Каратаев Кыялбек Амирбекович

Фамилиясы: Каратаев

Аты: Кыялбек

Атасынын аты: Амирбекович

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Каратаев  Кыялбек Амирбекович  1990-жылдын 14-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учар айылында туулганмын.1997-жылы  №28 «Учар» ортомектебине 1-класска кабыл алынып, 2008-жылы аталган мектепти 11–классын ийгиликтүү аяктадым. 2011-жылы Ош Мамлекеттик университетинин «Бизнес жана Менеджмент» факультетине окууга кирип, 2017-жылы  окууну салык боюнча адис бөлүмүнүн  диплому менен бүтүрдүм. Азыркы убакта жеке ишкердик менен алектенем. Үй – бүлөдө үч  бир тууганбыз. Атам: Каратаев Амирбек ардактуу эс алууда, Апам: Абдувапова Айчүрөк, учурда «Учар» орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Учар айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн учурда жубайым менен 2 кызды тарбиялап, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен  жана менин бир туугандарым  сот  жоопкерчилигине тартылган эмес,  үчүнчү  жак  катары  сот  отурумдарына катышканы жок.