Саясий партиянын кыскартылган аталышы: «Эл Үмүтү

ССП», «СПП Надежда Народа»

ИНН 01911202010139

Алгачкы каттоо күнү: 19-ноябрь, 2020-жыл

Саясий партиянын түзүү жолу: негиздөөчү

Уставдын кабыл алынган датасы: 2020-ж. 22-сентябрындагы №1 чечими

(кайра каттоо): 2021-жылдын 17-августу

Регионалдык бөлүмдөрдүн катталган саны – жок

Туруктуу коллегиялык башкаруу органы: Партиянын саясий кеңеши

 

САЯСИЙ ПАРТИЯ

«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы»

(саясий партиянын аталышы)

 

Байланыш маалыматтары: 0701 102 552, 0704 262 797

 

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көч. 183

 

Телефон номерлери: 0701 102 552, 0704 262 797

 

Коомдук кабылдама: 0550 737 307

 

Интернет желесиндеги байланыштар: Nadejdanaroda@gmail.com

 

Расмий сайт: www.elumutu.kg

 

Саясий партиянын төрагасы (Лидердин кыскача өмүр баяны):

                Алмаз уулу Аскар 1993-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы №58 орто мектепти ийгиликтүү аяктап, андан кийин Бишкек шаарындагы Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институнун (ББЗИТИ-ИСИТО) юридикалык факультетине тапшырган. Ал жерде институттун жашоосуна активдүү катышып, университеттер аралык жана эл аралык конференциялардан дайыма байгелүү орундарды алып келген. 2012-жылы үй-бүлөлүк себептерден улам Орусияга кеткен. Ал жерде иштеп жүрүп, саясат таануу илимин кошо окуган. Кыргызстандын ички жана тышкы саясий процесстери тууралуу макалаларды интернет тармагына байма-бай жарыялап турган. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин окуусун улантып, 2021-жылы ББЗИТИни ийгиликтүү аяктаган.

2019-жылдын декабрь айында Алмаз уулу Аскар өзүнүн санаалашы менен бирге "Жаштардын Демилге Борбору" коомдук бирикмесин түзгөн. Кыска мөөнөттүн ичинде, Жаштардын Демилге Борбору көптөгөн коомдук долбоорлорду ишке ашырды. 2020-жылдын жаз айында активисттер шаарды көрктөндүрүү максатында 2000ге чукул бак-дарак отургузушкан. Ошол эле жылдын жай айында болуп өткөн пандемия мезгилинде А. Алмаз уулу командасы менен биргеликте биринчилерден болуп бүтүндөй өлкөнүн жарандарына өтө зарыл болгон дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун бекер таратып, Бишкек, Балыкчы, Нарын, Чолпон-Ата, Талас, Ош, Кадамжай ж.б. шаарларда ачылган убактылуу стационарларды керектүү жабдыктар менен камсыздашкан.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин орун алган башаламандыкта, Жаштардын Демилге Борбору алгачкылардан болуп элдик кошуун түзүп, шаардын бейпил жашоосун коргоо үчүн чыгышкан. Октябрь окуяларынан кийин өлкөдөгү абал турукташканда да Жаштардын Демилге Борбору өз ишин улантып, элге жардамын берип келди. Айта кетсек, ошол эле жылы кышында Борбордун активисттери демөөрчүлөрдүн жардамы менен Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын тургундарына 800 тоннага жакын көмүр жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө кышкы кийимдерди таратышкан.

2021-жылдын жазында Баткен облусунда чегарадагы жаңжалда Алмаз уулу Аскар санаалаштары менен дароо эле жардам колун сунушкан. Активисттер чек арага жакын айылдардын тургундарына 10 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүшүп, чек арачыларга рация, фонарь, дүрбү жана башка аскердик аммуницияларды тапшырышкан.

            Азыркы учурда Жаштардын Демилге Борбору өз ишин улантууда.

“Эл Үмүтү” социал-саясий партиясынын шайлоо алдындагы платформасы

 

“Эл Үмүтү”социал-саясий партиясы пандемия мезгилинде жарандарга жардам берүү максатында бириккен активдүү кыргызстандык жаштар тарабынан түзүлгөн. Партиянын максаты – Жогоку Кеңешке азыркы учурду жана келечекти көрө билген заманбап адамдарды, иш билги, сабаттуу жаш кыргызстандыктарды алып келүү. 

Биздин артыкчылыктуу саясий багыттарыбыз:

  • Ар бир кабыл алынган саясий чечимдер жарандардын материалдык жыргалчылыгын коргоп, адамдарга реалдуу пайда алып келүүгө тийиш;
  • Коалициялык компромисстерден саясий принципиалдуулук жогору турушу керек. Биз парламентте коомчулукту кеңири кабардар кылуу менен көз карандысыз терең талдоолорго таянып, натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишин жүргүзөбүз; 
  • Улуттук кызыкчылыкты коргогон мыйзамдардын артыкчылыктуу багыттарын эл аралык деңгээлде калыбына келтирүү жана Кыргызстандагы кен байлыктар тармагында иштеп жаткан чет элдик компанияларга талаптарды жогорулатуу;
  • Экономикада мамлекет менен ишкерлердин ортосунда тең салмактуулукка жетишүү. Мамлекет экономиканын стратегиялык тармактарына көбүрөөк көңүл бөлүп, орто жана кичи ишкерчиликке азыраак кийлигишүүгө тийиш. Бардык жарандардын ренталык кирешедеги жеке үлүшүнө болгон укугун ишке ашыруу;
  • Биз адамдарды өнүктүрүүнү жана кыргыз үй-бүлөсүн бекемдөөнү көздөгөн, буга тоскоолдук жаратпай, мүмкүнчүлүк түзгөн социалдык мамлекеттин болушун жактайбыз;
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка, никеге мажбурлоого жана башка эскичил мүнөздөгү көрүнүштөргө карата келишпестикти камсыз кылган гендердик теңчиликти жана маданий модернизацияны колдойбуз;
  • Билим берүү тармагын каржылоону эки эсеге көбөйтүү жана Кыргызстандагы жаштар жаңы, санариптик дүйнөдө өз жөндөмүн ишке ашыруусу үчүн заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү орто жана орто кесиптик билим берүү тармагын түзүү;
  • Саламаттыкты сактоонун жеткиликтүү, туруктуу системасын калыптандыруу;
  • Жаратылышты коргоо чөйрөсүнө жана экологиялык жоопкерчиликке багытталган жогорку стандарттагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу менен бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртууга жетишүү;
  • Аймактардагы экономикалык демилгелердин көз карандысыздыгын жана бюджетин камсыз кылуу менен аларды ырааттуу жана тең салмактуу өнүктүрүү.