САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

 

Биз – ата-бабаларыбыздын мурасын сактап, күчтүү жана гүлдөгөн өлкөнү балдарыбызга өткөрүп берүү ниети менен бириккен - Кыргызстандын эркин элибиз. Биз үчүн күчтүү өлкө бул - бай жана ийгиликтүү адамдар! Биздин саясий кыймылдын негизги багыты - ар бир жарандын бакубат жашоосун камсыз кылуу.

 

Биздин алдыга койгон максаттарыбыз:

 

Кыргызстан өнүккөн өлкө болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ:

  • Биз Борбор Азиянын чок ортосунда жайгашкан эң кооз, жаратылшка бай өлкөдө жашайбыз.
  • Биз эркиндикти сүйөбүз, андыктан зулумдардын жана диктаторлордун башкаруусуна жол бербей тургандыгыбызды далилдедик.
  • Биз чечкиндүүбүз жана жаңы билимге ачыкпыз.
  • Биз мамлекеттен колдоо күтпөстөн, жашап жана иштегенди, бизнести өнүктүргөндү жана ийгиликке жетишкенди үйрөндүк.

 

Бирок, дагы деле өнүккөн күчтүү өлкө боло элекбиз?  Ага эмне тоскоол болуп жатат?

Тилекке каршы, жетишкендиктерибиз менен катар биз көптөгөн орчундуу кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга туш болуп жатабыз. 30 жылдын ичинде биз тең укуктуулукка жана мыйзамдуулукка жетишкен чыныгы эркин коомду кура алган жокпуз.

  • Жумушсуздуктун жана эмгек акынын төмөндүгүнүн айынан миллионго жакын мекендештерибиз чет өлкөгө жумуш издөөгө аргасыз
  • Мамлекеттик аппарат бюрократиянын жана коррупциянын сазына батты
  • Чектөөлөр жана тынымсыз текшерүүлөр, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ажырымды чоңойтуп, бардык тармактарда коррупция жайылды
  • Так эрежелеринин жоктугу жана мыйзам алдындагы теңсиздик мамлекетке ишенбөөчүлүктү калыптандырды
  • Мамлекеттик карыз тездик менен өсүп, бүгүнкү күндө дээрлик 5 миллиард долларга жетти. Бул - пандемиянын натыйжасында күч алган дүйнөлүк таңсызыдыктын алкагында кайтарылгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн
  • Биз мындан ары бюджеттин тешиктерин жамап, бюджеттик кызматкерлерге ансыз да аз эмгек акыларын төлөп берүү үчүн – насыялар менен карыздарга гана ишенип жашай албайбыз.
  • Пандемия биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз алсыз экендигин жана жарандардын ден-соолугун сактай албай тургандыгын айкын көрсөттү
  • Билим берүү - жаңы мезгилдин талаптарына жооп бербей, өнүгүүсүндө үмүтсүз артта калууда. Биздин мектеп жана университет бүтүрүүчүлөрүбүз - дүйнөлүк атаандашка даяр эмес
  • Паракорчулукка малынган, чыныгы көз карандысыздыгын далилдей албаган сот системасына – бизде ишенич жок
  • Биз өзүбүз, үй-бүлөбүз жана бизнесибиз үчүн дайыма кооптонуп жашайбыз. Биз кылмыштуулуктан гана эмес, биздин укугубузду жана эркиндигибизди коргоого ант бергендерден да туруктуу коркунучту сезип турабыз.

 

Бизге ыкчам жана чечкиндүү РЕФОРМАЛАР керек

 

Өлкө түп-тамырынан бери өзгөрүүгө муктаж. Жеке демилге жана эркин бизнес - экономиканын көйгөйлөрүн чечүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө жана инвестицияларды тартууга жөндөмдүү деп эсептейбиз. Ал эми мамлекеттин ролу - акыйкаттыкты камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо, жеке менчик жана жеке өнүгүүнү камсыздоо менен гана чектелиш керек.

 

Биз Реформанын негизги 7 багытын аныктап алдык:

 

  1. ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУ!

Аракеттеги жана ага чейин  кабыл алынган Конституциялар бийликтин өз кызыкчылыгы үчүн жогору жактан жазылып, элге таңууланган баш мыйзамдар болуп келген.

