Список городских кенешей > Балыкчинский городской кенеш > Политическая партия Справедливости и развития «Ыйман Нуру»

“Ыйман Нуру” Адилеттулук жана өнүгүү” саясий партиясынын программасы

 

  1. Калкты социалдык жактан коргоо программасы

Программадагы негизги жана маанилүү багыт - өсүп келе жаткан жаш муунгадарга, пенсионерлерге жана жакырларга кам көрүү. Жарандардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү шаардык социалдык тейлөө тутумун өркүндөтүүнү, социалдык кызмат чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну талап кылат.

Бул программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камтыйт: Жеткиликтүү жана тез медициналык жардам, пенсионерлерди социалдык жактан коргоо, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жакырларга социалдык колдоо.

Балыкчы шаарынын калкынын саламаттыгын өнүктүрүү программасы

Азыркы учурда, Балыкчы шаарындагы көптөгөн социалдык тейлөө мекемелери тутумдарды, тактап айтканда, медицина тармагын толугу менен жаңылоого жана модернизациялоого муктаж. Программанын максаты: Балыкчы медициналык жардамдын сапаттуу, тез жана каржылык деңгээлине карабастан, бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуш үчүн бардык шарттарды түзүү. Жарандардын ден-соолугун өнүктүрүү программасынын органикалык бөлүгү сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү жана дарыкана болуп саналат. Бул программа төмөнкү милдеттерди чечет: медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздоо, жаңы дарылоо технологияларын киргизүү, дарыгерлердин айрым фармацевтикалык компанияларды илгерилетүүсүнө тыюу салуу.

 

  1. Транспортту жана ыңгайлуу жолдорду өнүктүрүү программасы

Балыкчы шаарынын жолдорунун негизги жана курч көйгөйү - оңдоо иштериндеги коррупциялык схемалар, бул материалдардын жана иштин сапатынын үнөмдөлүшүнө алып келет. Биздин транспорттук жана жолду өнүктүрүү программасы шаарда коопсуздукту жана кыймылдын ыңгайлуулугун түзүүгө багытталган. Коррупциялык схемаларды жоюу, мыкты инфраструктураны түзүү, жолдорду сапаттуу оңдоо, жаңы линияларды куруу жана коомдук транспортто жарандардын ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечебиз.

 

  1. Балдарга жана жаштарга спортту жана билим берүүнү өнүктүрүү программасы

Тарыхка көз чаптырсак, биздин мамлекетте билим берүү ар дайым күчтүү болгон. Бирок, акыркы жыйырма жылдын ичинде билим берүү системасы көптөгөн суроолорду жаратып, башкысы билим берүү учурдун реалдуулугунан жана муктаждыктарынан артта калууда. Эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөрдү эске алып, "балдарды билимге үйрөтүү", "жаңы нерселерге ачык болуу", "сынчыл ой жүгүртүү", "өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөндөмүн"-үйрөтүү зарыл. Бул программа Бишкек шаарында билим алып жаткан балдардын билим деңгээлин көтөрүүнү биринчи кезектеги милдетке айлантып, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: Мектептерди өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралар, мугалимдердин жана тарбиячылардын эмгек акысын жогорулатуу каралып чыгат, мектептерде акыркы жана заманбап технологияларды киргизүү, бала бакчаларды куруу жана оңдоо. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болушу керек. "Ыйман Нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү  партиясынын программасында шаар тургундарынын дене тарбиясын жакшыртуу биринчи кезектеги милдет болуп саналат жана бул милдетти чечүү аркылуу жүзөгө ашырылат: Спорт инфраструктурасын түзүү, өспүрүмдөрдүн арасында спорту өнүктүрүү, спорттук мекемелерди ыңгайлуу шарттарда уюштуруу, массалык спорттук иш-чараларды, сергек жашоону жайылтуу.

 

  1. Маданият, эс алуу жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы

Учурда Балыкчы шаарында эс алуу жайлары жана жашыл бакчалар жетишсиз. Сейил бактарын мыйзамсыз басып алуу маселеси курч турат. Маданиятты, эс алууну жана туризмди өнүктүрүү программасы - бул борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүү планы, шаар тургундары үчүн эс алуу жайларын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу программасы. Аталган программаны ишке ашыруу үчүн партия төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт: Балыкчы шаарын брендингге коюу, шаардын тарыхый жана маданий жагымдуулугун түзүү, маданий мурастарды реконструкциялоо, шаардын чет жакаларын жана турак жай массивдерин өнүктүрүү, шаардын архитектуралык өнүгүүсү жана анын чет жакаларын жакшыртуу.

 

  1. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын сактоо программасы

Биздин өлкөдө майыптык - бул дээрлик сөзсүз түрдө жакырчылык жана көптөгөн кыйынчылыктар менен күнүмдүк айласыз күрөш. Бул программага төмөнкүлөр кирет: ДМЧАлардын жашоо сапатын жогорулатуу, Балыкчы шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бирдиктүү реестрин түзүү, бул социалдык саясатты оптималдуу жүргүзүүгө, даректүү социалдык жардам көрсөтүү

  1. Мамлекеттик-жеке кызматташтык программасы

Бул программанын лоббизминин негизги пункту шаардын экономикасын өнүктүрүүнүн жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болгон бизнес менен мамлекеттин өнөктөштүгү болот. Шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү артыкчылыгы болуп чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу борбор калаанын экономикасындагы системалык өзгөрүүлөр саналат. Программа кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүүгө жеке инвестицияларды тартууну стимулдаштырууга багытталган, ал мамлекеттик бюджеттик мекемелер тарабынан тийиштүү бюджеттердин эсебинен камсыз кылынышы керек.