
СИСТЕМАНЫ ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕК
БУЛ ҮЧҮН “АТА МЕКЕН” ТӨМӨНДӨГҮ КАДАМДАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ:
- "Электрондук өкмөт" долбоорун толук ишке ашыруу
- Чиновниктер армиясын үч жыл аралыгында 30%га кыскартуу
- Мамлекеттик кызмат системасына КРI технологиясын киргизүү
- Административдик-аймактык реформалоо
- Премьер-министрге жеке жоопкерчилик, өкмөткө бийлик, алардын ишине элдик көзөмөл
- Президент - өкмөттүн, соттун ишине аралашпаган калыс арбитр
БИЛИМ БЕРҮҮ – БАШКЫ приоритет:
- “Электрондук мугалим” долбоорун ишке ашыруу
- Мектеп окуучуларын, мугалимдерди компьютер, бекер интернет менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу
- Билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды субсидиялоо
УЛУТТУН САЛАМАТТЫГЫ:
- Жарандарды сапаттуу медициналык кызмат менен камсыз кылуу
- Мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоо тармагы үчүн үлүшүн ИДПнын 8%ына чейин көтөрүү
- Медицина кызматкерлери үчүн социалдык турак-жай куруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу
- Фармацевтикалык мафиянын тамырын кыркуу
- Медициналык билим берүү системасына жеке инвестицияларды тартуу
- Жогорку медициналык окуу жайларында аларга бекитилип берилген клиникалар болушу керек
ЖАРАНДЫК КООМ ЖАНА АДАМ УКУГУ:
- Адам укугу жана сөз эркиндиги жаатындагы бардык репрессивдик мыйзамдарды артка кайтаруу
- Күч структураларына чыныгы жарандык көзөмөл системасын киргизүү
- Эркинен ажыратылгандардын кармалуу шартын, медициналык тейлөөсүн жакшыртуу
- Сөз эркиндигин илгерилетүү
ЭКОНОМИКАГА ЖАҢЫ ДЕМ:
- Сарамжал жана өндүрүмдүү экономикага өтүү
- Өнөр-жай секторун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу
- Өнөр-жай объектилерин субсидиялоо үчүн өнүктүрүү банкын түзөбүз
- Экономика инвестициялар үчүн ачык болушу керек
САНАРИПТИК ЭКОНОМИКА:
- Тез, сапаттуу, дээрлик бекер, эркин интернет менен жарандарды камсыз кылуу
- Жогорку технологиялар паркынын резиденттери үчүн ишмердүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
- Дата-борборлорду куруу үчүн Google сыяктуу санарип алптарын тартуу
«Жашыл» экономика:
- Күн, шамал, суу, биоэнергиясын өнүктүрүү
- Айыл чарбаларын экологиялык таза азык-түлүктү өндүрүүгө шыктандыруу
- Бишкекте жана Ошто таштандыны иргеп чогултууну киргизүү
- Ѳлкѳдѳ таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу
ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮ:
- Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү
- Кооптуу чек ара аймактарында жашаган тургундарга компенсация төлөө
- ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ менен кызматташтыкты күчөтүү
ИНФРАСТРУКТУРАГА ЖАҢЫ ДЕМ:
- “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууну тез арада баштоо
- “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу
ТУРАК-ЖАЙ САЯСАТЫ
- Жеке жана көп кабаттуу турак-жай куруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу
- Социалдык турак-жайларды курууга жер тилкелерин бөлүп берүү
- Бишкек жана Ошту заманбап суу тазалоочу жана канализациялык станциялар менен камсыздоо
- Бишкек, Ошко спутник шаарларды куруу
- Кыргызстандыктардын турак-жай менен камсыз болуу көрсөткүчүн кошуна өлкөлөр менен салыштырууга жол берчү деңгээлге жеткирүү – бир адамга 18 чарчы метр
- Республиканын шаарларын байланыштыруучу тез магистралдарды куруу
КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ НАТЫЙЖАЛУУ БОЛУШУ КЕРЕК:
- Жогорку кызмат адамдарынын ири чыгашалары менен кирешесинин дал келиши тууралуу мыйзамдын аткарылышын камсыздоо
- Пара алуу жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн жазаны күчөтүү, анын ичинде мүлкү милдеттүү түрдө конфискацияланат
- Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу.