Саясий партиянын кыскача аталышы: "ОРДО"

ЮЖБР кирүү датасы: 2019-ж. 19-апрель.

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Ыктыярдуу бирикме.

Уставдын кабыл алынган датасы:

2019-ж. 19-апрель.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: жок.

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш.

“ОРДО ”САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек ш. Абай ккөчөсү 40.

Байланыш телефону: 0501 00 88 55.

Коомдук кабылдама:

Интернеттеги байланыш тармактары: https://www.facebook.com/ordo.party/

Расмий сайт: http://ordo.asia/

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):

Мияров Мирбек Ибаратович

Туулган жылы жана жери: 1984-ж. 2-декабрь, Бишкек шаары.

Улуту: Кыргыз.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү.

Билими: 1992-2001 Бишкек шаарынын А.Осмонов атындагы №68 мектеп – гимназиясы.

2001-2006 Кыргызстан Эл Аралык Университетинин алдындагы Политехникалык колледж. Электр байланыш техниги.

2006-2010 И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университет. Байланыш ннженери.

2012-2014 Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы. Менеджмент багытында Магистр академикалык даражасы ыйгарылды. 2014-жыл 27-июнь, Мамлекеттик жеке өнөктөштүк.

Тилдерди билүүсү: кыргыз, орус, англис.

Сыйлыктар: 2010 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамотасы, № 92-k / 1 буйругу.

2010-ж. Күбөлүк. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаш менеджерлерди окутуу.

Саясий партиянын максаттары жана милдеттери (баяндоо):

1.1. Көзкарандысыз, демократиялык, укуктук, социалдык

багытталган кыргыз мамлекетин куруу.

1.2. Республикада башкаруунун демократиялык формасын көп партиялуу системанын негизинде, бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине бөлүүнүүнүн негизинде орундатуу.

1.3. Улуттук экономиканы уюштурууда жана башкарууда мамлекеттин алдыңкы ролун камсыз кылуу, улуттук байлыкты адилеттүү бөлүштүрүү.

1.4. Менчиктин бардык формаларынын теңдигин, жеке менчик эркиндигин камсыз кылуу.

1.5. Республиканын калкынын бардык катмарларына социалдык коргоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын камсыз кылуу.

1.6. Жарандардын жалпы билим берүү жана медициналык жардам кызматына бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

1.7. Жарандардын турак жай жана жумушка орношуу укугун камсыз кылуу.

1.8. Мамлекеттик башкарууга катышуу максатында шайлоо кампанияларында - Жогорку Кеңешке, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына - талапкерлерди көрсөтүү. Өзүн-өзү башкаруу, ошондой эле өкүлчүлүктүү органдарда фракциялардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүү.

1.9. Мыйзамга ылайык шайлоо блокторуна кирүү.

1.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык массалык агитация жана пропаганда иштерин жүргүзүү.

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

  • Партия негизинен аймактык принципке негизделген. Партиянын негизин баштапкы уюмдар түзөт. Кеминде 3 адамдан турган партия мүчөлөрү баштапкы уюм түзө алышат.
  • Партиянын жогорку органы болуп партиянын курултайы (съезди) эсептелет, ал кеминде 2 жылда бир жолу чакырылат.
  • Курултайдардын (съезддердин) мезгил аралыгында партиянын башкаруу органы болуп партиянын Саясий кеңеши жана партиянын төрагасы болуп саналат.

Саясий партиянын жаштар уюму 

“Жаш ОРДО” - партиянын жаштар канаты. Лидери – Абдикеримов Ислам Жусупович.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар):

“ОРДО” жаш партиялардын катарына кирет. Бул 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кампаниясы - бул партиянын биринчи шайлоо өнөктүгү.