1.      Преамбула. Биздин манифест

 

Биз, “Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы – эгемендүү Кыргызстанда туулуп-өскөн жаш кыргызстандыктардын бирикмесибиз. Биз эски саясий түшүнүктөрдөн, ашмалтайы чыккан ураандардан алыспыз. Биз парламентке эскини жаңылоо үчүн баратабыз. Алдыда биз ишке ашыра турган өзгөртүүлөр өлкөнү бир гана  жакшы жагына өзгөртөт.

Биз сиздер менен өлкөдө болуп өткөн ондогон шайлоолорду баштан өткөрдүк. Эски саясатчылардын улам алмашып келип жатканын, кызматка жабышканын, өзүлөрүнүн жүрүм-турумунан, жалган убадаларынан, элди сатып алуудан уялбагандарын көрдүк. Берилген көп убадаларынын бири дагы аткарылган жок. Парламенттин бөйпөң депутаттары олигархтардын чечимдерин аткарууга умтулуп, же өзүлөрүн «оппозициячы» катары көрсөтүмүш этип, эптеп акча өндүрүп алганга жанталашкандарын көрдүк. Алардын иштеп жаткандай түр көрсөткөнү эч бир пайдалуу жыйынтык берген жок: алардын бийликти кармап туруу рецеби - аракетсиздик жана принципиби жоктук болуп калды. Адамдарды ишендирип, үмүтүн ойготуп, бирок аны актабай коюу – бул бетпактык.   

Айтор, баарын көрдүк. Мунун баарынан тажадык.

Биздин максат – биринчи кезекте Кыргызстандын жаш муунунун кызыкчылыктарын жана үмүт тилегин чагылдыруу. Өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруу органына жаш адистерди алып келүү. Кыргызстандын саясатына заманбап адамдарды – азыркы учурду жана келечекти актуалдуу көрө билген, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз менен чектөөлөрүбүзгө сергек көз караштагы, элдин жашоо-турмушун терең түшүнгөн, иштиктүү, сабаттуу, жаш кыргызстандыктардын келишине шарт түзүү.  

Элибиздин бирден бир үмүтү жаштарда болуп турганына ишенебиз. Саясатчылардын эски муунуна ишеним калган жок, биз алардын колунан эч нерсе келбей калганын көрдүк. 30 жыл ичинде алар өлкөнүн, элдин байлыгын дээрлик сатып бүтүп, натыйжада бизди баарынан куру калтырышты. 

Биз өлкөнү кайрадан кура баштайбыз. Бул үчүн реалдуу иштер керек болуп турат.  Кийинки үмүт – иш-аракетте.   

Биз президенттин баштап жаткан негизги иштерин колдойбуз. Ошол эле маалда анын демилгелерине бут тосуулар, бурмалоолор болуп жатканын көрүп турабыз. Ага парламент тарабынан конструктивдүү сын менен демилгелүү колдоо керек. Биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз, ошондуктан шайлоого баратабыз. 

Мамлекет тарабынан биринчи кезекте көңүл бурулуучу маселелер:

  1. Энергетикалык кризис жана баалардын өсүшү;

Ар бир кризистин өзүнүн себептери жана күнөөлүүлөрү бар. Энергетика тармагындагы кризис системалуу болуп саналат жана алар бүгүн эле пайда боло калган жок. Буга күнөөлүүлөр конкреттүү өкмөт мүчөлөрү жана энергетика министрлиги.

Керектөө инфляциясын башкаруу – өкмөттүн жана Улуттук банктын түздөн түз милдети. Бүгүн алар өз ара кызматташ иш алып барышпайт, тескерисинче, атаандаштарга айланып калышты.

  1. Тышкы баш-аламандык жана Кыргызстандагы субъектүүлүк;

Пандемия биздин чабал экенибизди көрсөттү: Башка өлкөлөр тарабынан Кыргызстанга карата чектөөлөрдүн киргизилиши кыргызстандык эмгек мигранттарына кысым жасоонун куралы болуп калды. Бул өкүмзордукка өлкө кыйынчылык менен жооп кайтарууда; “кенже өнөктөш”, “калканыч аймак”, “өтмө коридор” форматындагы жашоо – мунун баары басмырланган позиция жана андан Кыргызстан өзүнүн саясий субъектүүлүгүн жоготууда.