Биздин максат – так иштей турган, улуттук баалуулуктарды камтыган, элибиздин менталитетине жакын жана баарына түшүнүктүү баш мыйзамды референдумда кабыл алуу. Ал үчүн Элдик конституциялык кеңешме түзүп, коомдук келишимди жаратууга коомдун бүт катмарларынын өкүлдөрүн тартабыз.

Мамлекетти башкаруу формасы, эл өкүлдөрүн шайлоо жолу, бийлик органдарынын макамы, эл тарабынан тандалып, чечилиши зарыл.

Бийлик элге таандык!  Бул биз учун негизги баалуулук.

Жаңы Конституция кабыл алынса, анык эл өкүлчүлүгүн камсыз кылган парламенттин келишине жаңы шайлоо кодекси аркылуу жол ачабыз. Эмне себептен жаңы, жаш, таза, билимдуу, сабаттуу адамдар мамлекеттик башкарууда саналуу гана? Анткени, аракеттеги шайлоо мыйзамдары олигархтардын, бийиликтин кошоматчыларынын шайлануусуна гана ыңгайлаштырылган. Саясатка, өлкөну башкарууга, жөндөмдүү жарандардын баардыгына мүмкүнчүлүк түзгөн, тең укуктуулукту кепилдеген, жаны шайлоо мыйзамын кабыл алуу өзгөчө маанилүү.

 

  1. БИЙЛИКТИ ТАЗАЛОО (ЛЮСТРАЦИЯ). МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН РЕФОРМАСЫ

 

Реформлар максатына ийгиликтүү жетүү үчүн эң алгачкысы өлкөбүздү паракорлордон, уурулардан, сабатсыз башкаруучулардан арылтуубуз керек.

Ошондуктан экинчи кадамыбыз бийликти тазалоо, башкача айтканда люстрация жөнүндө мыйзамды кабыл алуу, анын негизинде мамлекетти ушул акыбалга жеткирген, коррупция жана аткезчилик менен байыган, кылмыштуулукка, мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке жана өлкөнүн тонолушуна жол берген, жарандарыбызды жакырчылыка батырган, элге берген антын бузган атка минерлерге, сотторго, прокурорлорго, тергөөчүлөргө мамлекеттик кызматка келүүсүнө тыйуу салуу.

 

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Программада көрсөтүлгөн бардык кадамдар мамлекеттик башкаруу тутумундагы реформалар менен тыгыз байланышта. Калк үчүн оор мезгилде көпчүлүк мамлекеттик органдар алсыздыгын далилдеп, өзгөчө кырдаалды жөнгө салууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүшкөн. Бирок, саламаттыкты сактоого салыштырмалуу, аларды тейлөөгө бир топ көп каражат сарпталат. Мамлекеттик кызматчылар ашкере көп, бирок өлкөдөгү кырдаал алардын элге пайдасыздыгын далилдейт. Коррупцияга белчесинен баткан жана турмуш чындыгынан артта калган мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо өтө маанилүү. Азыркы учурда мамлекеттик органдар жарандарга кызмат көрсөтүүгө эмес, өз кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган. Мамлекеттик башкаруу өтө эле борборлошуп, бюрократиянын өтпөс дубалын жаратууда. Бул системанын жардамы менен өлкөдөгү эң бай адамдар - ийгиликтүү жарандар жана ишкерлер эмес, чиновниктер жана олигархтар. Ондогон жылдар бою өлкөнү башкарып келе жаткан чириген саясий элита  мамлекеттин ресурстарын элдин  эмес, өз пайдасына колдонушат.

 

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу үчүн #РЕФОРМА

 

  • Мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу үчүн ар бир министрликтин жана ведомствонун түзүмүн жана сандык курамын кайра карап чыгуу;
  • Талапкерлердин кесиптик жана кадыр-баркка болгон талаптарын күчөтүү;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди конкурстук тандап алуунун жол-жоболорун жана тандоонун анык адилетүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында өзгөртүү;
  • Президенттик институтту жоюу же ыйгарым укуктарын кыйла кыскартуу жана Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоо;
  • Мамлекетти башкаруунун парламенттик формасына өтүү;
  • Онлайн добуш берүү жана өтүнүч кат жазуу үчүн ачык аянтча аркылуу түз демократиянын ыкмаларын киргизүү;
  • Мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин кыскартуу;
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун санариптештирүүнү тездетүү.

 ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

Пандемия, биздин жарандар өзгөчө кырдаал учурунда "жогору жактан" жардам күтпөстөн, өз маселелерин уюштурууга жана өзүн өзү жөнгө салууга жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Күнүмдүк жашоодо да ушундай эле иш-аракет көрсөтүшүнө эмне тоскоол болот? Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн жарандык активдүүлүктүн жана демилгелүүлүктүн потенциалын пайдалануу, жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү өз көйгөйлөрүн өз жоопкерчилиги астында өз алдынча чечүүгө жана ошону менен чыныгы эл бийлигин орнотууга  реалдуу мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

 

Жер-жерлерде анык эл бийлигин орнотуу үчүн # РЕФОРМА

 

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин түз шайлоо аркылуу борбордон ажыратууну ишке ашыруу;
  • Эл бийлигинин тикелей формаларын - жергиликтүү курултайларды, жарандардын чогулуштарын жана жыйындарын өнүктүрүүгө дем берүү;
  • Фискалдык децентрализацияны ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алардын муктаждыктарына шайкеш экономикалык жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу;
  • Бөлүштүрүлгөн салыктардын үлүшүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына көбөйтүү;
  • ЖӨБ органдарынын бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча бюджеттик ачык угууларды уюштуруу;
  • ЖӨБ органдарынын бардык каржылык-чарбалык иш-аракеттеринин, анын ичинде салыктык кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу;
  • "Электрондук айыл өкмөтү" тутумун кеңири жайылтуу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана муниципалдык кызматта аялдардын кеңири жана жогорку деңгээлдеги өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;
  • Айылдардын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ачык маалымат базасын түзүү;
  • Жергиликтүү кеңештин депутаттарын, айыл өкмөт башчыларын, муниципалдык кызматкерлерди окутуунун жана кесиптик деңгээлин жогорулатуунун натыйжалуу тутумун түзүү, анын ичинде онлайн режиминде окутуу;
  • Башкаруунун регионалдык деңгээлдерин жоюп, 40 районду 25 экономикалык районго айлантуу.

 

  1. КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ

 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандар жана бизнес - кылмышкерлерден же укук коргоо органдарынан өзүн коопсуз сезе албаган өлкө. Соттон акыйкат издөө  үмүтун жоготтук. Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздук сезими эмес, коркуу сезимин жаратат. Мыйзам, капчыктын көлөмүнө жана адамдын даражасына жараша  колдонулуп калды. Кылмыш  дүйнөсүндөгүлөр менен укук коргоо органдарынын эч кандай айырмасы болбой калды, элибиз эки тараптан тең бирдей запкы көрүп жатат.Учурда ишкерлерди коргоо үчүн түзүлгөн бардык укук коргоо органдары тескерисинче ишкердик менен жарандарды өз капчыгын толтуруу булагы катары пайдаланып келишет. Азыр укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү кылмыштуулукту азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу менен эмес, жазаланган адамдардын саны менен өлчөнөт.

 Соттор жана акыйкаттык

Сот бийлигинин негизги мандеми - бул соттор!

Абийирсиздик, кошоматчылык, эрксиздик, саткынчылык - бул бүгүнкү биздин сотторубуздун кейпин ачык мүнөздөгөн белгилер. Алар өз чечимдери менен адилеттүүлүктү тебелеп, адам тагдырларын талкалап, аларды кадыр-баркынан жана акыйкаттыкка болгон ишениминен ажыратат. Ар бирибиз жана жалпы коом - кесипкөй, көз карандысыз жана калыс, кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жөндөмдүү сотторго муктажбыз.

 Адилетүүлүктү орнотуу үчүн #РЕФОРМА

  • Президентти - сотторду дайындоо жана кызматтан алуу, ал эми парламенттик фракциялардын лидерлерин - сот тутумундагы кадр маселелерине таасир этүү укутарынан жана мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу;
  • Сотторду тандоо кеңешиндеги жарандык коомдун өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү жана аларды коомдук процедуралар аркылуу тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
  • Соттордун сапаттуу тандоосун камсыз кылуу, алардын кесиптик билимин жана жөндөмүн гана эмес, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон адеп-ахлактык сапаттарын текшерүү;
  • Сот кызматына талапкер кынтыксыздык талаптарына жооп берилиши жана мыйзамсыз баюу боюнча атайын текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирилет, мындай текшерүү талапкердин өзүнө гана эмес, анын жакын чөйрөсүнө карата да жүргүзүлөт;
  • Аракеттеги сотторго карата мүлктүк абалынын мыйзамдуулугун ийне-жибине чейин текшерип, мыйзамсыз баюу боюнча жоопкериликке тартуу зарыл;
  • Соттордон сот адилеттигин жүзөгө ашырууга кийлигишүү фактыларын сөзсүз түрдө ачык жарыялоону талап кылуу;
  • Судьялардын жоопкерчилигин күчөтүү жана аларга карата тартип иштерин кароодо ачыктыкты камсыз кылуу.

