“Чоң казат” саясий  партиясынын  кыргыз коомунун кайра жаралуу  программасы

 “Чоң казат” саясий партиясынын:

  • идеологиясы – улуттук кызыкчылыкты  коргоо;
  • саясаты – эл бийлигин орнотуу;
  • укуктук талабы – адилеттүүлүктү камсыздоо.

 Биздин ураан: Байлык, бийлик - элге, адилетүүлүк - коомго, жоопкерчилик -  мамлекетке!

 

  1. Биздин максатыбыз коомду жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн төмөнкү программалык документтерди жана мыйзамдардын долбоорлорун сунуштайбыз.
  2. Улуттун өнүгүү стратегиясын.
  3. Улуттук идеологиянын жоболорун.
  4. Улуттук баалуулуктарды  сактоонун  жолдорун.
  5. Коомдун жана  мамлекеттин  өнүгүү  концепциясын.
  6. Кыргыз Республикасынын   Конституцияcынын долбоорун. 
  7. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдүн долбоорун.
  8. Коррупциялык жол менен уурдалып-тонолгон ишканаларды, мекемелерди жана өнөр-жай  объектилерин, жер тилкелерин жарандык конфискациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун.
  9. Мамлекеттик саясий кызматкерлерге  карата люстрациялоо (тазалоо) боюнча мыйзамдын долбоорун сунуштайбыз.

Урматтуу мекендештер, биз төмөндө сунуштаган программаны жана мыйзамдардын долбоорлорун колдосонуздар шайлоодо  “Чоң казат” № 8 саясий партиясына добушуңузду  берүүңүздү суранабыз.

 

  1. Улуттун өнүгүү стратегиясы

Адилеттүүлүктү орнотуучу улуттун өнүгүү стратегиясын: идеология, мамлекет, экономика жана  коопсуздук түзөт.

  1. Улуттук идеология – бул улуттун кызыкчылыгын жогору койгон, жана  башка улуттардын да эркиндик, тендигин сактоо баалулуктардын системасы. Улуттук идеология  эки  ажырагыс  элементтен турат; улуттук идея,   улуттук  дух.  Улуттук идея   - улуттун  аң-сезиминин  мезгилге  туруктуу жалпыланышы. Улуттук дух- улуттун  жалпы  мекендик сезими, кайраттуу элдин  эрки,  мүнөзү  жана эрдиги. 
  2. Улуттук мамлекет – бул улуттун эгемендүүлүгүнүн негизинде кыргыз мамлекетинин калыптанышы.
  3. Улуттук экономика – бул коомдук менчиктин формаларын кеңири жайылтып, жарандардын жеке менчикке болгон укугун чечип, материалдык өндүрүш тармагын өнүктүрүү зарыл
  4. Улуттук коопсуздук – бул жарандын эркиндигин, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылуу жана аларды ички жана сырткы коркунучтардан сактоо.

 

  1. Кыргыз Республикасынын   Конституцияcынын долбоорунун негизги максаты накта эл бийлигин орнотуу. 

Анын жолдору:

  1. Коомдук көзөмөлдү Элдик курултай жүзөгө ашырат.
  2. Мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы Президент болот.
  3. Жогорку Кенеш 70 депутаттан туруп: 35 – партиялык тизме, 35 – бир мандаттуу шайлоо системасы  аркылуу  шайланат.

4.Конституциялык сот 12 судьядан турат: Конституциялык  соттун үч судьясы Президент тарабынан, үчөө Жогорку Кенеш  жана алтоо анын ичинде Конституциялык соттун төрагасы Элдик курултай тарабынан дайындалат.  Маселелерди талкуулоонун жүрүшүндө добуштар тең бөлүнүп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп  саналат.

 

  1. Корупциялык системанын пайда болушу жана аны менен күрөшүүнүн жолдору.

 

  1. Кыргызстандагы коомдук-саясий кризистин себептери.