  1. Кесипкөй чөйрөнүн деградацияланышы жана жумушсуздук;

Мамлекет эмгек рыногун түзүү маселесинен, тактап айтканда, эмгек мигранттарына материалдык жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүүдөн четтеп кетти. Биздин жумушчуларды башка өлкөлөрдө күтүп жатышат, аларга акы төлөөгө даяр. Бирок айрым шылуундар бул процесске да тоскоолдук жаратып, андан пайда табууну көздөшүүдө.

Буга чейинки бийликтин ишинин ийгиликтүү боло албаганынын түпкү себеби, мамлекет адамдардын тагдырына таптакыр эле катышпай, чыныгы элдик бийликтин жоктугунда болду. Ошондой эле  өлкөдө демократия бар деген түр көрсөткөндүгүндө.

Ошондуктан, биз өзүбүздүн идеологиялык принциптерге таянуу менен буларды өзгөрткүбүз келет.

Биз төмөнкүлөрдү көздөйбүз:

  • Коалициялык компромисстерди эмес, саясий принципиалдуулукту. Биз коомчулукту кенен кабардар кылуу менен көз карандысыз терең талдоолорго таянып парламентте натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишин жүргүзгүбүз келет.
  • экономикада мамлекет менен жеке демилгенин тең салмактуулугу, анын ичинде мамлекеттин экономикадагы стратегиялык тармактарга көбүрөөк көңүл буруу менен орто жана кичи бизнестин ишине азыраак кийлигишүүсүн, ошондой эле бардык жарандардын ренталык кирешеден өз үлүшүнө ээ болуу укугун;
  • адамдардын өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды эмес, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө багытталган социалдык мамлекетти; 
  • үй-бүлөлүк зомбулукту, никеге турууга мажбурлоону жана башка эски мүнөздөгү практиканы жок кылууну камсыздай турган гендердик теңчиликти жана маданий модернизациялоону;
  • билим берүүдөгү реформаларды, бул тармакты каржылоону эки эсеге жогорулатууну жана жаштар өз дареметин жаңы, санариптик дүйнөдө ишке ашыруусу үчүн Кыргызстанда атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнүн жаңы системасын түзүү үчүн чет элдик адистерди тартууну;
  • жеткиликтүү саламаттыкты сактоонун туруктуу системасын;

·         экологиялык жоопкерчиликти жана жаратылышты коргоо саясатындагы, ошондой эле мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик жогорку стандарттарды;

·         өз алдынча, жогорку даражадагы экономикалык демилгелүү жана бюджеттик жактан камсыздалган аймактарды ырааттуу, тең салмактуу өнүктүрүүнү.

                                                                                                

  1. Саясий принципиалдуулук

 

Жогоку Кеңештин азыркы учурдагы депутаты урматка татыктуу адамдын образынан алыс. Биз депутаттын статусуна шайлоочулардын ишенимин кайтарып, алардын чыныгы эл өкүлдөрүнө айланышын каалайбыз. Биздин партияда лидерлер бар, бирок жол башчы жок. Биз – Кыргызстандын жаңылануусун камсыздай турган келечек муундар үчүн гана эмес, учурдагы жашообузду өзгөртүүгө аракет кылгын  пикирлештердин биримдигибиз. Биз ыкчам өзгөрүүлөрдү каалайбыз жана сөзгө эмес, ишке басым жасайбыз.

Биздин принциптер:

  • Биз – өз алдынча күчпүз жана парламентте эч ким менен коалициялык биригүүгө барбайбыз. Бизге добушун берип жаткан шайлоочу биз шайлоодон кийин кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп алууга барбай турганыбызды анык билет;
  • Эгерде, биздин оппоненттерибиз жана идеологиялык каршылаштарыбыздын мыйзам долбоорлору адамдарга реалдуу пайда алып келерин көрүп турсак, анда биз аларды колдоого алабыз. Бардык саясий жана мыйзам чыгаруучу чечимдер карапайым адамдарга реалдуу пайда алып келиши керек;
  • Ар кандай чечим, демилге көз карандысыз, терең, кесипкөй талдоого жана ошондой эле коомдук талкууга алынууга тийиш.  

