Орозбаева Анаркан Кыдырбаевна

Фамилиясы: Орозбаева

Аты: Анаркан

Атасынын аты: Кыдырбаевна

Талапкердин кыскача өмур баяны: Мен Орозбаева Анаркан Кыдырбаевна 1960-жылы, 14-декабрда Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында дыйкандын  уй-булөөсүндө туулганмын.1978-жылы А.Шеркулов а.о. орто билим алганмын. Ошол жылы  Бишкектеги КГМУнун журналистика бөлүмүнө тапшырып, аны 1983-жылы аяктадым Эмгек сапарымды Бишкектеги «Ленинчил жаш» гезитинде корректор болуп баштап, кийин облустук «Ош жанырыгы» гезитинде иштедим.1986-жылдан Кара-Суу райондук «Эмгек майданы гезитине корректор болуп орношуп, кийин корреспондент, бөлүм башчы, редактордун орун басары кызматтарын аткардым. Учурда райондук балдар чыгармачылык борборунда ийрим жетекчи болуп эмгектенем.Үй-бүлөөм бар. Жолдошум Тешебаев Абдыжапар менен 4 уул 1 кызды тарбияладык. 8 неберебиз бар.