Боронбаев Денис Купуевич

Фамилиясы: Боронбаев

Аты: Денис

Атасынын аты: Купуевич

Талапкердин кыскача өмүр баяны: 1987-жылдын 16-март күнү Ош облусунун Кара-Суу  районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулганмын. 1995-жылы №37 Г. Айтиев орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2005-жылы №28 У.Салиева лицей мектеп интернатын  11-классын ийгиликтүү аяктадым. 2005-жылы Ош Технологиялык Университетинин ФКиТ факулыетинин окууга кирип, 2011-жылы окууну байланыш инжинер адистиги  дипломуна ээ болдум. Азыркы убакта жеке ишкердик менен алектенем. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Атам: Боронбаев Купу - жеке ишкер, апам: Каратаева Каныкей - мугалим-учурда ардактуу эс алууда. Төлөйкөн айылынын жаштары менен биргеликте иш-чарага активдүү катышып келем.  Үй-бүлөлүүмүн, учурда жубайым менен 3 уул 1 кызды тарбиялып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз.

Мен  жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган  эмес, үчүнчү  жак катары сот отурумдарына катышканы жок.