эле жаштарды ишке орноштурууда иш берүүчүлөргө демилге берүү, студенттер арасында  кесипке багыт берүү системасын өнүктүрүү, эмгек рыногунун жаңы талаптарын эске алуу менен кесиптик билим берүү системасын модернизциялоо.

. студенттер менен аймактарда  иш берүүчүлөр ортосундагы  максаттуу окутууга контракт түзүүнү демилгелөөчү социалдык колдоо боюнча программаларды иштеп чыгуу.

. иш берүүчүлөрдүн ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка тартууга болгон  кызыгуусун жогорулатуу үчүн программаларды ишке киргизүү.

Кыргызстан бүгүнкү күндө дүйнөнүн  улам жаңы, улам айбаттуу чакырыктарына жооп издеп, өткөндөн сабак алып, учурдагы реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берип, келечекке  карай умтулуп турган чагы.

Биздин алдыга койгон максаттарга жетелеген жолубуз узун жана татаал. Биз элдин атынан, эл үчүн калктын көйгөйүн чечүү үчүн иштейбиз! Бирок ага кадамды бүгүндөн, азыртан калбай баштообуз зарыл!

Биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында XXI кылым КЫРГЫЗСТАНДЫН улуулугунун  жана гүлдөп-өсүшүнүн кылымына айланышы керек!

Адилеттүүлүк жашообуздун башкы критерийине айлансын!

Биздин ураандар:

Адилеттүүлүк – ар бир жаран үчүн!

Мекенчил эл бололу – Мекенчил элди колдойлу!

Адилеттүүлүк болгон жерде, өнүгүү болот!

Жөнөкөй элдин жөндөмдүү уул-кыздарын кызматтарга тартабыз!

Коррупцияга, династиялык, тууганчылдык саясатка бөгөт коебуз!

Сапатсыз дары-дармектен, азык-түлүктөн бирге арылабыз!

Билим менен бийиктикке жетебиз!

Маданият – улут жүзү!

Добушунду сатпа, Мекенинди сакта!

Мекенчил Эл менен Мекенчил бол, мекендеш!