1) Либералдык идеологиянын үстөмдүгү;

2) Конституциядагы  баш-аламандык;

3) Коррупциялык жол менен мыйзамсыз байуу;

4)  Мамлекеттик бийликтин  жоопкерсиздиги;

5) Шайлоо системасынын  бузулушу;

6) Аткезчиликтин (б.а. контрабанданын) кеңири тарашы;

7) Кылмыштуу топторду ооздуктоо.

2.Коррупциянын  өсүшүнүн  себептери:

1) коррупцияга жол берген саясий-укуктук   системанын калыптанышы;

2) бийликтин элдик көзөмөлдөн четтеп   кетиши;

3)бийлик органдары жана алардын  кызматкелеринин саясий-укуктук жоопкерчилигинин   жоктугу.

3.Коррупция менен күрөшүүнүн биз сунуш кылган жолдору:

Коррупциянын  материалдык  базасына  каршы жарандык конфискация жана саясий негизине каршы люстарция мыйзам долбоорлорун сунуш кылабыз.

Ошону менен коомчулуктун колдоосу менен коррупция каршы күрөштү айосуз жүргүзөбүз.

5 .Мыйзамсыз келип чыккан мүлктү  конфискациялоо бул:

  1. Мүлккө ээлик кылууну, аны пайдаланууну болтурбоо жана коррупцияга каршы күрөшүү.  Бул максат  бекер же арзан  баада ээлик кылган  жактардын  мүлкүн  юридикалык иликтөө  жолу менен конфискация ишке ашат.
  2. Мыйзамда аныкталган процедура мүлктүн ээси болгон жакка эмес,  анын мүлкүнө каршы  багытталган.  Мыйзам өткөн  мезгилге  карата  иштейт жана  ал  1991-жылдын 1-сентябрынан  баштап жарандардын, юридикалык  жактардын  ээлик кылган мүлкүнө карата колдонулат.

3.Мүлкү жарандык конфискацияга тийиштүү болгон жоопкер бул:

1.Мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген  кызматкер.

2 Кызматкердин жардамы  менен  мүлккө  ээ  болгон экинчи жана кийинки тараптар.

  1. Мыйзамсыз мүлккө ээ болгон юридикалык жактар.
  2. Мыйзамсыз мүлктү конфискациялоого, кызматкердин жана анын жакын туугандарынын мүлкү боюнча адамдардын, массалык  маалымат каражаттардын билдирүүсү жана декларациялык маалыматтар негиз болот.

6.Бийликти тазалоо жөнүндө (люстрация) мыйзамда аныкталган негизде, же соттун чечими менен кызматкердин бийликте иштөөсүнө  тыюу  салынат.

Люстрация - мамлекеттик  жана муниципалдык кызматтардын Реестри боюнча  саясий, атайын мамлекеттик, саясий муниципалдык кызматта  иштегендерге тийиштүү.

Мыйзам 1991- жылдын   1-сентябрынан баштап жогорку  кызматтарда  жалпысынан  бир жылдан кем эмес иштегендерге төмөнкү учурда колдонулат, эгерде  кызматкер:

  1. жарандарынын конституциялык укугун  чектесе;
  2. бийликти узурпациялоого катышса же жардамдашса;
  3. улуттук коопсуздукка коркунуч  келтирсе;
  4. аймактын бүтүндүгүн бузса;
  5. улут аралык жанжалдарды  уюштурса;
  6. шайлоолордун жыйынтыгын бурмаласа; 
  7. жарандарга карата мыйзамсыз ыкчам–издөө ишин  жүргүзсө;
  8. жарандарга мыйзамсыз сот чечимин чыгарса;
  9. коррупциялык системага  салым  кошсо жана кылмыштуу топторго аралашса;
  10. мыйзамсыз байыса;
  11. массалык маалымат каражаттарга цензура (чектоо) киргизсе;

12.мамлекеттин кызыкчылыгына  каршы келген эл аралык  келишимдерди  ратификациялоого  добуш берсе.

 

Люстрациялоого туш келген жарандарга 10 жылга бийликте кызмат өтөөгө тыюу салынат, жана аларга 10 жыл окуу жайларда сабак  берүүгө  жана  массалык  маалымат  каражаттарда иштөөгө тыюу салынат.