Биздин келечекке болгон көз карашыбыз: биз жакынкы келечекте түз таасир этүүчү демократиянын жаңы деңгээлине – ар бир жаран санариптик технологиялардын жардамы менен алыстан туруп актуалдуу маселелер боюнча өзүнүн пикирин билдире турган Санариптик эл бийлигине жетишишибиз керек. Бул депутаттардын бардык сунуштары, өкмөттүн жана президенттин долбоорлору эл тарабынан канчалык колдоо тапканын ыкчам баалоого мүмкүндүк берет.

Blockchain технологиясы коопсуздукту толук камсыз кылат жана ар бир добуштун сакталышын кепилдейт, аны административдик же башка кийлигишүүлөрдөн коргойт. Бул ошондой эле мамлекеттин ресурстарын да кыйла үнөмдөйт, анткени ар бир шайлоо эбегейсиз каражаттарды талап кылат, эң башкысы,  маанилүү социал-саясий чечимдердин кабыл алынуусуна элдин шайлоодон шайлоого чейин эле  эмес, туруктуу катышуусун камсыз кылат.       

3.      Экономикалык өнүгүү жана мамлекеттин катышуусу

Биз өкмөттүн экономикалык багытын кайрадан карап чыгууну жана жаңылоону талап кылабыз. Себеби, учурдагы багытты натыйжасыз жана туңгуюк деп баалайбыз. Өкмөттүн чечимдеринин саясатташып кеткенинен жана натыйжасыздыгынан улам мамлекет убакыттан уттуруп, элдин ишениминен ажыроодо. Саясатчылар чет элдик инвесторлорду тартып келүүнү өзүлөрүнүн сиңирген эмгеги катары баалап, коррупциялык чөйрөнү көбөйтүү менен аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берип  соодалашышат. Чет элдик инвесторлор өз ара атаандаш болушу керек . Биздин ресурстартарды колдонуу  менен рынокко жеткени үчүн Кыргызстанга атайын салык төлөөгө тийиш деп эсептейбиз. Муну менен бирге биз сынак процедураларында ачык-айкындуулуктун болушун каалайбыз. Келечекте өлкө башкалардын багытына кылчактабастан, улуттук мыйзамдардын эл аралык мыйзамдардын үстүнөн болгон артыкчылыгын кайтаруусу керек жана муну менен өзүнүн саясий субъектүүлүгүн бекемдөөгө тийиш.

Өлкө ресурстары – бул элдин байлыгы. Биз «Менин өлкөм – менин байлыгым»  деп аталган долбоорду алдыңкы  жылдарда ишке ашырабыз. Келечекте ар бир кыргызстандык туулгандан тарта өмүрүнүн акырына чейин өлкө ресурстарын иштетүүдө рентадан түшкөн, жеке пенсиялык эсебине чегерилип туруучу өз үлүшүнүн катталган укугуна ээ болууга тийиш. Ошол эле учурда ага бул каражаттар анын инвестициялык максаттары үчүн же жашоосуна абдан зарыл болгон учурда жеткиликтүү болушу керек.

Мамлекет  жарандардын экономикалык көйгөйүн четте карап турбоосу зарыл.

Биз мамлекеттик артыкчылыктуу багыт болгон кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн экономикалык  жыргалчылыгын көздөйбүз. Биз үй-бүлөлүк бизнести колдогон «Бекем үй-бүлө» деп аталган  жаңы долбоорду демилгелейбиз, анын мыйзамдуу аныктамасына жана камсыздалышына кепилдик беребиз. Үй-бүлөнү бекемдесек – экономиканы чыңдайбыз:

  • үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик шарттар – жылдык 4,8% жана мамлекеттик субсидиялоо менен;
  • үй-бүлөлүк бизнеске кийин сатып алуу укугу менен жерлерди узак мөөнөткө (49 жылга) ижарага берүү;
  • мындай үй чарбаларын коммуникациялар (жарык, суу) менен артыкчылыктуу түрдө камсыздоо;

