Кыскача саясый партиянын аталышы: СП «Чоң казат»                         

Кирүү күнү: ЮЖБР 02.04.2012 ж.                              

Саясый партиянын түзүлүшү:

Ыктыярдуу коомдук бирикме

Партияны каттоо: КР юстиция министрлиги

регистрация номери: 122189-3300-СП, код ОКПО 27704226                                                                                                              

Уставтын кабыл алынган куну : 01.03.2012 г                

Регионалдык бѳлүмдѳрдүн катталган саны: жок

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий Кеңеш

 

«ЧОҢ КАЗАТ» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш телефону: 0700-18-33-77                                                                                       

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Дэн Сяопин кѳчѳсү, 457                                        

Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Новосибирск кѳчѳсү, 27                                           

Интернеттеги байланыш тармактары: chongkazat.kg@gmail.com, инстаграмм – chongkazat, facebook – Чон Казат                                                                                                                                     

Расмий сайты:  chongkazat.org                                                                                                  

Саясий партиянын тѳрагасы:

Мамытканов Максат Суйуналиевич 12.01.1971 г.р., туулган жери Ыссык-Кѳл облусу, үй-бүлѳлүү, 3 балалуу

Жумуш тажрыйбасы жана кесиптик чеберчилиги:

16.08.2020 ж. - «Чоң Казат» партиясынын тѳрагасы

2011 – азыркы убакытка чейин «Чоң Казат» Саясий партиясынын негиздөөчүсү, «Деньги&Власть» гезитинин тең негиздөөчүсү

2011- азыркы убакытка чейин  «Consulting Media» ЖЧКнын мүдүрү

2010-2011 ж. «Альфа-Телеком» ЖАКнун коопсуздук боюнча мүдүрү

2007-2010 ж.  Коллектордук компаниянын мүдүрү

1997-2011 ж. Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөгѳн, запастагы майор

Билими:

1988-1993 ж. Фрунзе политехникалык институту (ФПИ), «Тоо инженер-электромеханика» адистиги (артыкчылык диплому)

2007-2009 ж. Арабаев атындагы КМПУ «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги (артыкчылык диплому)

Саясый партиянын максаты жана милдети:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого талапкерлерди, мамлекеттик кызмат орундарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүү, өкүлчүлүктүү органдарда фракциялар түзүү;

- Мамлекеттик саясаттын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу;

-  Башка партиялар, коомдук бирикмелер менен блок тузүү, биригүү;

-  Мамлекеттүүлүктү, эгемендүүлүктү, аймактын бутүндүгүн сактоо, улуттук маданиятты сактоого, жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга жөндөмдүү базар экономикасын түзүүгө, патриотизмди жандандырууга көмөктөшүү;

- Коомдун саясий жашоосуна катышуу жана аны жалпы калктын жана мамлекеттик бийлик органдарына жеткирүү аркылуу, кыргыз жарандарынын саясий эркиндигин  жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын, муктаждыктарын иликтөө, талдоо жана жалпылоо, Кыргыз Республикасынын калкынын көпчүлүгүнүн жана мамлекеттен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу формаларын иликтөө боюнча сунуштар түрүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы мыйзамдарын жана чечимдерин жайылтуу;

- Калк менен жалпы үгүт иштерин жүргүзүү, партиянын максаттары жана милдеттери жөнүндө калкка маалымдоо;

- Экономикалык жактан өнүккөн, укуктук, демократиялык мамлекетти курууга жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген башка аракеттерди жүзөгө ашыруу.

Башкаруучу органдар жана түзүм жөнүндө маалымат:

  1. Партиянын Төрагасы Саясий кеңештин ишин багыттайт, анын ишине ыкчам талдоо жүргүзөт, Партиянын Саясий кеңешин кийинки курултайга отчет берүүгѳ даярдоону уюштурат.

Тѳраганын ыйгырым укуктары:

- партиянын ишиндеги жалпы саясий жетекчиликти жүзөгө ашырат;

-  партиянын саясий кеңешинин жана партиянын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт жана кѳзѳмѳлдѳйт;

- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен мамилелерде Партиянын атынан чыгат;

- Партиянын курултайынын, партиянын Саясий кеңешинин жана партиялык-текшерүү комиссиясынын кезексиз жыйналыштарын чакырат;

-  мамлекеттик жана администрациялык органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен ишкердик кызматташууну бекемдейт;

- Партиянын учурдагы финансылык иши жөнүндө чечим кабыл алат;

- Партияны жетектоо боюнча тиешелуу ишмердигин ишке ашырат.

  1. Саясий кеңеш - партиянын курултайларынын ортосундагы мезгилде партиянын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруучу, партиянын съездинин жана башка органдардын компетенциясына кирбеген партиянын ишине байланыштуу бардык маселелерди чече турган туруктуу иштөөчү башкаруу органы. Саясий кеңеш партиянын курултайы тарабынан 3 (үч) жылдык мөөнөткө шайланат. Саясий кеңеш партиянын курултайына отчет берет.

Саясий кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок эки айда бир жолкудан аз эмес ѳтѳт.

Саясий кенештин ыйгарым укутары:

- Партиянын стратегиясын жана тактикасын иштеп чыгат, партиянын курултайларынын ортосундагы мезгилде партиялык уюмдардын ишин багыттайт, партиянын курултайынын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

- Партиянын саясий коалицияга кириши жана андан чыгышы жөнүндө чечим кабыл алат, башка уюмдар менен, анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен саясий келишимдерди бекитет;

- Партиянын кезектеги жана кезексиз курултайларын чакырат;

- башка партиялар жана коомдук уюмдар менен мамилелерде партиянын атынан чыгат, шайлоо өнөктүгүн уюштурат;

- уставдык жана программалык максаттарды аткаруу үчүн чарбалык, басма жана башка ишканаларды түзөт жана жоет, партиянын каржылоосун тескейт.

  1. Текшеруу комиссия - партиянын Курултайында делегаттардын арасынан үч жылдык мөөнөткө шайланган кѳзомѳлдѳѳ органы. Текшерүү комиссиясынын төрагасы текшерүү комиссиянын жыйналышында, анын мүчөлөрүнүн ичинен партиянын төрагасынын сунушу боюнча анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат.

. Текшеруу комиссиянын ыйгарым укуктары:

- Партиянын башкаруу органдарынын жана Партиянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишине жылына кеминде бир жолу текшеруу жүргүзүү;

- партиянын башкаруу органдарынын чечимдеринин жана Партиянын Уставынын талаптарынын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана жүзөгө ашыруу.

(«Чоң казаттын» штаттык структурасы)

 

Саясий партиянын жаштар канаты

(«Чоң казаттын» жаштар канатынын структурасы)

 

«Чоң казат» партиясынын жаштар канатынын негизги максаттары:

- жаш инновациялык чиновниктердин жаңы классын түзүү, саясий билим берүү жана Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын тарбиялоо;

-  Кыргызстандын жаштары жөнүндө оң пикирди түзүү;

- Кыргыз Республикасында адилеттүү, демократиялык жарандык коомду куруу процессине жаштарды тартуу;

- Жеңилдиктерди алууда бирдей жана эркин атаандаштык;

- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө жигердүү кесиптик, жеке, социалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;

- жигердүү кесиптик, жеке, коомдук жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү, алардын пикирлерин жалпы коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын назарына жеткирүү;

- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү

Шайлоого саясий партиянын катышуусу (шайлануучу кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык маалыматтар):

Буга чейин «Чон Казат» партиясы шайлоого катышкан эмес (Президент, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ж.б.), ошондой эле шайланган органдарга өкүлдөрүн дайындаган эмес.