Камилов Тариел Усманалиевич

Фамилиясы: Камилов

Аты: Тариел

Атасынын аты: Усманалиевич

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Камилов Тариел Усманалиевич 1980-жылдын 1-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында туулганмын. 1987-жылы №105 T.Алимбеков атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып. 1997-жылы аталган мектепти 11-классын ийгиликтүү аяктадым. 2005-жылы Ош ГЮИ окууга тапшырып 2012-жылы юриспруденция адистиги боюнча диплом алып окууну аяктадым. Азыркы учурда жеке ишкердик менен алектенемин Үй бүлөдө үч бир тууганбыз. Жылкелди айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн учурда жубайым менен 1 уул 2 кызды тарбиялап, бактылуу үй бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмесбиз, үчүнчү катары сот отурумдарына катышкан эмесбиз.