Бүгүнкү экономикалык туруктуулук “Кумтөрдөн” эмес, энергетикалык тармактан жана жеке ишкерчилик демилгелеринен көз каранды. Ошондуктан, мамлекет бул багыттарды артыкчылыктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Көмүр казып алуу тармагын өстүрүү. Запастар боюнча биз Борбор Азияда 2 -орунда турганыбыз менен анын керектөөдөгү 3/2син импортко чыгаруудабыз. Көмүрдү пайдаланууга дүйнөлүк чектөөлөрдү киргизе турган мезгил жакындап келатат, ошондуктан өлкөнүн энергетикалык тең салмактуулугунун дээрлик жарымын түзгөн жана дагы кыйла мезгилге чейин аймактарга керектүү бул ресурсту максималдуу пайдаланып калууга бир нече гана жыл калды.   

Көмүргө болгон чекене бааны төмөндөтүү. Буга жетишүү үчүн,  көмүрдүн баасын көтөрүп жаткан кендердин жана керектөө борборлорунун өз ара начар байланышын чыңдап, 70%га жеткен транспорттун жана сатуу үлүшүн кыскартуу талап кылынат.

Ички энергетикалык ресурстар менен камсыздоонун артыкчылыктары: Адегенде өзүбүздүн жарандар толук камсыз болуп, анан экспортко чыгарылышы керек.  Биз энергетиканын келечегин ВИЭ (энергиянын кайра жаңыланып туруучу булактары)  өнүктүрүүдөн көрөбүз. Бул жерде ири потенциал жатат: ээн жаткан тоо боорлору – күн панелдерин жана шамал генераторлорун орнотууга даяр аянттар көптөгөн өлкөлөрдө ишке ашкан. Бирок, бизде азырынча бул багытты өнүктүрүүгө мыйзамдык жана нормативдик базалар толук жетишсиз болгондуктан, алдыга жылууга мүмкүн болбой турат.

Өлкөнүн суу потенциалы пайдаланылып жатканга караганда 10 эсе көптүк кылып, дээрлик 160 млрд. кВт. саатты түзөт. Ошол эле мезгилде керектөөнүн 80%ы түндүккө туура келет, ал эми негизги бөлүгү түштүктө иштелип чыгат, мындан улам электр энергиясын өткөрүү системасында жоготуулар абдан жогору болууда. Ошондуктан, биз мындай мүчүлүштүктү теңдөөнү: ири керектөөчүлөр (шаарлар, өнөр жай жана экспорт) үчүн иштеп жаткан ири гидроэнергетикага кошумча айыл жерлери үчүн кичи ГЭСтерди өнүктүрүүнү жана алардын потенциалын жогорулатууну    колдойбуз.

 

  1. Аймактарды күчөтүү

Өлкөдө миңден ашуун айылдар бар. Алардын энергетика жана суу менен камсыз болушу  жергиликтүү бюджеттерди толтуруунун кепилдигин берет.

Айыл экономикасын чыңдоонун факторлорунун бири катары биз жер-жерлерде отурукташкан аймактык коомчулуктардын (айылдарды жана айыл аймактарын) энергетикалык көз карандысыздыгын өнүктүрүү деп эсептейбиз. Бул максатта 70-100 үйгө (15-20 км. радиустагы) бирден орнотуу эсебинен өздүк наркы 7-80 тыйын/кВт. болгон кичи ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашыруу керек. Мындай долбоор иштелип чыгылган, өлкө боюнча бир нече жолу жарыя да кылынган, бирок айылдардын экономикалык жактан көз карандысыз болуусуна таптакыр кызыктар эмес айрым олигархтык түзүмдөрдүн монополиялык кызыкчылыгынан улам ишке ашырылбай келүүдө.

Өлкөдөгү суу ресурстарынын 90%дан ашыгы сугатка жумшалат. Мамлекет эскилиги жеткен, суунун 20%га чейинкисин жоготуп жаткан ирригациялык системаларды  борборлоштурулган модернизациялоодон өткөрүүгө тийиш. Биз суу кодексин кыйла жаңылоону, ирригацияга жана жергиликтүү коомчулуктардын дренажына бөлүнгөн каражаттарды жогорулатууну колдойбуз.

