Биздин Багытыбыз: Орто Азияда күчтүү КЫРГЫЗСТАН, Орто Азияда жаркын КЕЛЕЧЕК!

 

Биз дүйнөнүн эң кооз жана эң маанилүү географиясында жашаган терең жана көркөмдүү тарыхы болгон байыркы элбиз. Биз тарыхыбызды, жерибизди жана өздүгүбүздү өзгөртө албайбыз. Ушул чындыктардын негизинде биз биргеликте күчтүү КЫРГЫЗСТАНды жана жаркын КЕЛЕЧЕКти түптөй алабыз. "Багыт" Партиясы катары биз ушул чындык үчүн барбыз жана ушул чындык үчүн жашайбыз.

Элибиздин тарыхынан жана тамырынан келген баалуулуктарынан ильхам алган БАГЫТ ПАРТИЯСЫнын Программасы толук эгемендүү, күчтүү жана үлгүлүү КЫРГЫЗСТАНды биргеликте түптөөгө, демократиялык стандарттарды жогорулатууга, адамдын негизги укуктарын жана эркиндигин коргоп андан да ары өркүндөтүүгө, жарандардын жашоо сапатын көтөрүп бейпилдигин жана ишенимин арттырууга багытталган. Бул Программада элибизге кызмат кылуунун негизги принциптери, максаты жана саясаты көрсөтүлгөн.

Ата бабаларыбыздын эзелтеден бери келе жаткан каада салты жана улуттук баалуулуктары менен урпактарды тарбиялоо, илимди жана билимди өркүндөтүп глобалдык деңгээлде ой жүгүртө алган жаңы мекенчил муунду өстүрүү партиябыздын эң негизги милдети болуп саналат...

Партиянын программасы жана максаты коомдогу эң негизги 5 көйгөйдү эске алуу менен түзүлгөн:

  1. Жумушсуздук, 2. Кымбатчылык, 3. Миграция, 4. Билим берүү, 5. Экстремизм

Жумушсуздук менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмасы – экономикада ишеним жана туруктуулук чөйрөсүн түзүү аркылуу инвестицияны жана өсүштү көбөйтүү. Жумушсуздук менен байланышкан структуралык көйгөйлөрдү чечүү, эмгек рыногун реформалоо, көп тармактуу активдүү жумушчу күчү саясатын жүргүзүү жана кесиптик билим берүүгө жаңы көз карашты берүү аркылуу болот.

ИННОВАЦИЯ жана ИШКЕРДҮҮЛҮК

  • Улуттук өндүрүштү колдоо жана коргоочу, экспортко багытталган ички дүң өндүрүмдү заманбап технологиялар менен жабдуулаганга салым кошуучу ишкерлерди колдоо программасы түзүлөт.
  • Ишкерлердин тышкы рынокторго ачылышын жеңилдетүүчү жана колдогон механизмдер иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.
  • Жаңы ишкерлерди колдоо үчүн салык тарабындан жеңилдикке түрткү берүүчү топтомдор даярдалат.
  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга код жазуу жана технологияларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет жана кошумча наркты түзүү менен алар социалдык жашоого жана экономикага киргизилет.
  • Учурдагы технология борборлордон тышкары, өлкөнүн инновациялык борборлорунун, тармактык вертикалдарынын жана аймактык мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында регионалдык инновациялык борборлор түзүлөт жана колдоого алынат.

БИЛИМ

  • Балдарыбыздын улуттук баалуулуктарга ээ мыкты инсан катары өсүп чоңоюшу, жакшы мектептерде жакшы билим алышы үчүн мектептерибиздин бүгүнкү талаптарга ылайык заманбап технологиялык, илимий, социалдык жана маданий инфраструктура стандарттары менен камсыз кылынат.
  • Биздин студенттердин чыгармачыл, эркин, сынчыл ой жүгүртүү, биримдикте жашоо жана чогуу иштөө жөндөмдүүлүктөрү өркүндөтүлөт; көйгөйлөрдү чечүү, изилдөө, сурамжылоо, технологияларды жана ишкердик жөндөмдөрүн натыйжалуу пайдалануу, талдоо, синтездөө жана баалоо, адам укуктарына, жаратылышка жана айлана-чөйрөгө сезимтал болгон улуттук баалуулуктар менен "жакшы адам" катары тарбиялап өстүрүү биздин маскат болуп саналат.

ҮЙ-БҮЛӨӨ

Коомдун өзөгүн түзүүчү, инсандарды жана коомду бириктирип турган үй-бүлөөлүк институт, бул жеке инсандарды толеранттуулук, сүйүү жана өз ара түшүнүшүү негизинде тарбиялоо менен күчтүү коом болуунун негизги принцибин түзөт.

Биздин улуттук маданиятыбыз жана адеп-ахлактык баалуулуктарыбыз үй-бүлөөнүн ыйыктыгына маани берүүбуздү талап кылат. Биз үй-бүлөөнү тынч жана бактылуу жашоо үчүн жылуу үй катары жана жаңы муундарды тарбиялоочу мектеп катары көрөбүз.

Майыптар

Биздин майыптар үчүн социалдык жашоонун бардык чөйрөлөрүнө катышуу жана "укукка негизделген" көз караш менен жумушка орношуу укугун камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги түзүлөт, биздин негизги саясатыбыз - ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген балага бирдей жеңилдиктер берилип, кызмат көрсөтүүлөрдө жеткиликтүүлүктү жана социалдык жашоого катышууну оң тараптан камсыз кылуу.

ЭЛ АРАЛЫК МИГРАЦИЯ ЖАНА ЭКСТРЕМИЗМ

Дүйнө жүзүндө терроризмге каршы күрөш эл аралык мамилелерде жана өлкөлөрдүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлейт. Согуш жана ички жаңжалдардан улам пайда болгон эмиграция да терроризм сыяктуу эл аралык коркунучка айланды. Ушул миграциялык тенденциялардын артында пайда болгон адам, курал-жарак жана баңги заттарынын контрабандасы сыяктуу көйгөйлөр улуттук гана эмес, эл аралык да көйгөйгө каршы күрөштүн улантылышын талап кылат.