Калыков Нурсейит Марипжанович

Фамилиясы: Калыков

Аты: Нурсейит

Атасынын аты: Марипжанович

Талапкердин кыскача өмур баяны: Калыков Нурсейит 1992-жылдын 15-июль күнү Ош облусунун Кара Суу районуна караштуу Барак айылында туулганмын. 1998-жылы №1 «Барак» орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2009-жылы аталган мектептин 11 классын ийгиликтүү аяктадым. 2010-жылы Ош Мамлекеттик университетинин «Бизнес жана Менеджмент» факультетине окууга кирип, 2016-жылы окууну экономист боюнча жогорку диплому менен бүтүрдүм. Азыркы убакта Ош ОАО “Салым Финанс” компаниясында кредит адистик бөлүмүндө эксперт болуп эмтектенемин. Yй - бүлөдө алты бир тууганбыз. Барак айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн учурда жубайым менен, эки кыз, бир уулду тарбиялап келебиз. Учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылгап эмес, үчүнчү жак катары сот отурумдарына катышканым жок.