Саясий партиянын кыскартылган аталышы: "Мекеним Кыргызстан" CП

ЖИН, ЮЖБМРне кирген күнү : 02711201510266 , 24.05.2019.Саясий партияны түзүү ыкмасы:

Уставдын кабыл алынган күнү: 24.05.2019-ж.

Катталган адамдардын саны аймактык бөлүмдөр:Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий Кеңеш

 

Мекеним Кыргызстан саясий партиясы

                                              

Байланыш маалыматтары


Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү № 109/1, 510 бөлмө

Телефондор: + 996 394-021, + 996 394-092 Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1, 510-бөлмө
Интернеттеги байланыштар  Расмий сайт: 

Саясий партиянын төрагасы: Бакиров Мирлан Исакбекович. 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин «Бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана АХД» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад областы боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-1999-жылдары - «Жалал-Абад АА» корпорациясында башкы бухгалтер.

1999-2003-жылдары-Жалал-Абад областтык финансы башкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалады.

2003-2005-жылдары - «Марьям и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары, 2005-2010-жылдары - «Дан-Юг» ЖЧКсынын директору болуп иштеди.

2010-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2015-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2015-жылдын октябрь айынан                    2016-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы, ал эми 2017-жылдын                  13-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары кызматын аркалап келе жатат.   

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты катары азыркы убакытка чейин 48 ден ашуун мыйзам долбоорун демилгелеген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси. 

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Алган сыйлыктары:

          -  КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен;

          - Евразия экономикалык биримдигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган;

         -  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган;

         - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

 

             Саясий партиянын максаттары жана милдеттери:

             Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого талапкерлерди көрсөтүү. Партиянын негизги милдеттери:

 

  • Кыргыз Республикасында шайлоого катышат, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлерди (талапкерлердин тизмесин) көрсөтөт.

 

2)      Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана өткөрүүгө катышат. 3)      Бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги чечимдерди иштеп чыгууга партиядан шайланган адамдардын катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзам чыгаруу иши боюнча сунуштарды киргизүү менен, партиянын Программасынын негизги жоболорун ишке ашырат. 

  • Заманбап жана өнүккөн Кыргызстанды түзүүгө багытталган, өлкөнүн экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, коргонуу жөндөмүн жана жарандык тынчтыкты, улуттар аралык ынтымакты жана кызматташтыкты, ар кандай этностук жана диний жамааттардын адамдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган максаттуу Программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат.

5)      Партиянын кадрдык резервин түзүп, партиянын башкаруу органдарынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат ордуна көрсөтүү, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого катышуу үчүн партиянын кадрларын, партиянын активисттерин жана мүчөлөрүн окутууну жүргүзөт 6)      Партиянын мүчөлөрүнө, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органдарынын депутаттарына шайланган жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы башка шайлануучу кызматтарга шайланган депутаттарга жардам берет. 

  • Жаштар менен иштөө иштерин жүргүзөт, аларды партиянын жаштар саясатын ишке ашырууга катышууга тартат, партиянын идеологиясын бөлүшкөн саясий активдүү жарандардын жаш өзгөрүүсүнүн калыптанышына өбөлгө түзөт.

8)      Партиянын Программасына ылайык социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды ишке ашырууга, жашоо сапатынын улуттук стандартын калыптандырууга катышат. 9)      Чакан жана орто бизнести (ишкердикти), дыйкандарды, дыйкан чарбаларын колдойт. 10)  Коомдогу туруктуулукту чыңдоого көмөктөшөт. 11)  Мыйзам долбоорлорун бүткүл элдик талкуулоого катышат. 12)  коомдук пикирди изилдейт жана мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга сунуштарды иштеп чыгат, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарга берүү, аларды депутаттык бирикмелер аркылуу ишке ашыруу үчүн иштеп чыгат. 13)  Жаштардын коомдун жана мамлекеттин турмушунун социалдык, экономикалык жана башка чөйрөлөрүнө интеграцияланышына өбөлгө түзөт. 

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сыпаттама жана сүрөт).

1) Партиянын съезди - бул жогорку башкаруу органы.

2) Партиянын Саясий Кеңеши.

3) Төрага - Партиянын башчысы      

 

Саясий партиянын жаштар уюму (сыпаттамасы жана сүрөтү) 

Шайлоого саясий партиянын катышуусу. Партия 2016-жылдан 2020-жылга чейин шаардык кеңештерге шайлоого активдүү катышкан.