Абдырайымов Адилет Арапбаевич

Фамилиясы: Абдырайымов

Аты: Адилет

Атасынын аты: Арапбаевич

Талапкердин кыскача өмур баяны: Абдырайымов Адилет Арапбаевич 1991-жылдын 19-декабрь күнү  Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында туулганмын. 1997-жылы Т.Алимбеков атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2008-жылы мектепти 11-кл ийгиликтүү аяктадым. 2008-ж Ош ТУга ИСФ факультетине окууга тапшырдым. 2014-жылы архитектор дизайнер адиси боюнча диплом менен окууну аяктадым. Окуу жайында өткөрүлгөн илим жана студент аттуу конкурстарда эки жолу биринчи орунду алдым. 2013-14жылы Аскердик кафедрасына тапшырып, командир отделение болдум. 2012-жылы ошол эле факультетке лабарант болуп ишке кирдим. 2014-жылы Адис Алай ЖЧК ишканасына архитектор болуп ишке кирдим. 2019-жылы Ош Сапат Глобал курулуш компаниясына долбоорчу болуп ишке кирдим. 2020-жылы Ош Рабат ЖЧК ишканасына архитектор болуп иштедим. 2022-жылы Арх Кызмат ЖЧКасында директор болуп иштеп келе жатамын. Жылкелди alйылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй бүлөдө уч бир тууганбыз. Yй бүлөлүүмүн учурда жубайым менен 1 уулду тарбиялап, бактылуу үй бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес, учүнчү жак катары сот отурумдарына катышканы жок.