Курбаналиева Базаргүл Эрмекбаевна

Талапкердин программасы:

1

Ар бир сессияга үзгүлтүксүз катышуу менен, элдин сын пикирин, сунушун жана жергиликтүү кеңешин компентентциясына туура келген, калктын көйгөйлүү маселелерин убагында чечип, ишке аша турган сунуштарды демилгелөө. Токтомдордун аткарылышын дыкат көзөмөлдөө.

2

Эл тарабынан шайланып барган соң “Эл өкүлү ” катара ар-кандай шайлоолордо элдин добушун сатпоо.

3

Эл аралык уюмдар менен тыгыз иштеп, долбоорлорду жазып, гранттарды тартып келүү.

4

Спортко өзгөчө көңүл буруп Көк-Бөрү, Волейбол, Футбол жана Кыргыз кур күрөшү, Сыяктууспорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө салым кошуп, жаштарды сергек жашоого үндөө. Эң негизги максат, аркетчил, айылдын намысын коргогон мыкты спортчуларды колдоп, аларды жогорку аренагачейин жетүүсүнө шарт түзүү, аракетчил спортчуларды, “Спорт чеберлерин”,”Машыктыруучуларды” жана “Чемпиондорду” чыгаруу. Спорттук залдарды куруу иштерине аракеттунүү.

5

Интернеттин ылдамдыгын жана мобилдк байланшытарды күчөтүү багытын механизимдерин иштеп чыгуу. АТРлердин  санын көбөйтүү жолдорун карап чыгуу.

6

Гуманитардык жардамдарды тартып келүү, социалдык жактан жетишпеген аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө элдик комиссиянын негизинде калыс бөлүштүрүү жана тыкыр көзөмөлгө алуу.

7

Жаштарды кесипке үйрөтүү жана тил курстарын ачуу. Эски, бөлүнүп жарылуу сыяктуу, коомчулуктун ар-тараптуу ажырымга алып келген адаттарын терс экенин келечек ээлерине туура жеткирүү.

8

Коомчулукту адеп-ахлака үндөп, туура жолду көрсөтүп, терс жолдон адаштырып туруучу Мечиттердин айрым төлөмдөрүнө көмөк көрсөтүү.

9

Айыл аймак ичиндеги ар-кандай жакшы саамалыктарды, жаштардын ийгиликтерин, деги эле айыл тургундарын жетишкендиктерин телевидениеге чыгарып стимул берүү жана маданиятты өркүндөтүү.

10

Коомдук жайларга таштанды урналарын орнотуу жана Ата Бабалардын гакыл кептерин көрүнүктүү жерлерге илип, (көрнөк-жарнактардын негизинде, мисаалы макал-макаптар менен,) калкыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

11

Сессияда айылдын орчундуу меселелери каралган учурда, жергиликтүү калктын катышууусу жана тасмага тартылуусун ишке ашыруу.

12

Ар кандай эски, ыксыз, динибизге туура келбеген салтардагы чыгымдарга элдик комиссия түзүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана акырындык менен жолго салуу.

13

Аптанын бир күнүн, жалпы айыл тургундарынын катышуусу менен туруктуу ишембилик өткөрүп турууну адатка айлантуу.

14

Айыл тургундарынын ортосуна айрым учурларда ажырым келтирген уруу-уруу болуп фонд ачып, жеке бөлүнүүлөргө тыйуу салуу жана баардык айылдардын аксакалдарынан ушул маселени көзөмөлдөө, коомдук комиссияны түзүү.

15

Айыл аймак башчысынын аткарган иштерин тыкыр көзөмөлдөө менен бирге, калк арасындагы көйгөйлөрдү жеринен билүү жана айыл аймак башчысына жеткирип, туруктуу комиссиялардын негизинде көзөмөлдөп туруу. Ата-энелер чогулушу, элдик жыйындарга, Инвесторлордун жана Төлөйкөн айыл аймагына тийешелүү жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жыйындарына калтырбай катышып, элдин көйгөйлөрүн жеткирүү.

16

Төлөйкөн айыл аймагынын фонтундагы жерлердин, кандай шартта болбосун жана эчкимге пайдасы тийбеген жер болсо да, жеке менчикке берип жибербөө үчүн токтомдорду бышыктоо.

17

Жөлөк пулдардын тизмелерин тыкыр көзөмөлгө алуу жана мактаждыгына карап калыс берилүүсүн көзөмөлдөө.

18

Төлөйкөн айыл аймагынын эң эле көйгөйлөрүнүн бири десек болот. Айылдын көчөлөрүнүн Генпландын негизинде асфалт, суу өтүүчү латок, жөө жүргүнчүлөргө жана веложолдорду куруп заманбап шарттарды түзүп инфраструктурасын көтөрүү