Омаралиева Диларам Амановна

Фамилиясы: Омаралиева

Аты: Диларам

Атасынын аты: Амановна

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Мен Омаралиева Диларам 1981-жылы 25-майда Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Тажик Маала айылында туулганмын.1987-жылы №82 А.Эшматов а.о мектебине 1-класска кабыл алынып 1998-жылы мектепти бүтүрдүм. Ошол жылы ОГПИге башталгыч класс факультетине окууга тапшырып, 2003-жылы аяктадым.

2004-жылы №74 Артыкбай Шеркулов а.о. мектебине башталгыч класс мугалими болуп ишке кабыл алындым.2015-жылы «Мыкты мугалим» кароо сынагынын райондук түрүнө катышып,БББ тарабынан Сертификат менен сыйландым.

2016-жылы «Ак Таш периси» кароо сынагына катышып,биринчи орунга ээ болуп, айыл өкмөт тарабынан сыйлыктар менен сыйландым. Мектеп администрация тарабынан да громаталар менен сыйланганмын.Азыркы учурда үч жылдан бери мектепте кесиптик бирлик уюмунун төрайымы болуп иштеп жатам.

Үй-бүлөлүүмүн: 3 уулум, бар. Жолдошум Омаралиев Сапар дыйкан чарбада иштейт.