Акимов Бекназар Таалайбекович

Талапкердин программасы:

1)    Айыл аймагыбыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу, тура пайдаланууга өз билимимди колдонуп, салымымды кошуу;

2)    Айыл аймагыбыздын жашоочулары менен тыгыз мамиледе болуп, алардын арыз муундарын, көптөн чечилбей келе жаткан социалдык, экономикалык көйгөйлөрүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, аны чечүүгө көпүрө бөлүү;

3)    Муниципиалдык менчиктеги мүлктөрдү (объект, жер и ж.б.) тура пайдаланууну контролдоо аркылуу жергиликтүү бюджетти көтөрүү;

4)    Айыл аймагыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл аймагыбызга инвестиция тартуу аркылуу элибизге жумуш орундарын түзүү;

5)    Келечек муун, жаш өспүрүмдөрдү аракечтиктен, жана ар кандай жаман иштерден оолак болуусу үчүн алар менен тыгыз иш алып барып, айыл аймагыбызда спорттук аянтчалардын абалын жакшыртып, сергек жашоого жол ачуу;

6)    Ата-энелер комитети, мугалимдер жааматы менен биргеликте иш алып барып, айылыбыздагы орто мектеп, бала бакчаларга жакшы шарттарды түзүп берүүгө көмөктөшүү.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)