Урматтуу Кыргызстандыктар!

 ЭКОНОМИКА САЯСАТТАН МААНИЛҮҮ!

 

Чиновниктердин санын кескин кыскартабыз!

Биздин өлкөдө көптөгөн чиновниктер жана бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар көп.

Партия натыйжасыз чиновниктерди кыскартууга жетишет.

Өлкөгө компетенттүү гана адистер керек, ошондуктан биз аларга татыктуу эмгек акы төлөшүбүз керек. Бул паракорчулукту түп тамырынан жоюуга өбөлгө түзөт.

Ар бир чиновниктен отчёт алуу тутумун түзөбүз.

 

Мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартууга шарт түзөбүз!

Биз көзөмөлдөөнүн так жана ачык тутумун түзөбүз.

Натыйжалуу мыйзамдар натыйжасыз жана коррупциялык мамлекеттик текшерүүлөрдү жокко чыгарат.

 

Биздин мигранттар – биздин инвесторлор!

Россияда Кыргызстандын 600 000 ден ашык жараны жашайт. Аларөлкөүчүнмыктыинвесторлор.

Ар бир эмгек мигрантынын кесиби болушу керек. Бул үчүн биз өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул ага жумуш таап кирешесин көбөйтүүгө жардам берет.

Ошондой эле жарандарыбызга кош жарандуулук берүүгө жетишкенге аракет кылабыз.

 

Кен байлыктардын кирешеси – элге!

Биз жер казынасын иштетүүнүн жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулабыз.

 

Фермерлерди кооперативдерге бириктирүү айыл-чарба продукцияларын көп көлөмдө экспорттоого мүмкүндүк берет!

Бүгүнкү күндө биздин фермерлер продукцияны ири чет элдик сатып алуучуларга жеткире алышпайт.

Биз айылдык жумушчулардын продукцияларын пландаштыруунун жана сатуунун толук кандуу тутумун камсыздайбыз. Андан тышкары, жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин түзөбүз.

 

 

Салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз!

Төмөн салыктар дүйнө жүзү боюнча олуттуу инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Инвестиция - бул экономикалык өсүш, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу жана бюджеттин көбөйүшү. Ал эмибулжогоркуэмгекакы, пенсия жанажөлөк пул.

 

Инвестиция - булэкономикалыкөсүш, элдинжыргалчылыгынжогорулатуужанабюджеттитолтуруу. Бул айлык акысы жогору болгон жумуш орундарынын санын, ошондой эле пенсиянынжанажөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

 

Жашыл экономика– бул экономикалык көзкарандысыздыктын негизи!

Биз заманбап, жогорку технологиялык, экологиялык булактарды пайдаланууну колдойбуз. Биз жогорку экологиялык стандарттарга жооп берген альтернативдүү энергетиканы, электромобилдерди жана коомдук транспортту киргизүүнү камсыз кылабыз.

Биз коопсуз индустрияны өнүктүрүү, калкты органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгарууларды кескин азайтуу идеясын колдойбуз.

 

АР БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮН БАКУБАТ ЖАШООСУ - МАМЛЕКЕТТИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

 

Заманбап медицина - улуттун ден соолугунун негизи

Биз заманбап ооруканалардын курулушун камсыздайбыз жана тез медициналык жардамдын сапатын жакшыртып, керебеттердин санын көбөйтөбүз. Биз жогорку технологиядагы медицинанын өнүгүшү үчүн шарттарды түзөбүз, бул биринчи кезекте жугуштуу оорулардын алдын алуунун ролун жогорулатат.

Тез жардам станциялары жетиштүү сандагы тез жардам унаалары менен жабдылышы керек.

Медицина кызматкерине кам көрүү – партиянын артыкчылыктуу максаттарынын бири. Адам өмүрүн сактагандар эң жогорку деңгээлдеги жашоого татыктуу. 

 

            Таштандыларды чыгаруу көйгөйлөрүн чечүү - жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу

            Уруксатсыз таштанды таштоочу жайлар жана таштанды төгүүчү жайлардын көйгөйлөрү өлкө жарандарын жана айлана-чөйрөнү ууландырып жатат.

Биз таштандыларды натыйжалуу иштетип, заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүүнү камсыз кылабыз.

 

Турак-жайга укук - ар бир жарандын ажыратылгыс укугу

Биз арзан баада турак-жай куруунун жаңы механизмин иштеп чыгабыз.

