“Ыйман нуру” саясий партиясынын шайлоо алдындагы ПРОГРАММАСЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

Ыймандуу бийлик- берекелүү жашоо!

Нравственная власть-достойная жизнь!

  1. Өлкөнүн кен байлыктарын жана жер казынасын калыс жана жекелештирип бөлүштүрүү!

Кыргызстандын кен байлыктары жана жер казынасы элге таандык! Биз иштетилген жерлерден  каражаттарды  бөлүштүрүүнүн жана алуунун деталдуу механизмин 

 мыйзамдуу түрдө өзгөртүп, оңдойбуз. Кыргызстанда төрөлгөн ар бир адамдын өзүнүн жеке эсебине  кендерди иштетүүдөн акча түшүп турушу керек! Кен байлыктардан кирешени олигархтар эмес, ар бир жаран алышы керек. Кыргызстанда 2700 алтын чыгаруучу жер бар.  Эки миң тоннадан ашык алтын. Ага ылайык, ар бир жаранга 1500 миллион сомдон туура келет.

  1. Билим берүүдө жаштарга бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөр!

 Кыргызстандын байлыгы - жаштар. Мисалы, алыскы айылда мыкты математик төрөлгөн. Бүгүнкү  күндө ал өзүнүн дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү барбы? Жооп- жок! Ал жакыр үй-бүлөдө төрөлгөнүнө күнөөлүү эмес да.  Мамлекет ар бир каалаган адамга билим алууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн жана дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде билим алуу үчүн 15 жылга үстөгү жана күрөөсү жок насыяларды бериши абзел. Айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн.  Билим алгандан кийин, ал акчаны кайтарып берет жана мамлекетке пайда алып келет.

  1. Кыргызстандагы банк тутумундагы өзгөрүүлөр.

Кыргызстанда 24 банк-күрөөкана банкы. Банктар ишкерлердин инвестициялык өнөктөштөрүнө айланышы керек, башкача айтканда кирешелерди да, тобокелдиктерди да бирге бөлүшүшү керек. Бизде парадоксалдуу система өнүккөн. Банктарда акча көп а ишкерлер ала албай жүрүшөт. Себеби алардын эч кандай күрөөсү жок. Банктардын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын айкалыштыруу - бул фондулук  рынок аркылуу инвестициялоонун жолу. Бул ишкерлерге дагы, банктарга дагы пайдасы тиет. Алар өнөктөш болуп, бири-бирине жардам беришет. Булар бардык кыргыз салтына, ошондой эле элибиздин динине дал келет.

  1. Он миң баштоочу инвестициялык долбоорду ишке киргизүү менен жумуш орундарын түзүү.

Мен Кыргызстанга инвестиция салам! Долбоордун миссиясы -кирешелүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн адамдардын энергиясын бириктирүү. Айрымдарынын идеялары бар, кээ бирлеринин акчасы бар. Биз аларды мамлекеттин катышуусу менен бириктиргибиз келет.

Жаңы өндүрүш ишканалары- жүз миңдеген жаңы жумуш орундары. Биз мындан ары бюджетти түзүүчү ири ишканага көз каранды болбойбуз! Өлкөнүн  ички дүң  продукциясы эки эсе өсөт!

  1. Кыргызстандагы сот адам адилеттүүлүктү жана өз укуктарын коргой ала турган орган болбой калды. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн чечкиндүү мыйзамдык чаралар көрүлүшү керек.

- партия Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө ", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, Тартип комиссиясынын курамына Кыргыз Республикасынын КР ЖКнин өкүлдөрүн жана Президенттин өкүлдөрүн кошпой, аталган комиссияга аксакалдар сотунун өкүлдөрү киргендей кылып ченемдерди кошот.

Партия судьялык кызмат ордуна укук коргоо органдарында жана соттордо милдеттүү түрдө 10 жылдан ашык эмгектенген, юридикалык жогорку билимге ээ, жөндөмдүү, абройу кынтыксыз талапкерлер көрсөтүлүшүн камсыз кылууну көздөйт.