Список городских кенешей > Таш-Кумырский городской кенеш > Политическая партия "Ата-Журт Кыргызстан"

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын программасы:

 

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы кыргызстан элинин жана өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга койгон партия. Өлкөнүн алдыга жылышына жана келечек муун, урпактарга мамлекетибизди алдыңкы өлкө кылып өткөрүп берүүгө болгон күчүн жумшайт жана жумшап келет.

 

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Таш-Көмүр шаардык кенешинин депутаттарынын шайлоосуна аттанып жаткан талапкерлери, биринчи кезекте шаарыбыздын өнүгүү жолун туура тандоодон өз ишин баштайт. Кайсы гана тармак болбосун, өнүгүүнүн эн негизги ачкычтарынын бири – бул күчтүү экономика. Ошондуктан шаарыбыздын экономикасын көтөрө алган өндүрүш ишканаларынын ачылышына жалпы шаар эли аракет кылышыбыз керек деп эсептейбиз. Биргеликте болсок, сөзсүз ийгиликтерге жетишебиз.
  2. Андан кийинки зарыл болгон маселелердин бири деп шаардын тазалыгы, инфраструктуралык өнүгүүсүнө чон көңүл бурууга алабыз. Шаардын тазалыгы, көркү биз үчүн алдыңкы маселелерден.
  3. Келечек муунга жакындан кам көрүү да, биздин приоритеттүү маселелердин бири. Бала-бакча, билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртууга шаар бийлиги менен биргеликте иш алып барабыз.