 Мамлекеттик коопсуздук

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүнкү күндө жарандардын ишенимин толугу менен жоготкон орган. УКМК өзүнүн иш-милдеттеринин чегинен чыгып, бүгүнкү күндө ишкерлерден акча талап кылуу, бийликке каяша сүйлөгөн адамдарды куугунтуктоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектоо менен алек.

Биз мындан ары УКМКнын ар тараптуу көзөмөлү астында жашап, саясий репрессиянын курмандыгы боло албайбыз! Демократиялык мамлекетте атайын кызматтар президентке, кандайдыр бир кландарга жана саясий күчтөргө эмес, мамлекетке кызмат кылуусу талап.

 Мамлекеттик коопсуздук үчүн #РЕФОРМА

  • УКМКны улуттук эмес, мамлекеттик коопсуздук органына, башкача айтканда атайын кызматка айландыруу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук органы биздин мамлекеттин көз карандысыздыгын жана анын аймактык бүтүндүгүн (чалгындоо жана контрчалгындоо) коргоого, чек араларыбызды жана мамлекеттик сырларыбызды сактоого милдеттүү.
  • Атайын кызматтын ишин, айрыкча атайын кызматтын жашыруун ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу жаатында (сыртынан аңдуу, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрдү көзөмөлдөө; тыңшоо; техникалык байланыш каналдарынан маалыматтарды алып салуу) көзөмөлдөө үчүн парламенттин атайын комитетин түзүү. Анткени аларды пайдалануу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин олуттуу түрдө бузат.
  • Атайын кызматтын бюджеттик чыгымдарды пайдалануусун парламент аркылуу көзөмөлгө алып, алардын иш натыйжалары жөнүндө жыл сайын отчет алып туруу.
  • Адистик жана моралдык жактан деградацияланган кызматкерлерден атайын кызматтарды "тазалоо" иштерин жүргүзүп, коопсуздук органдарын жетекчилерин дайындоодо Президенттин үстөмдүгун алып салуу.
  • Мамлекеттик коопсуздук органдары жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

 ПРОКУРАТУРА

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - бул бардык кызмат адамдарына, тергөө жана сот органдарына, мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын, ишкердиктин субъектилеринин ишине өзүм билемдик менен кийлигишип, ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, кызмат адамдарын саясий буйруктар боюнча куугунтуктоочу курал.

 Табиятына ылайык келбеген функциялардын бир органдын колуна биригиши, ошондой эле прокуратура органдарынын иши эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөндүгү - прокуратурада жоопсуздук атмосферасы өкүм сүргөндүгүнө өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө административдик сотторду жана тергөө судьясы институтун укуктук тутумга киргизүү менен, прокуратуранын көзөмөлдөө функцияларына эч муктаждык жок.

Бизге прокуратуранын цивилизациялуу дүйнө жүзүндө кабыл алынган башкача, демократиялык модели керек.

 Мыйзамдуулук үчүн #РЕФОРМА

  • Прокуратуранын жалпы көзөмөлдөө функциясын алып салып, мыйзамдуулукту жана укуктарды калыбына келтирүү милдетин административдик сотторго толук жүктөө керек;
  • Прокуратураны тергөө ишин көзөмөлдөө функциясынан ажыратуу да бүгүнкү күндүн талабы, бул функцияны тергөө судьялары ийгиликтүү аткарып жатат;
  • Прокуратуранын жалгыз милдети катары - соттогу айыптоону колдоо болушу талап.

 МИЛИЦИЯ

 Коопсуз чөйрө инсандын жана экономиканын өсүүшүнүн негизи болуп саналат. Бардыгы үчүн бирдиктүү эрежелердин шартында гана мамлекеттин өнүгүшү мүмкүн. Биз адамдар өзүлөрүн коопсуз сезе турган, чет өлкөлүктөр келүүдөн коркпой турган жана инвесторлор өз бизнеси ишенимдүү корголот деп ишендире турган өлкөнү курушубуз керек.

