ЛЕГАЛАЙЗ САЯСЫЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

ИДЕЯ

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясы -  бул техникалык кара куурай айдоочулукту жандандыруу саналуу жыл ичинде өлкөнү түзүлгөн саясый, экономикалык, экологиялык жана социалдык кризистен алып чыгаарына ишенген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирикмеси.

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясы байыркы кара куурай айдоочулуктун технологиялары жөнүндө архивдерде сакталган маалыматтар жана заманбап өндүрүү жана кайра иштетүү жабдуусу – бул эл керектеген товарлардын таптакыр жаңы рыногу болоорун билдирет. Аналогу жок биопластикти, кагазды, текстилди, дары-дармектерди жана майларды өндүрүүдөгү бош үлүш өлкөнүн негизги бюджетти түзүүчү тармагы болуп калышы мүмкүн.

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясы заманбап Кыргызстандын тарыхындагы эң масштабдуу долбоорду жүзөгө ашыруу он миңдеген жумуш орундарын түзүп, жүз миңдеген товарларды өндүрүп жана кызматтарды көрсөтүп, миллиондогон туристтерди жана миллиарддаган инвестициялык долбоорлорду тарта турганын ырастайт.

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясынын негизги максаты кара куурай индустриясы чөйрөсүндө дүйнөлүк тажрыйбаны интеграциялоо аркылуу өлкө экономикасын реабилитациялоо жана туризмди өнүктүрүүгө жаңы түрткү берүү болуп саналат. Жаңыланма эко ресурстарды альтернативалуу колдонуу өзүнө үч этапты камтыйт:

  1. ТЕХНИКАЛЫК ЛЕГАЛАЙЗ – техникалык кара куурайды айдоо жана кайра иштетүү, биопластик, кездеме, май ж.б. өндүрүү;
  2. МЕДИЦИНАЛЫК ЛЕГАЛАЙЗ – кара куурайды жана анын туундуларын медициналык максаттарда колдонуу;
  3. ТУРИСТТИК ЛЕГАЛАЙЗ – туристтик жагымдуулугу үчүн рекреациялык максаттарда кара куурайды легалдаштыруу.

«ЛЕГАЛАЙЗ» саясый партиясынын негизги милдети кара куурай индустриясы чөйрөсүндө декриминализациялоо, легалдаштыруу жана тастыктамалоо жаатында ченемдик-укуктук базаларды эл аралык стандарттарга жана БУУ резолюцияларына ылайык келтирүү болуп саналат.

 

ЛЕГИТИМДҮҮЛҮКТӨН ЛЕГАЛДУУЛУККА

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясы парламентке келүү менен, биринчи кезекте мамлекеттин баңги саясатын кайра кароо менен алектенет. Мыйзам түрүндө менен жөнгө салуу гана бүтүндөй өлкөгө экономикалык жана экологиялык пайда алып келет – жыл бою туризмде калктын өзүн өзү жумуштандыруусу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, экспортко багытталган жеңил өнөр жайды өнүктүрүү, экологияны сактоо, жаңы долбоорлорго түз инвестицияларды тартуу!

ЛЕГАЛАЙЗ саясый партиясы парламентке коррупция менен күрөшүү же салык салуунун жаңы түрлөрүн ойлоп табуу үчүн эмес, жоголгон технологияларды калыбына келтирүү жана Чүй өрөөнүнүн мурунку беделин кайра жандандыруу үчүн барат. ЛЕГАЛАЙЗ – бул легалдуулукту талап кылган элдин легитимдүү долбоору.

ЛЕГАЛАЙЗ – РЕАЛДУУ ИДЕЯЛАР ПАРТИЯСЫ!