Кадыркул уулу Нурсултан

Талапкердин программасы

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын   жашоочуларынын жашоо деңгээли башка айылдардай  эле орто деп саналат. Биздин мамлекетибиз  агрардык өлкө болгондуктан  элдин  көпчүлүк бөлүгү  айыл чарба  тармагында эмгектенишет. Ошону менен бирге дыйканчылыкты,  багбанчылыкты жакшы өздөштүрүшкөн. Төлөйкөн  айылында жүгөрү, буудай, арпа көп эгилет,андан сырткары азыркы күндө багбанчылык жакшы  өнгүгүп келе жатат.Ошол себептүү менин платформамда биринчилерден болуп  дыйкандарга жана багбандарга керек болгон сапаттуу үрөн (урук),  көчөт менен камсыз кылуу. Негизги байлык болгон сугат жерлерди суу менен камсыз кылууга жетишүү. Өндүрүлгөн  мөмө-жемишти  татыктуу баада сатууга көмөктөшүү.

Сугат суу менен камсыз кылган жогорку каналда оңдоо иштерин жургүзүп, сугат мезгилинде сууну ар бир дыйкан, багбанга жетээрлик деңгээлге жеткирүү негизги багыттардын бири болуп саналат. Учурда калкыбыздын миңдеген үлүш жана фонддун жерлери  суунун жоктугунан, иштетилбей  калууда.

Айылыбыздагы миграциянын деңгээли башка райондорго салыштырмалуу жогору деп эсептелет. Азыркы мезгилде Төлөйкөн айылынын  35%-40% миграцияда жүрүшөт. Анын ичинен болжол менен он пайызы 16-50 жаштагылары ички миграцияда жүргөндөр.

Миграциянын жогорулоосунун себептери:

-Жумуш орду менен камсыздоочу ишканалардын аздыгы же болбосо жоктугу;

-Турмуш-тиричиликке жетиштүү эмгек акынын аздыгы;

-Дыйканчылыкка суунун башында туруп,  жетиштүү деңгээлде жоктугу.

Төлөйкөн айылынын негизги көйгөйлөрүнүн  бири аймактык реформа жүргүзүп, айылыбыздын аймагын чоңойтуп, инфраструктура жасоо, канализация, таза суу менен камсыздоо, жердин тардыгына байланыштуу көп кабаттуу, заманбап турак-жайларды куруу зарыл. Төлөйкөн айылынын негизги жолу, стратегиялык  деңгээлдеги мааниге ээ болгондугуна карабастан, бүгүнкү күндө ошол талапка жооп бербей жана капиталдык ондоп-тузөөгө муктаж. Ири ишканаларды ачуу үчүн Төлөйкөн айыл өкмөтүндө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.Анткени айыл  мамлекеттеги саясий-экономикалык маанилүү борборлордун бири болгон Ош шаарына жакын жайгашкан объект болуп саналат. Инвесторлорду тартуу менен айыл-өкмөттө кичи жана чоң ишканаларды ачып, жашоочуларды туруктуу жумуш орду менен камсыздаса болот.

Айылдын колдоого жана коргоого ала турган  мүмкүнчүлүгү  чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колумдан келишинче  инвестор тартып үй жана жумуш менен камсыз кылууга болгон далалатымды жумшайм! Бул багытта тажрыйбам бар.

Негизги приоритеттүү багыт ички туризмди өнүктүрүү деп эсептейм. Себеби биздин жер табияты таза, абасы салкын , суусу тунук, эс алууга ыңгайлуу жер. Учурда айылда ондогон эс алуучу жайлар ишмердүүлүгүн жүргүзүп, миңдеген эс алуучулар эс алып кетип жаткан чагы, демек бул да болсо ишкерлерге айыл өкмөтүбүзгө киреше алып келүүчү булак.

Айыл чарба тармагында бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иш чараларын жүргүзүү, сырткы инвестицияны тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү багытында иш аракеттерди көрүү.

Региондо чакан жана орто бизнестин субъектерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоолорду көрсөтүү боюнча чараларды уюштуруу.

Ичүүчү суу менен камсыз боло элек калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү иш чараларды иштеп чыгып, ишке ашыруу чараларын көрүү (чет элдик донорлордун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен). Тамчылатып суугаруу боюнча иш аракеттерди колго алуу.

Айылдагы жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүдө төмөндөгү булактарды атап кетсек болот:

-Республикалык бюджет        

-Жергиликтүү бюджет

-Чет элдик инвесторлор, донорлор

-Ички инвесторлор

-Эл аралык долбоорлор

-Жергиликтүү жамаат жана жеке ишкерлер

Жергиликтүү кеңештин  негизги милдети - тийиштүү мыйзам менен белгиленген укуктар аркылуу бекитилген аймактын экономикалык, социалдык абалын жакшыртуу, элге жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик саясатты жергиликтүү тургундар арасында жайылтуу болуп эсептелет. Буга улай тийиштүү аймакта коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, аны менен күрөшүү, жол коопсуздугун камсыздоо, массалык тартипсиздиктерге жол бербөө, диний экстремисттик көрүнүштөргө  жана коррупцияга каршы күрөшүү, калктын аярлуу катмарын, анын ичинде оор турмуштук жагдайда  калган балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо багытында иштерди жүргүзүү, тоголок жетим балдарды колдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу негизги милдетим деп эсептейм.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)