Ички иштер органдарын жазалоочу жана аскерлештирилген тутумдан жарандардын укуктарын жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган заманбап, ишенимдүү түзүмгө айландыруу керек. Укук коргоо органдарынын иши жазалоого эмес, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталууга тийиш.

Биз уюушулган кылмыштуу топтордун башчыларын кадырлабай, аларды коомдон четтетүүбүз зарыл. Коопсуздукту жана коомдук укук тартипти натыйжалуу камсыз кылуу үчүн ички иштер тутуму толугу менен кайра курулуп, саясий режимди коргоого эмес, коомдун кызыкчылыктарына багытталууга тийиш.

Коомдук-укуктук тартип  үчүн #РЕФОРМА

  • Ички иштер министрлигин жарандык коомдун өкүлү башкарат;
  • Ички иштер органдарын реорганизациялоо жана жаңы кызматкерлерди коомдук көзөмөл астында ачык сынактын негизинде алуу;
  • Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылууга багытталган системалык күрөш;
  • Ички иштер органдарынын ишин жөнгө салуучу бардык документтер адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет;
  • Борбордук аппараттын штаттык бирдиктерин кыскартуунун эсебинен калк менен иш алып барган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү;
  • Ички иштер органдарында иштеген аялдардын санын 30% га чейин көбөйтүү (азыр 12%);
  • Милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын жана социалдык кепилдиктерин олуттуу жогорулатуу;
  • Жашыруун сырды ачуу жана бардык маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу (ички иштер министрлигинин түзүмү, штаттык бирдиктер, эмгек акылар жөнүндө маалыматтар, отчеттор, анын ичинде кылмыштын абалы жөнүндө финансылык, статистикалык отчеттор).

 КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАР

Кыргызстанда расмий маалыматтарга ылайык, коррупциянын кесепетинен келтирилген зыян жыл сайын болжол менен 15,2 миллиард сомду түзөт, жүздөгөн чиновниктерге коррупциялык кылмыштары үчүн иш козголот. Бирок, коррупциянын чыныгы масштабын аныктоо мүмкүн эмес, анткени коррупция жашообуздун бардык чөйрөлөрүнө сиңип, реформалар жолундагы негизги тоскоолдук болуп калды. Коррупция бизнести өнүктүрүүгө, мамлекеттик бюджетти толтурууга, инвестицияларды тартууга жол бербейт, демек, жалпы экономиканын натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Коррупция социалдык чыңалуунун, теңсиздиктин жана жакырчылыктын өсүшүнө, уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө, олигархиялык топтордун бийлигине, соттордун адилетсиздигине, бийликке болгон ишеним деңгээлинин төмөндөшүнө ж.б.у.с. алып келет.

Учурда коррупция эл аралык деңгээлге жетти. Мыйзамсыз жол менен алынган коррупциялык кирешелер мамлекеттүүлүктүн негиздерине жана өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына доо кетирип, улуттук жана эл аралык финансылык агымдарга кошулууда.

 Коррупцияга каршы #РЕФОРМА

 

  • Тез арада жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын жана административдик кызмат орундарын ээлеген адамдардын мыйзамсыз баюу жана алынган мүлктү легалдаштыруу боюнча декларацияларын текшерүү үчүн коомдук-парламенттик комиссия түзүү;
  • Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин декларацияларын текшерүүнүн механизмин, электрондук декларация системасын киргизип, кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
  • Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопко тартылган кызмат адамдары жөнүндө маалымат базасын түзүү;
  • Бийлик тутумунда кландык башкарууга, тууганчылыка жана жердешчилике чекит коюуу максатында “Үй-бүлөлүк байланыштарды ачыкка чыгаруу жөнүндө” мыйзам кабыл алуу. Кызматка кирүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жыл сайын мамлекеттик кызмат системасында үй-бүлөлүк жана башка тыгыз байланыштары тууралуу   декларациясын толтурууга милдеттендирүү, аны текшерүү механизмин түзүү;
  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Жогорку Кеңештин көзөмөлүндөгү көз карандысыз орган статусун берүү.

 ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Биздин экономикабыз кейиштүү абалда. Жогорку жумушсуздук жана аз киреше - жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Инвесторлордун келиши көйгөйлүү.  Биз импорттон көз каранды өлкөбүз. Өкмөттүн жеке ишкердикке ашыкча кийлигишүүсү жана тутумдашкан коррупция - ишкердиктин өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө негизги жолтоо. Экономиканын бир кыйла бөлүгү көмүскөдө.