  1. Социалдык колдоо

Чоң, бекем үй-бүлө – кыргыздын байлыгы.  Биз жаш үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы системасын түзгүбүз келет. Статистика боюнча орточо алганда, кыргызстандыктар 25 жашка чейин үй-бүлөлүү болушат. Алар мамлекетке эмес, негизинен ата-энелерине, жакын туугандарына ишенет. Биз жаш үй-бүлөлөргө менчик бала бакчаларга кичи курагындагы балдары үчүн акы төлөп берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган даректүү субсидияларды берүү системасын киргизүү зарыл деп эсептейбиз. Ошондо жаш ата-энелер өзүлөрүн кесиптик жактан реализациялоого убакыт таба алышат. Ошондой эле биз өзүлөрүнүн балдары менен неберелерине жардам берип жаткан улуу курактагы ата-энелердин пенсияларына кошумча акы төлөп берүүнү демилгелейбиз.

Ошондой эле, биз карыган ата-энелери бар үй-бүлөлөргө материалдык колдоо, паллиативдүү (оорулуу адамдардын үй-бүлөлөрү) жардам көрсөтүүнү өнүктүрүүнү кубаттайбыз.

Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуунун булагы катары биз улуттук укуктун эл аралык укуктун үстүнөн болгон артыкчылыгын калыбына келтирген кийинки этапты Кыргызстандагы жер астында жайгашкан кендерди жана ресурстарды экспорттоо чөйрөсүндө алектенген чет элдик компаниялар үчүн салык жүгүн көбөйтүүдөн көрөбүз. Биз Кыргызстанда иштеген чет элдик компаниялар жогорулатылган социалдык төлөмдөрдү төлөөгө тийиш деп эсептейбиз. Биз алардын өзгөчө социалдык активдүүлүгүнүн, кайрымдуулук ж.б. PR-долбоолорунун кажети жок деген ойдобуз, алар кыргызстандык компанияларга караганда болгону социалдык муктаждыктарга 30%дан  ашыкча төлөм чегере беришсин.   

  1. Маданий тааным

Убакыт алдыга гана кетет жана эч нерсе өзгөрүүсүз калбайт. Жадакалса биздин маданий улуттук таанымыбыз да өзгөрөт. Биз бардык жаңы нерселелерди жыргалчылыгыбызга пайдалануу менен мезгилден калышпай ыкчамдап баратабыз. Анткени бул биздин мезгил.

Биз улуттук каада-салттарыбызды сактап калган бекем үй-бүлөлөр болсо экен дейбиз. Бирок эскирген, мезгилинен өткөн, көп учурда гумандуулукка каршы келген үрп-адаттарды жандандырууга же аларды колдоого каршыбыз.

Аялдардын, балдардын өмүрү, ден соолугу, ар-намысы жана адамдык баалуулугу – ыйык түшүнүк. Аларга кол салуу – кылмыш жана ал жогорулатылган жоопкерчилик менен жазаланууга тийиш.

Шаар менен айылдын ортосундагы маданий жана билим берүүнүн деңгээлиндеги айырмачылыкты азайтуу керек. Бул максатта санариптик жана маалыматтык теңсиздикти төмөнкүлөр менен жымсалдоо зарыл:

  • интернетке жеткиликтүүлүктүн сапатын (тактап айтканда, өлкө аймагынын 4G сигналы менен камтылуусун) жогорулатуу;
  • мамлекеттик тилдеги, анын ичинде, кыргыз тилдүү ЖМКга дотация берүү аркылуу сапаттуу контенттин көлөмүн өстүрүүнү стимулдаштыруу.