Биз ипотеканын негизги суммасын алгач, андан кийин пайыздарды төлөп бергендей кылууга жетишебиз. Бул ипотека насыясынын жалпы суммасын эки эсеге кыскартат.

 

“Балага сүйүнчүнү” 50 000 сомго чейин жеткиребиз!

Мындан ары да жаңы төрөлгөн ымыркайларга төлөөнү 50 000 сомго чейин жеткирүүгө аракетибизди улантабыз. 

 

Мугалимдердин татыктуу жашоосу – биздин келечекти камсыз кылат

Биз мугалимдерге өнүккөн өлкөлөрдө билим деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн беребиз.

Мугалимдер үчүн “Атайын статус” мыйзамдуу түрдө аныктайбыз.

 

 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана жетим балдарга кепилденген жардам – социалдык теңдиктин негиздеринин бири

Партия мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдун экономикалык, саясий жана маданий жашоосуна активдүү катышуусуна болгон тоскоолдуктарды жок кылат.

 

Биз жетимдерди жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыз кылуу механизмин иштеп чыгабыз.

 

Билимберүүжанамаданият - элдинбаалуулугу

Кыргыз Республикасы көзкарандысыз мамлекет деп жарыялангандан бери ар бир кийинки муун кыргыз тилин мурункуларына караганда начар билерин жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгын көрсөткөн кайгылуу статистика белгиленди.

Мамлекеттик тилди билүү  - мамлекеттин негизи. Эне тилин жоготуу мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучун жаратат. “Кыргызстан” партиясы кыргыз тилин өнүктүрүүнү жактайт. Маданиятты жана кыргыз тилин өнүктүрүү биздин жалпы улуттук милдетибиз.

 

НАТЫЙЖАЛУУ ЭЛ АРАЛЫК САЯСАТ - БИЗДИН ӨЛКӨ ҮЧҮН ТУРМУШТУК ЗАРЫЛЧЫЛЫК

 

ЕАЭБге мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрүн 100% пайдалануу

Бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБдин активдүү эмес мүчөсү болууда, жана биз колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн толук спектрин көрүп жатабыз.

ЕАЭБнын мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы 185 миллион сатуу  рыногуна жол ачат.

Кыргызстан өз экономикасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүнүн бардык көлөмүн колдонушу керек.

 

ЖПТ+ -бул биздин Европага чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз

Европа бирлиги биздин өлкөгө берген ЖПТ+ потенциалын аткаруу бийлиги пайдаланбайт.

Биздин максат – Европанын сатуу рыногу аркылуу өлкөнүн экспорттук кирешелерин көбөйтүү, тактап айтканда:

 – жогорку сатып алуу жөндөмү менен 400 миллион күчтүү рынокко кеңири мүмкүнчүлүк алуу;

  • 6 000 товардык позициялар боюнча бардык салыксыз преференцияларды пайдалануу.

 

ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА МЫЙЗАМДЫН ҮСТӨМДҮГҮ- БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТЫБЫЗ

 

Чек аралардынкоопсуздугу жана чек ара аймактарынынтургундарынын көйгөйлөрү партиянынөзгөчөкөзөмөлүндө

 

Партия чек ара жанакүч блогу боюнчавице-премьер-министрин Ош шаарынаөткөрүпберүүнүсунуштайт.

Күч ведомстволорунун орун басарларынан турган жетекчилик курам өлкөнүн чек ара аймактарында болушу керек.

Чек аралар такталбаган жерлерде аймактарга жана жарандарга өзгөчө статус берилиши керек.

 

Сөз эркиндиги – биздин демократиянын негизи

Басма  сөз жана сөз эркиндиги Кыргызстан жарандарынын кол тийгис жана баа жеткис баалуулугу бойдон калууда. Бүгүнкү күндө бийликтин эл жана мыйзам алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда.

 

Мыйзамдын үстөмдүгү – бизнести өнүктүрүүнүн зарыл болгон шарты

Бизнес ар дайым соттору көзкарандысыз болгон өлкөлөрдө гана өнүгөт.

Партия мындан ары сот тутумун өнүктүрүү жана мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн бардык күчүн жумшайт.

 

Жылына 2 миллион турист!

Биз туризм тармагына заманбап иш ыкмаларын киргизебиз. Инфратүзүлүштү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарт түзөбүз.

Биз мыйзамдуу түрдө ар бир туристтин коопсуздугун камсыз кылабыз.