Кыргызстандын ар бир аймагынын экономикасын өнүктүрүү үчүн өзүнүн уникалдуу артыкчылыктары бар, алар учурда толук пайдаланылбай жатат.

Мамлекеттик жана башка органдардын, ошондой эле кылмыштуу элементтердин ишкердике кийлигишүүсү, рэкетчилик жана опузалоо - ишкерлердин өсүп-өнүгүүсүнө жол бербейт.

Мамлекеттик компаниялардын болушу - коррупциялык агымдын келип чыгышына түрткү болуп, жеке секторго теңсиздик шарттарды түзөт. Мамлекет – менчик ээси боло албастыгын аныктады, андыктан анын ролун ашыкча текшерүүлөрдү, тоскоолдуктарды жоюп, жеке менчик укугун коргоого жана экономикалык талаш-тартыштарды ыкчам жана адилеттүү чечүү менен чектилиши зарыл.

Бирдей шарттар, дебюрократизация жана салык жүгүнүн төмөндөшү - экономиканын тездик менен өнүгүшүн, жумуш орундарынын түзүлүшүн жана жарандардын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылат.

Инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдиктери – инвестициялардын көбөйүшүнө алып келет. Алардын өз кызыкчылыктарын эл аралык соттордо коргоо укугун камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле экономикалык талаш-тартыштарды сотко чейин тез арада жөнгө салуу куралдарды жана механизмдерди түзүү маанилүү.

 Экономикалык өнүгүү үчүн #РЕФОРМА

 

  1. Экономиканы мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүнөн бошотуу:
  • Социалдык фондду жоюу жана бардык социалдык чегерүүлөрдү 10% социалдык салык менен алмаштыруу;
  • Салыктык башкарууну түп-тамырынан жөнөкөйлөтүү;
  • Ишкерлердин бардык категориялары үчүн жүгүртүүгө карабастан бирдиктүү салык киргизүү;
  • Түз салыктардын пайдасына кыйыр салыктарды азайтуу;
  • Чакан жана орто ишканалар үчүн Салык кодексин бөлүү;
  • Бажы жана салык кызматтарын санарипке өткөрүү;
  • Маанисиз ашыкча процедураларды, чектөөлөрдү, күбөлүктөрдү, уруксат кагаздарын, лицензияларды ж.б. жокко чыгаруу;
  • Көзөмөлдөөчү органдардын ашыкча контролдук функцияларын жоюу;
  • Каржы полициясынын жоюлушу;
  • Ишкерлердин Салык кызматына гана отчет берүү;
  • Эл аралык арбитраждык соттордун чечимдерин милдеттүү түрдө аткаруу;
  • Инвестор тарабынан бардык керектүү документтерди жана уруксат кагаздарын бир жерден алуу;
  • Салык кылмыштары үчүн жаза жоопкерчилигин алып салуу;
  • Ишкердик кодексин кабыл алуу;
  • Инвестициялык сотторду түзүү;
  • Айкындуулук жана борборлоштуруу механизмдерин киргизүү аркылуу жерлерди категорияларга бөлүүнү жокко чыгаруу жана жер рыногун өнүктүрүүгө түрткү берүү

 

  1. Бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
  • Дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү;
  • Эл аралык аэропортторду дүйнөнүн алдыңкы операторлоруна - башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү;
  • Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө дем берүү. Электр энергиясынын экономикалык жактан негизделген тарифтерин ишке ашыруу;
  • Электр энергиясын сатууда монополияны жок кылуу;
  • Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу;
  • Айыл чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келген технологияларды каржылоо (субсидия берүү);
  • Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү;
  • Бардык креативдүү тармактарды камтыган Жогорку технологиялар паркынын режимин кеңейтип, аймакта креативдүү тармактар ​​үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

 

  1. АР БИР ЖАРАНГА САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ МЕДИЦИНА