7.      Атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү

Биз билим берүү системасын эки багыт боюнча модернизациялоо зарылдыгын көрүп турабыз:

Биринчиси – жаш кыргызстандыктарга жумушчу кесиптеринин кеңири түрлөрүнө сапаттуу жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган кесиптик орто билим берүүнү тездетилген түрдө өнүктүрүү. Кыргызстанды Worldskills системасына кошуу, заманбап деңгээлдеги жумушчуларды даярдоонун дүйнөлүк практикаларын өздөштүрүү;

Экинчиси – жогорку билимге (же санариптик экономикада өзүлөрүн реализациялоого) талапкер болгон жаштар ийгиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн программалаштыруунун жана санариптик кесиптердин баштапкы негиздерине даярдоонун мектептик деңгээлин жогорулатуу. Ириде мектептин бүтүрүүчүсү заманбап тилдерди/практикалык деңгээлде программалаштыруунун технологияларын билүүгө тийиш. Буга жетишүү үчүн өлкөгө чет элдик окутуучуларды жана билим берүүнүн технологияларын тартуу иши турат. Биздин өлкөдө мындай деңгээлдеги окутуучуларга жана билим берүү технологияларына реформа жүргүзүү үчүн мыйзамдык база да жок.  

8.      Экологиялык жоопкерчилик

Жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамиле глобалдык жылуулукту белгилеп коюудан эмес, өзүбүздүн короонун, айылдын, шаардын тазалыгына кам көрүүдөн жана өнөр жай ишканаларынын экологиялык стандарттарды сактоо жаатын тартипке келтирүүдөн башталат.

 

Биздин артыкчылыктуу багыттар:

  • Тиричилик таштандыларын чогултуунун жана кайра иштетүү системасын модернизациялоо. Чогултулуп, жөн эле жерге көмүлгөн турмуш-тиричилик жана өнөр жай таштандыларынын көлөмү эбегейсиз, эски полигондордун кубаттуулуктары жумшалып бүткөн, ал эми кайра иштетүүнүн эски технологиялары жараксыз. Катуу тиричилик таштандылардын айлануусун жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам чаралары талап кылынууда.
  • Улуттук парктардын жана коруктардын аймактарын кол тийбеген бойдон сактап калуу. Коорупционерлер мындай жерлерди өзүлөрүнүн хан сарайларын куруу үчүн, бизнес түптөө же оюн-зоок жайларды салуу үчүн пайдаланып, жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдарды сактабай жатканы жашыруун деле болбой калды.
  • Калктуу пункттарды жашылдандыруу жана токойлорду калыбына келтирүү системаларын түзүү.

 

  1. Туруктуу саламаттыкты сактоо

Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыздын канчалык чабал экенин, ал эми жетекчи органдардын коркуудан улам кадыресе акыл калчай албай калганын көрсөттү. Стресс-тесттен саламаттыкты сактоо министрлиги өтө алган жок.

Пациенттер ар кандай өндүрүштөн чыккан, башкача айтканда, түшүнүксүз формулалар боюнча айрым учурда тескери натыйжа берген вакциналарды алган учурлар арбын. Вакцина алгандардын жана ооруп айыккандардын эсеби  жүргүзүлбөйт, справкалар сатыкка чыгып кетүүдө.

Ковид -19 көйгөйүнүн фонунда ковидден башка оору жок сыяктуу өнөкөт ооруларга медициналык жардам көрсөтүү таптакыр токтоп калган. Дүрбөлөңдү токтотуп, саламаттыкты сактоо системасынын нормалдуу ишин калыбына келтирүүгө убакыт жетти. Вакцинациялоо боюнча биздин жарандар кетип жаткан өлкөлөр менен өз ара справкаларды таанууну тарипке салуу керек.

Коркок чиновниктердин алдында врачтар өзүлөрүн чыныгы каармандар катары көрсөтө алышты. Ошондуктан, биз саламаттыктык сактоо системасын врачтар менен медайымдар гана кармап турганын түшүнүүбүз керек. Алардын эмгеги татыктуу акы төлөнүүгө, келечеги корголууга жана камсыз болууга тийиш.

 

****

Негизги тизмени реалдуу жана ишке даяр,  биздин жарандарга жардам берүү үчүн пандемия мезгилинде бириккен активдүү жаштар түздү.  Бизди бул иш бириктирип, достоштурду.  Эми, өлкөнү  өнүктүрүүнү биргеликте жүргүзүүнү моюнубузга алдык. Ошентип адамдарга жардам берүү максатында чогулган жаштар, пикирлештер партия түздүк. Биз бүгүн элдин үмүтү – аракетте экенине ишенебиз. Биз аракет кылууга даярбыз.