 Коронавирус пандемиясы Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасындагы көптөгөн көйгөйлөрдү ачыка чыгарды: дарыгерлердин жетишсиздиги, алардын эмгек акысынын өтө төмөндүгү, медициналык кадрлардын даярдыгынын сапатсыздыгы, ооруканаларда заманбап шаймандардын жетишсиздиги (санарип рентген аппараттары, компьютердик томография, МРТ), заманбап биохимиялык лабораториялар, дары-дармектер менен камсыз кылуудагы оор абал. Учурда Кыргызстанда 10 миң калкка 21 дарыгер туура келет. Бул башка өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өтө төмөн: мисалы, Казакстанда 10 миң адамды 38 дарыгер тейлейт, Грузияда - 47, Беларуссияда - 40, ал эми Өзбекстанда - 25. Дарыгерлер менен камсыздоодо олуттуу регионалдык теңсиздик сакталат: мисалы Бишкекте калктын 10 миңине 30 дарыгер туура келсе, анда Талас облусунда ошол эле сандагы бейтаптарды болгону 12 дарыгер тейлейт. Медицина адистиктеринин жетишсиздик да көйгөйү бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк дарыгерлердин абалы өтө начар: учурда системада 1,5 миңге жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Ушул көйгөйлөрдүн бардыгы саламаттыкты сактоо тутумунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбей койгон жок: энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда эң жогорку орунда турат - республикада 100 миң тирүү төрөлгөнгө ымыркайга 76 эненин өлүмү туура келет. Өнүккөн өлкөлөрдө жашоо узактыгы 80 жаш болсо, салыштырмалуу Кыргыз Республикасында 71,3 жашты түзөт. Андыктан, биздин партия саламаттыкты сактоо реформасында төмөнкү багыттарды белгиледи, алар - тутумдун өзүн тамырынан өзгөртүп, негизги каармандары болгон (бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин) жашоосун жакшы жагына өзгөртүшү керек: Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү #РЕФОРМА 

  • “Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамын кабыл алуу;
  • Ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну илгерилетүү;
  • Саламаттык сактоо тутумунда административдик штатты кыскартуу жана медициналык мекемелердин функционалдык көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, башкы дарыгерлердин эмгек жааматы аркылуу шайлануусу жана аларга эки мөөнөттөн ашык кызмат ордун ээлөөгө тыюу салуу;
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу;
  • Медицина кызматкерлеринин профсоюздарынын ролун жана анын көзкарандысыздык кепилдиктерин күчөтүү;
  • Эпидемияларга даярдыкты күчөтүү (ылайыктуу иш-чаралардын планын иштеп чыгуу; маалыматтарды чогултуу ыкмалары, жугуштуу оорулардын алдын алуу; ар кандай мамлекеттик органдар менен макулдашуу механизмдери);
  • Кластердик медицинаны киргизүү жана өнүктүрүү;
  • Медицина кызматкерлеринин даярдык деңгээлин жогорулатуу жана илимди өнүктүрүү үчүн университеттик клиникаларды түзүү;
  • Медициналык жардам көрсөтүүдө стационарды алмаштыруучу технологияларды жана алардын түрлөрүн киргизүү;
  • Клиникалык протоколдорду иштеп чыгууда далилдүү медицинанын принциптерин так сактоону камсыз кылуу;
  • Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо.

 

  1. БИЛИМ БЕРҮҮ

Кыргызстан – биринчи кезекте бул адамдар. Дал ушул адамдар укмуштуудай ачылыштарды жасашат, бизнести өнүктүрүшөт жана жумуш орундарын түзүшөт, алар эл аралык мелдештерде желекти көтөрүп, чыгармачылыгы менен Кыргызстандын даңкын чыгарышат. Биздин балдарыбыздын жана жаштарыбыздын билим жактан өнүгүшүнө инвестиция салуу менен, биз келечекте күчтүү экономиканын жана мамлекеттин пайдубалын түптөп жатабыз. Жеке адамдын жана адамдык капиталдын өнүгүшү мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири.

Биздин билим берүү системабыз эскирген жана эмгек базарынын заманбап талаптарына жооп бербейт. Актуалдуулугун жоготуп жаткан кесиптер боюнча адистерди даярдайбыз. Кесиптик техникалык билим берүү тутуму өз замандан кыйла артта калды. Өлкөдө квалификациялуу адистердин кескин жетишсиздиги экономикалык өсүшкө тоскоол болгон себептердин бири. Мугалимдердин маянасынын аздыгы алардын кесибине болгон кызыгууну, адистик жактан өсүүнү таптакыр жок кылат. Билим берүү инфраструктурасы эскирип бүткөн, ал эми заманбап технологияларды колдонуп билим алуу таптакыр мүмкүн болбой баратат.

Адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү келечекте өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүп, өзгөрүлүп жаткан шарттарга ылайыкташуу мүмкүнчүлүгүн жана жөндөмүн аныктайт. Өнүккөн өлкөлөрдө адам капиталынын наркы негизги капиталга караганда 1,5 эсе жогору, ал эми ички дүң продуктусунун өсүшүнө салымы 60-80% түзөт. Эгер биз гүлдөгөн мамлекетте жашагыбыз келсе, анда терең жана чечкиндүү билим берүү реформасы керек. Демек, биздин партия билим берүү тутумун өзгөртүп, анын негизги катышуучуларынын (балдардын/жаштардын жана мугалимдердин) жашоосунун жакшырышы үчүн төмөнкү багыттарды белгиледи.

 

Сапаттуу билим алуу үчүн #РЕФОРМА

  • Ваучерди киргизүү жана анын маанисин акырындык менен жогорулатуу, жеке менчик жогорку, орто жана орто атайын окуу жайларын түзүүгө салыктык дем берүү аркылуу мектептерди каржылоонун принциптерин өзгөртүү;
  • Камкордук кеңештеринин тутумун киргизүү жана бардык билим берүү мекемелеринде каржылык жана адамдык ресурстарды өз алдынча башкаруу;
  • Материалдык дем берүүнү кесиптик деңгээлдин даражасы менен байланыштыруунун негизинде мугалимдердин кесиптик жана мансаптык өсүшүнүн натыйжалуу моделин ишке ашыруу;
  • Алкактык окуу программаларын иштеп чыгуу (милдеттүү сабактардын чектелген үлүшү менен) жана аларды иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен, ошондой эле эл аралык алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен үзгүлтүксүз жакшыртуу;
  • Илимдер академиясын жоюу жана ЖОЖдордо илимий борборлорду уюштуруу;
  • Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринин рейтингин ишке ашыруу;
  • Инклюзивдик жана аралык билим берүүнү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да карата өнүктүрүү.

 

  1. 7. ТАБИЯТ МЕНЕН ГАРМОНИЯДА ӨНҮГҮҮ

Өлкөнүн жаратылышы жана ресурстары негизги байлыгыбыз. Жаратылышты жок кылуу аркылуу өнүгүүнүн пайдасына караганда алда канча зыяны көп.

Бүгүн өлкөдө экоцид жүрүп жатат. Экологиялык жактан коопсуз өлкө деген даңкыбызды тездик менен жоготуп жатабыз. Аймагыбызда миллиондогон тонна тиричиликтик жана өнөр жайлык калдыктар топтолгон, жайыттар, топурактар ​​жана суу сактагычтар деградацияланган, мөңгү аянттары жылына 8-9 метрге чейин кыскарууда.

Борбор шаарыбыз дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарга айланды. Биз негизги байлыгыбыз – табият менен жандуу карым-катнашта жашоо ата-бабаларыбыздын осуяттарын, мураска калган кайталангыс табиятыбызды сактап калууга милдетүүбүз.

 

Жаратылышты сактап калуу үчүн #РЕФОРМА

 

  • Кирешеси айлана-чөйрөгө узак мөөнөттүү зыян келтирген экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуу;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды жана мамлекеттик институттарды бекемдөө;
  • Мөңгүлөргө зыян келтирүүчү иштерге тыюу салуу;
  • Өлкөнү жашылдандыруу аянтын эселеп көбөйтүү;
  • Сууну үнөмдөөчү инновациялык сугаруу технологияларын киргизүү.
  • Коомдук транспортту өнүктүрүү;
  • Инфраструктураны түзүү жана электромобилди жайылтууда жеңилдиктерди берүү;
  • Электр энергиясын өндүрүү жана жылытуу үчүн көмүрдү пайдалануудан баш тартуу жана коопсуз булактарга кайрылуу;
  • Кыргызстандын ар бир айылын суу менен камсыздап жана сууну тазалоочу жайларды ишке ашыруу;
  • Пластмассаны колдонуудан баш тартуу;
  • Айлана-чөйрөнү сыйлоо маданиятын киргизүү жана туруктуу өнүгүүнүн негиздерин киргизүү.

 

Биз реформалардын жолун тандап алдык. Бул татаал жана тикендүү жол. Биз өз жоопкерчиликтибизди туура түшүнөбүз жана өзүбүзгө алабыз. Биз ар-бириңиздерди ата-бабаларыбыздын калтырган мурасын сактоого жана күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстанды биздин урпактарга өткөрүп берүү жолуна түшүүгө чакырабыз!